Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстан санкция сунуштаган Европарламенттин резолюциясы боюнча жооп кайтарды

© Sputnik / Болат Шайхинов / Медиабанкка өтүүКазакстандын Тышкы иштер министрлиги. Архив
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Жазылуу
Буга чейин Европарламенттин депутаттары адам укуктары бузулгандыгына байланыштуу ЕБ режиминин алкагында казакстандык аткаминерлерге каршы санкция киргизүүнү сунуштаган.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Европа парламентинин Казакстандагы окуялар боюнча резолюциясы жаңылыш калыптанган пикирдин негизинде кабыл алынып, объективдүү эмес маалыматтарга негизделген. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.
"Казакстандагы каргашалуу январь окуяларына объективдүү баа берилбей калганы тынчсыздандырат. Өлкө жетекчилиги демилгелеген расмий иликтөөлөрдүн жыйынтыгы чыкканга чейин эле мындай документтерди кабыл алуу туура эмес. Дагы бир ирет тастыктап кетели, иликтөөнүн жыйынтыгы эл аралык коомчулукка берилет", — деди ТИМ.
Министрлик белгилегендей, резолюциянын долбоорун иштеп чыгууда Европарламенттин депутаттары менен саясий топтор Казакстандын расмий бийлигинен тактоочу маалыматтарды сураган эмес. Мамлекеттик органдар менен диалог жүргүзгөн Казакстандагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жана жарандык коомчулук институттары дагы документтин авторлору аларга кайрылбаганын билдирген. Мындан тышкары, Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин чет элдик ЖМКларга чыккан маалыматтардын так эместигин айткан позициясына көңүл бурулбаганы белгиленди.
"Казакстан БУУнун адам укуктары боюнча кеңеши менен беделдүү эл аралык уюмдардын мүчөсү катары мыйзамдык үстөмдүк жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жолун жактайт", — деди ТИМ.
Оор абалда. Алматыда сабалып Кыргызстанга кайтарылган Сыдыковдун видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Оор абалда. Алматыда сабалып Кыргызстанга кайтарылган Сыдыковдун видеосу
Казакстан глобалдык жана аймактык коопсуздукту камсыздоо процессине, эл аралык террорчулук менен күрөшүүгө чоң салым кошуп келери белгиленген. Республика Европа биримдигинин бардык институттары менен сый-урмат принцибинде конструктивдүү кызматташууга даяр экени айтылды.
"Европа парламентинин аталган резолюцияны шашылыш кабыл алуусу Казакстан президентинин демократиялык институттар менен жарандык коомчулукту өнүктүрүүгө багытталган саясий реформаларды жүргүзүүгө болгон аракетине залакасын тийгизет", — деп айтылат кайрылууда.
Буга чейин Европарламенттин депутаттары Казакстандагы каршылык акциясы менен башаламандык боюнча резолюция кабыл алган. Документ декларативдүү маанайда болгондуктан аны сөзсүз аткаруу зарыл эмес. Бирок ошентсе да ЕБ институттары менен Европа мамлекеттери муну эске алат. Документте эл аралык иликтөө жүргүзүү жана адам укуктары бузулгандыгына байланыштуу ЕБ режиминин алкагында казакстандык аткаминерлерге каршы санкцияларды киргизүү сунушталган.
Казакстандын желеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстан: банктар ызы-чууда каза тапкан жарандардын кредитин кечмей болду
Жаңылыктар түрмөгү
0