Дары ичип жаткандар бир ууртам шампандан дагы баш тартышы керекпи? Кеңеш

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүШампан. Архив
Шампан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2021
Жазылуу
Иммунологдун айтымында, айрым дарылар спирт менен аралашып кеткенде таптакыр күтүлбөгөн, кээде учурда үрөй учурган кесепеттер болушу мүмкүн.
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Алдыдагы майрам күндөрү жок дегенде бир бокал шампан ичилери турган иш. Бирок дары-дармек ичип жаткан кишилерге анын канчалык зыяны тийиши мүмкүн экенин Sputnik радиосунун эфиринде терапевт, иммунолог Владислав Жемчугов айтып берди.
"Ар бир дарынын нускамасында аны ичкенде эмнелерден баш тартуу керектиги жазылган. Андыктан майрам күндөрү болбой эле шарап ууртап койгусу келгендер нускаманы жакшылап окуп, мындан тышкары, дарыны жазып берген дарыгер менен кеңешип койгону дурус", — деди Жемчугов.
Иммунологдун айтымында, айрым дарылар спирт менен аралашып кеткенде таптакыр күтүлбөгөн, кээде үрөй учурган кесепеттер болушу мүмкүн.
"Менин практикамда бир окуя болгон. Киши кадимки анальгинди портвейн менен чогуу ичип койгон. Көп өтпөй териси сыйрылып түшө баштаган. Себеби эмнеде десеңиз, ичимдик дары менен кошулганда Лайеллдин синдрому башталган. Бул тери алдындагы аллергия. Андыктан дарыны алкоголь менен ичердин алдында ушул окуяны эстеп коюңуз", — деди адис.
Ошондой эле ал ичимдик ичкенден кийин бир нече күнгө дары-дармекти токтото турууну сунуштады. Буга спирттин адамдын организминде үч күнгө чейин кармалып турушу себеп.
Жаңы жылдык дасторкон. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2021
Диетолог жаңы жылда кайсы тамактардан баш тартуу керектигин айтты
Оливье салаты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Жаңы жылдык дасторкондо кайсы тамактарды аралаштырып жебеш керек
Жаңылыктар түрмөгү
0