Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктуларынын иш тартиби өзгөрдү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү"Ак жол" өткөрүү жайы
Ак жол өткөрүү жайы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Жазылуу
Учурда чек арадагы өткөрүү жайларында адамдардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны жок.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөргөндүгүн маалымдады.
"Ак тилек" (Кыргызстан) — "Карасу" (Казакстан):
Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар "Ак тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кирип, Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары чыга алышат;
оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен "Ак тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.
"Чалдыбар" (Кыргызстан) — "Сыпатай Баатыр" (Казакстан):
Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар "Чалдыбар" бекети аркылуу кирип, Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары чыга алышат;
оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен "Чалдыбар" өткөрүү жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.
"Ак жол" (Кыргызстан) — "Кордай" (Казакстан):
Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар "Ак жол" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кирип, Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары чыга алышат;
"Чоң-Капка" (Кыргызстан) — "Айша Биби" (Казакстан):
Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар "Чоң-Капка" бекети аркылуу кирип, Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары чыга алышат;
Казакстандын аймагы аркылуу каттаган транзиттик оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен "Чоң-Капка" пункту аркылуу кирип чыга алышат.
"Каркыра" (Кыргызстан) — "Кеген" (Казакстан):
Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана "Каркыра" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;
Учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.
Нур-Султанда блок-постто турган полиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстан: бир нече экстремисттик топ кол салып, ЖККУ өлкө бүтүндүгүн сактап калды
Алматынын башкы аянтында аскерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылган 300гө жакын адам кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0