Ялта келишимин тануу, өктөм сөз... Геосаясий аренага учкай сереп

© Sputnik / Владимир ТрефиловРоссиянын жана АКШнын желектери. Архив
Россиянын жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Жазылуу
Женевада башталган россиялык-америкалык сүйлөшүүлөрдү утурлай "биз көппүз – силер (РФ) жалгыз" дегенди кыйыткандай Вашингтон "НАТОдогу союздаштары менен консультацияларды өткөрдү".
Москванын дарегине даярдалган күтүүсүз "белектердин" арасында айрыкча Ялта конференциясы жана анын жыйынтыктарына карата инвектива өзгөчө айырмаланат.
Дал ушул тарыхый иш-чарада СССРдин курамындагы Украина республика катары БУУдан орун алышы аныкталган. Сталин Черчиллге да, Рузвельтке да аталган республиканын Экинчи дүйнөлүк согуштагы ролун, атап айтканда гитлеризмден куткарууга кошкон салымы ат көтөргүс экенин түшүндүрүп, ушундай чечимдин кабыл алынышын өтүнгөнү белгилүү. Елена Караеванын тарыхка бир кылчаюу менен азыркы кадамдарды талдаган макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Бүгүнкү күндө Ялта конференциясынын жыйынтыктарын тануунун таасири дипломатияга гана тургай, экономика менен саясатка да чагылууда. НАТОнун штаб-квартирасындагы аткаминерлерге жакса да, жакпаса да дүйнө ондогон жылдар бою кепилденген түрдө салыштырмалуу коопсуз жашап келди. Улам жаралган каатчылыктар чечилип жатты. Эки тутум жана эки бөлөк дүйнө таанымдын идеологиялык тиреши өз нугунда жүрсө да, ачык аскерий жаңжалга өтпөдү.
Анан эле жогорку трибунадан "Ялтанын" жок болушу жар салынып, мындан ары Крымда кол коюлган документтерде "жаңыча ой жүгүртүү" колдонулары айтылганда баары өзгөрдү. Мындай саясий парадигмага ылайык, атаандаштар эми болбойт, Россия өзүн душман катары санагандарды да кучагына алууга даяр болууга тийиш имиш. Эгер РФ тышкы саясатынан, бекем мамлекеттик суверенитетинен, "эл аралык саясий аренадагы" өз саясий кызыкчылыктарынан баш тарта турган болсо, анын мурдагы касташкандары да ушундай кадамга барат экен.
Алмата шаарындагы ЖККУнун аскердик техникасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Чоочундарга орун жок: АКШ СССР кайра жанданат деп сарсанаа
Москва буга кескин пикирин билдирери менен алар дароо аны кыскартууга киришти. Орус десантчылары Приштина аэропортуна карай жүрүш жасагандан бир нече ай өтпөй, Россияны ооздуктоо жөнүндөгү саясий чечим юридикалык өңүт алып, Түндүк атлантикалык альянс макулдашып НАТОго талапкерлик баскычына өткөн. Мүчө боло элек кезде эле талапкер макамы аскерий-саясий альянска кирүүгө жол ачкандай.
НАТО улуттук коргонуу программаларын түзүп, каржылап, алардын алкагында армияны окутуп, аскердик техника менен жабдып келет. Бул программалар тигил же бул өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн катарында аскерий инструкторлор жана байкоочулардын болушуна да жол ачат.
Ал түгүл андай программалар альянс тарабынан чалгындалган, алынган маалыматтарды пайдаланууга, мүчө мамлекеттердин кайсынысы болбосун, аскерий каалоосун НАТОнун бюджетинин эсебинен канааттандырууга жол берет. Качан гана талапкерликке жол ачылганда агрессиянын эпкини сезилет. Цхинвалдын тургундары андайды алгачкылардан болуп сезди. Грузия НАТОго кирүүгө 2008-жылдын апрелинде талапкер болуп, туура төрт айдан соң "аскердик булчуңун" көрсөткүсү келгендей Түштүк Осетиядагы россиялык тынчтык орнотуучуларга кол салган.
Ялта келишимдерин бузуу менен Батыш жаңылыш чечимдерге кептелерин күтпөгөн чыгар. Россия эч качан өзү менен өктөм тондо сүйлөшүүгө жол бербеси белгилүү эмеспи. Алар тараптан келген бардык опузаларга токтоолук менен толук жана так жоопторду кайтарды. Украина менен чек арасына күч топтогону туурасындагы батыш медиасындагы дүрбөлөң да нагыз бурмаланган маалымат экени айдан ачык болуп калбадыбы.
Түндүк атлантикалык альянска мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен өткөн бир нече саат ичинде америкалык дипломатиянын башчысы Блинкен "орус геосаясий экспансия тууралуу" айтып берди. Чындыгында мындай риторикадан, тегин жерден каралоодон майнап чыкпасы айкын, анткени акылгөй европалыктар Россия тууралуу жылуу пикирде. Ал эми өз тарыхын эстен чыгарган, бүгүнкү күндө Түндүк атлантикалык альянска мүчө өлкөлөр аларды америкалыктар да, европалыктар да эмес, дал Россия XXI кылымда жаңы ой жүгүртүүлөргө ылайык чыныгы жаңы коркунучтардан сактап, кыйын күндө кол сунганын да унуткарды.
РФтин Тышкы иштер министрлигинин башчысынын орун басары Сергей Рябков жана АКШнын мамлекеттик катчынын орун басары Уэнди Шерман - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
РФ менен АКШнын коопсуздук кепилдиги боюнча алгачкы сүйлөшүүсү. Жыйынтык
Жаңылыктар түрмөгү
0