Коронавирус төрт адамдын өмүрүн алып, 870 кишиден чыкты. Акыркы маалымат

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Жазылуу
Оорудан каза тапкандардын бардыгы Бишкекте катталды, алар вируска каршы вакцина алган эмес.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 20-январга карата СOVID-19 инфекциясын 870 адам жуктурду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ооругандар:
Бишкек — 600;
Ош шаары — 10;
Чүй — 161;
Ош — 16;
Талас — 18;
Нарын — 2;
Ысык-Көл — 13;
Жалал-Абад — 23;
Баткен — 27.
Пандемиядан бери коронавирус 193 028 адамдан тастыкталды.
Тилекке каршы, коронавирус өткөн суткада төрт адамдын өмүрүн алды. Алардын бардыгы Бишкекте катталды жана ооруга каршы вакцина алган эмес. Жалпысынан оорудан 2 842 киши каза тапты.
Акыркы суткада илдеттен 266 адам сакайып, үйлөрүнө чыгарылган. Жалпы айыккандардын саны 181 692ни түздү.
Учурда республикадагы ооруканаларда 1 040 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен алтоонун абалы канааттандырарлык, 655и орточо, 330у оор жана 49у өтө оор абалда жатат. Ал эми амбулатордук түрдө 5 961 бейтап жардам алууда.
Аэропорттогу жүргүнчүндүн дене табын текшерип жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Байсалов: чет өлкөдөн келгендерден ПЦР-тест көрсөтүү талабын жокко чыгарабыз
Жаңылыктар түрмөгү
0