Россия – НАТОнун кеңеши кезектеги саясий туңгуюкка кептейби?

© AFP / TOBIAS SCHWARZНАТО жыйыны. Архив
НАТО жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Жазылуу
Россия менен сүйлөшүүлөргө түндүк атлантикалык альянс Москванын талаптарына каршы аракет этүүгө "кеңири биримдик жана консенсус" менен киришти. Америка Кошмо Штаттарынын НАТОдогу өкүлү дал ушундай аныктама берди.
Иш жүзүндө бул "өнөктөштөрдүн" бир пикирге келүүгө көңүлсүнбөгөнүн туюндуруп, 10-январдагы россиялык-америкалык жолугушуудан соң экинчи саясий туңгуюкка түртөт. Кыязы, Батыш Россия өз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууга канчалык олуттуу ниеттенгенин толук түшүнө элек көрүнөт.
Москва койгон талаптардын негизгиси – НАТОнун дагы кеңейтүүнү, Чыгыш Европада Пентагондун күчтөрү жана куралдарын (ракетага каршы коргонуу объектилери да) жайгаштырып, машыгууларды өткөрүүнү токтотуу. РФ жана АКШ ортосундагы коопсуздук кепилдиктери жөнүндөгү келишимдин россиялык долбоорунда баары так чечмеленгенин белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Анын эки үлкөн өлкөнүн жакындагы эле кеңешмесинен кийинки ой толгоосуна бир көз жүгүртүңүз.
РФ Кошмо Штаттарга талаптарды коюу менен ушундай эле милдеттенме жана кепилдиктерди да алууга даяр. Бирок баамыбызда америкалыктар андайга баргысы жок. Ак үйдүн 10-январдагы бюллетенинде "АКШ дегеле ордунан жылгыс багыттар" чагылдырылган, башкача айтканда, кырдаалды ырбата турган жагдайлардан башка жылыш жок. Вашингтон НАТОнун "чек араларын 1997-жылдагы деңгээлге" чейин кыскартуу боюнча Москванын талабын таптакыр четке кагат.
АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман куралданууну көзөмөлдөө өңдүү татаал маселелер көпкө талкууланышы керектигин билдирди. Аскерий багытта Вашингтондон толугу менен көз каранды болгон европалык союздаштары жана Украинага көңүлдү бурдуруу далалаты Кошмо Штаттардын чечим кабыл алуу жана жоопкерчиликтен качуу ниетиндеги тактикалык аракети өңдөнөт.
Америкалыктар Украинага НАТОнун күчтөрүн кайра жайгаштыруу жана кошумча курал-жарак менен менен жабдуу үчүн тек гана убакытты созуп жатканы айдан ачык. Эсиңиздерге салсак, Вашингтондун киевдик режимге көрсөткөн аскерий көмөгү 2014 – 2021-жылдар аралыгында 2 млрд. доллардан ашты, ал эми быйылкыга дагы 300 млн. доллар келери күтүлөт.
Эмнеликтен Россияга НАТО менен кечээги, ЕККУ менен бүгүнкү сүйлөшүүлөр да майнапсыз болушу ыктымал? АКШ жана НАТО өз ара коопсуздук кепилдиктер системасын түзүү жана РФ менен конструктивдүү аракет этүүдөн баш тарткан соң мындан аркы окуялардын курчуп кетишине жоопкерчилик жамааттык Батыштын гана мойнунда.
РФтин Тышкы иштер министрлигинин башчысынын орун басары Сергей Рябков жана АКШнын мамлекеттик катчынын орун басары Уэнди Шерман - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
РФ менен АКШнын коопсуздук кепилдиги боюнча алгачкы сүйлөшүүсү. Жыйынтык

Украиналык фронт

Кокус жагдай терс өңүткө өтсө, Россия менен НАТОнун согуштук аракеттеринде эң оболу Чыгыш Европанын өлкөлөрүнүн көбү запкы жеп, көбүнесе сокку уруучу позицияларына ээлик кылган негизги, атап айтканда, Балтика, Польша, Румыния көп жабыр тартып калышы ыктымал. Кесепети, албетте, улуттук коопсуздук үчүн Түндүк Атлантика альянсы менен кооптуу өнөктөштүктөгү Украина менен Молдова да тартат.
Москва бул боюнча так кесе айтып, Украинанын НАТО менен өнөктөштүгүн жыйыштырып, аталган аскерий блокко мүчө болууга Киевдин аракетин токтотуу керектигин билдирген. "Ачык каалгалар" саясатын глобалдык коопсуздук үчүн жабуу зарыл. Днепр – АКШ жана альянстын аскер күчтөрү үчүн кызыл чек. Бирок Вашингтон Украина же башка өлкөлөрдүн НАТОго мүчө болушуна каршы чыккысы да жок.
Америкалык аскерлер Украинанын аймагында республиканын Аскер-деңиз күчтөрүн жана абадан коргонуу тутумун чыңдоону, Украина Куралдуу күчтөрүнүн адистерин даярдоону улантып, биргеликте машыгууларды өткөрүп келет. 12-январда Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов америкалык тарапты "россиялык чек аралардан аскердик потенциалын алыстатууга, глобалдык коопсуздукту камсыз кылууга жоопкерчиликтүү болууга үндөдү.
Жакында эле АКШ мамлекеттик катчысынын саясий иштер боюнча орун басары Виктория Нуланд Финляндия менен Швецияга НАТОго мүчөлүктү талкуулоону сунуштады. Москва отуз жылдан бери Европадагы согуштук чыңалууну басаңдатып, тынчтыкка умтулуп келет. Батыш менен ынтымак үчүн Германиянын биригишине жол берип, Варшава макулдашуусундагы өлкөлөрдөн өз аскерлерин чыгарып, кезегинде (1955-жылы) НАТОго теңата күчтөгү аталган аскерий блоктун таркатылышын (1991-жылы) демилгелеген эмеспи. Кийин Россия Вьетнам жана Кубадагы өзүнүн аскер базаларын жапкан. Бирок достук жана ырашкерлик бир тараптуу иш эмес. Вашингтон 30 жыл бою түндүк атлантикалык альянсты чыгышка карай кеңейтүүнү көксөп, постсоветтик мейкиндикти, анын ичинде Украинаны аскерий өздөштүрүүгө өтүп алды.
Америкалык 2014-жылы Киевдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин НАТО "чыгыш канатындагы" Ыкчам аракет этүү күчтөрүнүн санын үч эсе көбөйтүп, 40 миң жоокерге чейин жеткирди. Ушундай тарыхый жагдайларда Кошмо Штаттардын НАТОдогу туруктуу өкүлү Жулианна Смит 10-январда: "Россия, маңызында, акыркы жыйырма жыл ичинде европалык коопсуздук үчүн негизги коркунуч болду", - деп билдирди.
Не бар, не жок деп Россиянын Батыш аскердик округунун күчтөрү 11-январда Воронеж, Белгород, Брянск жана Смоленск облустарындагы полигондордо аскердик даярдыктан өтүүдө. РФтин "өнөктөштөрүнүн" эсебиндегидей жүз миң эмес, үч миң чакты аскери ушул тапта Украина менен чек арага жакын жерде машыгууда деп маалымдады РФ Батыш аскер округунун басма сөз кызматы.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти түшүндүрүүнү талап кылды эле, бирок Россия өз өлкөсүнүн ичинде аскерлерин кайда жайгаштырып, кайсы жерде аскердик окууларды өткөрөрүн өзү чечүүгө акылуу экенин айтты.
Алмата шаарындагы ЖККУнун аскердик техникасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Чоочундарга орун жок: АКШ СССР кайра жанданат деп сарсанаа

Ынандыруу жана мажбурлоо

Улуттук коопсуздук – негизги приоритет, ошондуктан РФтин Куралдуу күчтөрү жакында жаңы Су-57 истребителдерине, "Ярс", "Авангард" жана "Сармат"континенттер аралык баллистикалык ракеталарды кое берүүчү орнотмолоруна, Ту-160М стратегиялык ракета ташуучуларына, суу түбүндөгү "Борей-А" атомдук крейсерине, танкка каршы жана артиллериялык курал-жарактын 1000ден ашуун заманбап үлгүлөрүнө, ЗРС С-400 "Триумф" дивизиялык топтомдоруна, суу түбүндөгү кайыктар жана суу бетиндеги кемелерге ээ болот.
Жогорку технологиялык өзөктүк держава "өнөктөштөрүнөн" бир топ алдыда. Ал эми быйыл "Сармат" континенттер аралык баллистикалык оор ракетасынан дароо беш жана "Авангарддан" бир ракета кое берүүгө белсенип туру.
Өзөктүк согушта жеңип чыгуу мүмкүн эместигин АКШ менен РФ түшүнүп, андайга эч качан жол берилбестиги тууралуу пикирлери гана үмүт жандырат. Бирок кокус Россия менен НАТОнун глобалдык аскерий жаңжалы тутанып кетсе, кадимки куралдар менен деле Европа менен Түндүк Америкага катуу кесепети тийиши мүмкүн. Кандай болгон күндө да АКШ Мамлекеттик департаментинин айыптоолору жана НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин "Россия менен эч кандай компромисс болууга тийиш эмес" деген тейдеги билдирүүлөрү конструктивдүү сүйлөшүүлөргө жана планетадагы тынчтыкты бекемдөөгө өбөлгө болбойт. Америкалыктар альянсты кеңейтүү үчүн Россия менен согушууга технологиялык жактан даяр эмес.
Эгер АКШ, НАТО жана ЕККУ менен 10 – 13-январдагы сүйлөшүүлөрдөн да бир жол табылбаса, РФтин аскер-техникалык мүмкүнчүлүктөрү "өнөктөштөрүн" Москвага кулак салууга мажбурлайт. Мындайда Россияга каршы экономикалык санкциялар да жардам бербейт. РФ улуттук коопсуздугун сактоо үчүн бир тараптуу аскерий чараларды көрүүгө суверендүү укугун өзүндө калтырат. Ошол себептен, Анатолий Антонов айткандай, АКШ менен НАТО кыска убакыт ичинде коопсуздук боюнча россиялык сунуштардын маңызын түшүнүп, кабыл алганы дурус.
НАТО менен Россиянын ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер бар, ошентсе да алар 12-январдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Москва жана Брюсселде өз миссиясынын ишин жандантышмакчы.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Россиянын жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Ялта келишимин тануу, өктөм сөз... Геосаясий аренага учкай сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0