Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мусаев: Бишкектин сырткы көрүнүшүн бузган объектилер алып салынат

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Уран Мусаев
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Уран Мусаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Жазылуу
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Уран Мусаев шаардын сырткы көрүнүшүнө терс таасирин тийгизген курулуштар, объектилерди алуу жаатында иштер тууралуу айтып берди.
Базарларды иретке келтирүү үчүн аптасына эки жолу рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Уран Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Мусаев: Бишкектин сырткы көрүнүшүн бузган объектилер алып салынат
Анын айтымында, ошондой эле маал-маалы менен уруксатсыз уюштурулган калаадагы соода, оюн-зоок түйүндөрү дагы алынып турат.

"Бишкектин ар кайсы аймагында батут, велосипед турган жерлер чыгып алат. Булар борбор калаанын сырткы көрүнүшүн бузууда. Ошондуктан райондук администрациялар менен биргеликте айрым объектилерди алып салуу жаатында иш-аракеттер байма-бай жүрүп турат. Базарларда орундар бар экенине карабастан айрымдар ижара акысынан качып сыртта соода кылышууда. Бул жагдай, биринчиден, жарандарга тоскоолдуктарды жаратса, экинчи жагынан коопсуздукту камсыздоодо көйгөйлөрдү шарттоодо. Анткени соодагерлер араба менен унаа жолго чейин чыгып алышууда. Ошондуктан мэрдин тапшырмасы менен аптасына эки жолу базарларда рейд жүргүзүлөт келет. Алгач түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан кийин тийиштүү эскертүүлөр берилет. Эгерде дагы да кайталана берсе айып салынышы ыктымал", — деди Мусаев.

Ошондой эле ал шаар ичиндеги мыйзамсыз курулуштарды дагы алып салуу каралганын эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0