Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

ЖККУ жыйынына Садыр Жапаровдун ордуна Акылбек Жапаров катышмай болду

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Жазылуу
Сессияда коңшу Казакстандагы абал жана аны жөнгө салуу чаралары жөнүндөгү маселе талкууланары айтылууда.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына онлайн режимде катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.
"Бүгүн, 10-январда, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн режиминде ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына катышат", — деп айтылат бидирүүдө.
Сессияда Казакстандагы абал жана аны жөнгө салуу чаралары жөнүндөгү маселе талкууланмакчы.
Эске салсак, аталган иш-чарага президент Жапаров катышышы керек болчу. Бирок бүгүн эртең менен анын маалымат кызматы өлкө башчынын кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкканын билдирди. Маалыматта эмгек өргүү качан аяктай турганы айтылган эмес.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстанды ар дайым колдойбуз! Жапаров Токаев менен казак элине көңүл айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0