COVID үч бейтаптын өмүрүн алып, 742 кишиден табылды. Соңку маалымат

© REUTERS / YVES HERMANМедик COVID-19га тест жүргүзүү үчүн адамдан үлгүсүн алып жатат
Медик COVID-19га тест жүргүзүү үчүн адамдан үлгүсүн алып жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Жазылуу
Каза болгон үч киши тең Бишкектен катталды. Учурда ооруканаларда оор абалда 159, өтө оор абалда 35 бейтап жатат.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясын 742 киши жуктурганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ооругандар:
Бишкек — 632;
Ош шаары — 8;
Чүй — 42;
Ош — 5;
Талас — 8;
Нарын — 2;
Ысык-Көл — 22;
Жалал-Абад — 15;
Баткен облусу — 8.
Пандемиядан бери вируска 187 620 адам кабылды.
Акыркы сутка ичинде COVID-19 инфекциясы үч кишинин өмүрүн алды. Үчөө тең Бишкектен катталган. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2 826ны түздү.
Акыркы сутка ичинде 100 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылган. Жалпы айыккандардын саны 180 629га жетти.
Бүгүнкү күндө республика боюнча стационардык дарыланууда 580 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 2 096 киши бар. Стационарда дарыланып жаткандардын 19у канааттандырарлык, 367си оор, 159у оор жана 35и өтө оор абалда.
Айдоочунун дене табын текшерип жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Министрлик Бишкек "кызыл" зонада экенин айтып, чектөө чараларын сунуштады
Көчөдө бараткан маскачан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Кыргызстанда катталган "омикрон" штаммынын "дельтадан" айырмасы кандай
Жаңылыктар түрмөгү
0