https://sputnik.kg/20220115/bulgangan-aba-2019-zhyly-1-8-million-kishi-oldu-1061259937.html
Булганган абанын айынан 2019-жылы 1,8 млн. киши өлгөн
Булганган абанын айынан 2019-жылы 1,8 млн. киши өлгөн
Sputnik Кыргызстан
Жаңы иликтөөлөр дүйнө жүзү боюнча шаарларды байырлаган адамдардын 86 пайызы (2,5 миллиард киши) абадагы зыяндуу заттардан жабыркап жашай турганын көрсөттү. 15.01.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-01-15T13:57+0600
2022-01-15T13:57+0600
2022-01-15T13:57+0600
дүйнөдө
өлүм
ден соолук
экология
аба
https://sputnik.kg/img/103413/24/1034132416_0:508:4928:3280_1920x0_80_0_0_13506e4f1c13c3045837a359b132bc1d.jpg
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Булганган абанын айынан көз жумгандардын саны дүйнө жүзү боюнча 2019-жылы 1,8 миллиондон ашкан. Бул тууралуу АКШлык окумуштуулардын изилдөөсүнө шилтеме берип Phys.org жазды.Жаңы иликтөөлөр дүйнө жүзү боюнча шаарларды байырлаган адамдардын 86 пайызы (2,5 миллиард киши) абадагы зыяндуу заттардан жабыркап жашай турганын көрсөттү.PM2.5 — 2,5 микрометр жана андан дагы кичинекей зыяндуу заттар. Ал дем менен кирип кеткен учурда адамдын өпкөсү жабыркай баштайт. Акырындык менен жүрөк-кан тамыр оорулары, дем алуу системасынын илдеттери жана өпкө рагы пайда болот. Муну бир катар изилдөөлөр далилдеп берген.Окумуштуулар 2000-2019-жылдар аралыгында PM2.5 заттары дүйнөнүн 13 миңден ашык шаарында нормадан жогору болуп кеткенин аныкташты. Ошондой эле 2019-жылы 100 миң өлүмдүн ичинен 61 учур абанын булганышынан улам келип чыкканы белгилүү болгон.
https://sputnik.kg/20211101/bishkek-aba-kir-kooptuu-chek-1054435312.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103413/24/1034132416_555:0:4928:3280_1920x0_80_0_0_6f885022fc517ccb50e891d3c2595875.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, өлүм, ден соолук, экология, аба
дүйнөдө, өлүм, ден соолук, экология, аба
Булганган абанын айынан 2019-жылы 1,8 млн. киши өлгөн
Жаңы иликтөөлөр дүйнө жүзү боюнча шаарларды байырлаган адамдардын 86 пайызы (2,5 миллиард киши) абадагы зыяндуу заттардан жабыркап жашай турганын көрсөттү.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Булганган абанын айынан көз жумгандардын саны дүйнө жүзү боюнча 2019-жылы 1,8 миллиондон ашкан. Бул тууралуу АКШлык окумуштуулардын изилдөөсүнө шилтеме берип
Phys.org жазды.
Жаңы иликтөөлөр дүйнө жүзү боюнча шаарларды байырлаган адамдардын 86 пайызы (2,5 миллиард киши) абадагы зыяндуу заттардан жабыркап жашай турганын көрсөттү.
PM2.5 — 2,5 микрометр жана андан дагы кичинекей зыяндуу заттар. Ал дем менен кирип кеткен учурда адамдын өпкөсү жабыркай баштайт. Акырындык менен жүрөк-кан тамыр оорулары, дем алуу системасынын илдеттери жана өпкө рагы пайда болот. Муну бир катар изилдөөлөр далилдеп берген.
Окумуштуулар 2000-2019-жылдар аралыгында PM2.5 заттары дүйнөнүн 13 миңден ашык шаарында нормадан жогору болуп кеткенин аныкташты. Ошондой эле 2019-жылы 100 миң өлүмдүн ичинен 61 учур абанын булганышынан улам келип чыкканы белгилүү болгон.
1 Жетинин айы 2021, 12:46