Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Европа парламенти казак аткаминерлерине каршы санкция киргизүүнү сунуштады

© Sputnik / Расул Назыров / Медиабанкка өтүүАлма-Атадагы акимчиликтин өрттөнгөн имараты
Алма-Атадагы акимчиликтин өрттөнгөн имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Жазылуу
Депутаттар ЕБ менен дүйнөлүк коомчулукка кайрылуу жасап, Казакстандын элинин укугу бузулушу боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүнү өтүнүп жатат.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Европа парламентинин депутаттары Казакстандагы башаламандык учурунда адам укуктарынын бузулушу боюнча жергиликтүү аткаминерлерге карата санкция кабыл алууну сунуштап жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Долбоор бейшемби күнү Страсбург шаарында өтө турган пленардык сессияда каралмакчы. Европа парламентинин резолюциясы сунуш катары гана берилет. Анткен менен бардык европалык мамлекеттер кайсы бир чечим кабыл алууда документти эске алат.
"Парламент Европа биримдигине Казакстандагы башаламандык учурунда адам укугуна байланыштуу чоң каталар кетирилгенине байланыштуу ага жоопкер аткаминерлерге карата жеке санкцияларды кабыл алууну сунуштап жатат", — деп жазылат документте.
Ошондой эле депутаттар ЕБ менен дүйнөлүк коомчулукка кайрылуу жасап, Казакстандын элинин укугу бузулушу боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүнү өтүнүп жатат.
Алматыдагы сынган терезеде Казакстандын желеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Назарбаев казак элитасы тирешип жатат деген кептерге жооп кайтарды
Мындан тышкары, европарламенттин өкүлдөрү Казакстандын бийлигин "митингге катышкан укук коргоочулардын, активисттердин артынан саясий куугунтук кылууну токтотууга жана негизсиз кармалып, абакта отургандарды бошотууга" үндөөдө.
Жыл жаңырары менен Казакстандын батышында газдын кымбатташына байланыштуу митинг өтүп, ал кийинки күндөрү башка жактарда уланып массалык башаламандыкка айланып кеткен. Президент Касым-Жомарт Токаев мындай кадамга баргандарды "сырттан даярданып келип өлкөгө кол салган террордук топ" деп атап, ЖККУга жардам сурап кайрылган. Келишимдин алкагында Кыргызстандан 150 аскер барып келди.
Казакстандын бийлиги башаламандыкта өлкө боюнча жалпы жонунан 225 киши каза болгонун жарыялады. Ошондой эле башаламандыкка байланыштуу 695 кылмыш иши козголгону айтылды.
Үйлөнүү. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Кайнатасынын жан сакчысы, элчи, банкир... Борбор Азия ажолорунун күйөө балдары
Жаңылыктар түрмөгү
0