Жаңы жылдын биринчи жумасында аба ырайы кандай болот

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте кар жаап атканда бараткан аял. Архивдик сүрөт
Бишкекте кар жаап атканда бараткан аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2022
Жазылуу
Синоптиктердин маалыматына караганда, өлкөнүн бардык аймактарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, өлкөнүн бардык аймактарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрдин айланасында болот.

Чүй облусу

2-январда күндүз кээ бир райондордо жамгыр, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлүүдө. 3-4-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Анткен менен күндүз тоолуу райондордо кар жаайт. 5-январда кээ бир райондордо жаан, кар жааса, 6-январь жаан-чачынсыз болот. 7-8-январда күндүз аба ырайы бузулбайт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылууда.

Талас облусу

2-январда кээ бир райондордо кар жааса, 3-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-5-январда күндүз кар түшүп, 6-8-январда ачык болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары

Республиканын түштүгүндөгү облустарда айрым күндөрү кар жаайт. Мисалы, 2-январда күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлүүдө. 3-январда тоолуу райондордо гана кар түшпөсө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 4-5-январь күндөрү көпчүлүк жерлерде кар жаайт. Ал эми 6-7-8-январда күндүз аба ырайы жакшы болот.

Ысык-Көл облусу

2-январда кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. 3-январда жана 4-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 4-январда күндүз жана 5-январда кээ бир райондорго кар түшөт. 6-8-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусу

2-январда кээ бир райондордо кар жаайт. 3-январда жана 4-январда түнкүсүн жаан-чачынсыз болуп, 5-январда кээ бир райондорго кар түшөт. 6-8-январда күн ачык болору божомолдонууда.
Көчөдө бараткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Январда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0