БУУ дүйнөнү кийинки пандемияга даярдык көрүүгө чакырды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБУУнун желеги. Архивдик сүрөт
БУУнун желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Жазылуу
Гуттереш фармацевтикалык компанияларды өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө тилектештик көрсөтүп лицензия, технологиялар менен алмашууга үндөгөн.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш Дүйнөлүк экономикалык форумдун жүрүшүндө дүйнөнү кийинки пандемияга даярдык көрүүгө чакырганын РИА Новости жазды.

"Биз мониторингге инвестиция жасоо менен кийинки пандемияга даярдык көрүшүбүз керек. Маселен, ар бир өлкө ооруну эрте аныктап, тез реакция жасоого аракет кылып Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аброюн бекемдөө зарыл", — деген Гуттереш видеокайрылуусунда.

Ал азыркы пандемия менен акыйкат жана бирдей шартта күрөшүүгө чакырып, фармацевтикалык компанияларды өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө тилектештик көрсөтүп лицензия, технологиялар менен алмашууга үндөгөн. Анын айтымында, кирешеси аз болгон мамлекеттер учурда оор абалда.
ПЦР тестине кезекке турган кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Вирусолог пандемия кандай учурда бүтөрүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0