Психолог: фотошопту көп колдонгондор психикалык жактан жабыркашы мүмкүн

© Фото / Pixabay/ JackThanantornКыз. Архив
Кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Жазылуу
Адистин айтымында, эгер адам өзүнүн сырткы келбетин кабыл алгысы келбесе, анда өзүн инсан катары тааныбайт.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Фотошопту ашыкча колдонгон адамдарда психикалык жактан жабыркоонун симптомдору болушу мүмкүн. Бул туурасында медициналык психолог Ольга Коротина-Гессе "Бешинчи каналга" курган маегинде билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.
Адис эгер адам өзүнүн сырткы келбетин кабыл алгысы келбесе, анда өзүн инсан катары тааныбай жерип каларын айтат.
Ошондой эле ал фотошопту көп колдонуу жеке жашоосунда дагы көйгөй жаратышы ыктымалдуулугун белгилейт. Себеби адамдар аны чыныгы жашоосунда дагы сүрөттөгүдөй көргүсү келет, мунун натыйжасында көңүл калышы мүмкүн.
"Көңүл калуу ар кандай невротикалык абалды жаратат. Мисалы, маанайы чөгүп, кескин түрдө тамактануу графиги алмашып, ачуусу чукул болуп, жашоосуна, өзүнө жана айланасындагыларга жинденип баштайт", — деди психолог.
Кыз бий учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Өчөшүп калабы дейм. Күйөөсү менен жетекчисинин ортосунда кыйналган келиндин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0