Эски-жаңы эриш-аркакта. Россиянын Аскер-деңиз флотундагы саамалыктар

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүү"Антей" суу түбүндөгү атомдук кайыгы. Архив
Антей суу түбүндөгү атомдук кайыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Жазылуу
РФтин Тынч океан флоту кыйла олуттуу, тагыраагы, заманга бапташтырылган "Антей" суу түбүндөгү атомдук кайыктары менен толукталмакчы. Алар бортунда дүйнөдөгү эч бир аскер-деңиз флоту ташый албаган санда канаттуу ракеталарды ташый алат.
Мүнөздөмөлөрү жана аскерий мүмкүнчүлүктөрү боюнча булар соңку, төртүнчү муундагы атомдук кайыктарга жанаша алат. Аталган үлкөн өлкөнүн кеме куруу тармагынын маалыматтарына таянуу менен Андрей Коц жогоруда айтылган аппараттарды талдап чыккан. Анын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Суу түбүндө жүрүүчү атомдук крейсерлердин 949А долбооруна таандык сегиз бирдиги ушул тапта РФтин Түндүк жана Тынч океан флотунун кызматында. Кайыктар Дүйнөлүк океан боюнча узакка кайгуулга чыгып, ар кыл аскерий окууларга байма-бай катышып келишет.
Ту-22М3 бомбалоочулары менен катар "Антейлер" да россиялык флоттун абадан урулган соккуларга каршы туруудагы көзүрлөрүнөн. Алардын тек кемчилиги – курагы. Эң "кенже" – К-150 "Томск" кайыгынын чыкканына быйыл 26 жыл толду. Калгандарынын ишке берилгенине 30 жылдан ашты, бул аскер-деңиз техникасы үчүн эскилик кылат. Кийинки муундагы атомдук крейсерлер курулуп жатса да Россиянын Коргоо министрлиги аларды жарактан чыгарууга ашыкпайт.
Заманга ылайык жаңылоо программасы мындан туура 11 жыл илгери, 2010-жылы иштелип чыккан. 949АМ долбоорунда алгачкылардан болуп 1988-жылдан бери кызмат өтөп келе жаткан К-132 "Иркутск" жаңыртылат. Ал 13 жылдан бери ремонтто, бирок бир катар себептерден улам чындап заманга бапташтыруу иши 2019-жылы гана старт алган. Крейсердин Тынч океан флотуна быйыл кайта турганы айтылат.
Эң биринчи кезекте "Иркутск" кайыгынын курал-жарагы жаңыртылат. Үндөн ыкчам, бирок оор П-700 "Гранит" кемеге каршы коргонуу ракеталарынын ордуна кыйла жеңил жана кубаттуу "Оникс" менен "Калибрлер" орнотулат. Саны да 72 бирдикке чейин көбөйтүлөт. Россиянын Аскер-деңиз флотунун башка эч бир вымпелинде мындай арсенал жок. Ошол эле учурда "Антейдин" корпусун кайра жасоонун деле кажети болбоптур, ракета кое берүүчү контейнерлери гана модификацияланган.
Ту-160 учагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Канат күүлөшү эле айрымдардын түн уйкусун качырат. Ту-160М2ге мүнөздөмө

Атомдук кайыктардын жаңы өмүрү

Канаттуу ракеталуу суу түбүндө жүрүүчү атомдук кайыктардын толук эмес залпы эле авиаташуучу топту – абага каршы коргонуучу кеме тутумун таамай жок кылууга жетет. Бир убакта ыкчам ылдамдыктагы ондогон куралды жок кылуучу мындай куралдын дүйнөдө теңдеши жок. "Антейлердин" аскерий кубаттуулугу азыркыдан дагы арттырылып, катарга жакын арада жапырт түрдө гиперүндүү "Циркондор" да кошулат. Батыштагылар да суу түбүндөгү россиялык канаттуу ракеталарды жок кыла алчу аппараттары жок экенин моюнга алат.
"Омнибус-М" аскердик маалымат-башкаруучу тутуму бир топ процессти жөнөкөйлөтүп, автоматташтырууга жол берет. Мындан тышкары, бүтүндөй электрондук бөлүгү жаңыланып, кайыкка заманбап байланыш тутуму жана гидроакустикалык комплекс орнотулат.
"Жаңылоолор пайдалануу мөөнөтүн кеминде эле он жылга узартып, Тынч океан флотунун согуштук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт", — деген РФ коргоо министри Сергей Шойгу.
"Иркутск" кайыгынан кийин кеме оңдоочу жайга К-442 "Челябинск" киргизилет. Аны оңдоп-түзөө, жаңыртуу иштери 2025-жылга чейин созулат.

Атомдук аңчы

1980 – 90-жылдары суу түбүндөгү 949А кайыктары топ жарган. Абадан урулган соккуларга туруштук бере алган атомдук крейсерлердин өнүгүшүнүн жаңы баскычы болгон. Өзүнөн мурдагы 659 жана 675 долбоорлоруна салыштырмалуу бул атомдук кайыктардын дабышы билинер-билинбес, ылдамдыгы кыйла ыкчам, курал-жарагы үч эсеге көп жана куралдануусу абдан жакшыртылган.
Алардын негизги "аргументи" — кемеге каршы 24 даана "Гранит" үндөн ыкчам ракетасы. Булар 25 метрден 17 чакырымга чейинки бийиктиктеги бутасына багыт алып, эки жарым Махка чейин күүлөнө алышат. 750 килограммдык бир эле курал суу бетиндеги биринчи рангадагы кемени иштен чыгарып кое алат деп сыпатталат.
"Граниттер" бекем корпустун тышында – 40 градуска жантайган каптал контейнерлеринде жайгаштырылат. Булардан сырткары, ар бир кемеге 28 торпедалуу 650 миллиметрлик эки жана 533 миллиметрлик торпедалык аппарат коюлган. Энергетикалык негизги орнотмосу – блоктук, эки өзөктүк реактор жана 98 аттын күчүнө тете кубаттуулуктагы эки буу турбинасы бар. Кошумча функциялары үчүн 8 700 аттын күчүндөй кубаттуулуктагы эки дизель-генератору бар. Сүзүү аралыгы чектелген эмес, сууда 120га жакын сутка кармала алат. Экипажы да салыштырмалуу анчалык көп эмес, 107 суу түбүндө сүзүүчүлөрдөн турат.
Эпоха модулу бар БМП. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Доордун дулдулдарынын бири. "Эпоха" модулундагы россиялык техникага мүнөздөмө

Сокку уруучу тандем

Ошентсе да флоттун командачылыгы мурдагыларды жаңылоого гана басым жасабайт. Төртүнчү муундагы көп буталуу 885М "Ясень-М" атомдук кайыктарын сатып алууну көздөйт. Азыркы учурда РФ Аскер-деңиз флотунда андай үч крейсер — К-561 "Казань" жана К-573 "Новосибирск", ошондой эле тескөөчү — К-560 "Северодвинск" кемеси бар. Корпустарынын жээги оптималдаштырылып, радиоэлектрондук куралданышынын элементтик базасы жаңыртылып, эң акыркы үлгүдөгү жабдуу жана материалдар менен жабдылган. Бардык тетик-жабдуулары Россияда өндүрүлөрүн да белгилей кетели. Ал эми мурда постсоветтик өлкөлөрдөн сатып алынчу.
533 миллиметрлик торпедалык аппараттардан тышкары "Ясендердин" ар биринде бештен "Калибр" коюлган универсалдуу вертикалдык орнотмодон сегиз даана бар. Алар милдеттерине жараша ар кыл, атап айтканда, кемеге, кайыктарга каршы же жер бетиндеги буталарына сокку уруучу модификацияларда. Кайык суу бетиндеги ири буталарына ок атуу үчүн баарынан алда канча кубаттуу П-800 "Ониксти" да, келечеги көптү үмүттөндүргөн "Циркондорду" да ташууга жөндөмдүү. Россиянын Аскер-деңиз флотунда жаңы жана мурдагы муундагы крейсерлерди эриш-аркак пайдалануу пландалат. "Антейлер" сүзүүчү арсенал болсо, көзгө анча чалдыкпаган "Ясендер" чалгындап, буталарды белгилеп берет.
Каспий флотилиясынын кемеси портто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Каспий флотилиясынын кемелери порт которду. Жаңы деңиз базасынын артыкчылыгы
Россиянын атомдук субмиранасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Океандагы ниндзя, тоготпос "Борей", жылуу сөз. Тынчтыкты сактоо далалаты
Жаңылыктар түрмөгү
0