Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Досалиев: борборлоштурулган сатып алуу мекемесин түзүү сунушталууда

© Sputnik / Асель СыдыковаФинансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Баялы Досалиев
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Баялы Досалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Жазылуу
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Баялы Досалиев "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатканын маалымдады.
Мамлекеттик сатып алууларга келишимдик башкаруу киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу Баялы Досалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Досалиев: борборлоштурулган сатып алуу мекемесин түзүү сунушталууда
Анын айтымында, тийиштүү мыйзам долбоору ар тараптуу коомдук талкуудан өтүп, президенттин администрациясына жөнөтүлгөн.
"Мурда мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө көптөгөн көйгөйлөр кездешчү. Маселен, товар сатуучу өзүнүн профилдик ишмердиги боюнча аймактардагы сатып алууларга катышуу үчүн ошол аймакка барып, документтердин пакетин сатып алчу. Ошондой эле аны тапшырганда, сатып алуулар ачылганда кайра барып жолдо жүрүү менен убакыттан уттурчу. Мындан улам 2015-жылы http://zakupki.gov.kg/popp/ электрондук порталы түзүлдү. Анда профилдик кызыкчылыгына туура келген сатуучулар билдирүү берип катышчу. Ошондон бери мамлекеттик сатып алуулар толугу менен аталган портал аркылуу жүргүзүлүүдө. Бирок андан бери убакыт өтүп, порталды дагы кайрадан иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкты. Ошону менен бирге эле бул багыттагы укуктук ченемдик актыларды жөнгө салуу керек болду. Мындан улам "мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамы иштелип чыгып, ар тараптуу коомдук талкуудан өттү. Учурда ал президенттик администрацияга жөнөтүлдү. Анда келишим түзүлгөндөн кийин "келишимдик башкаруу" деген функция киргизилүүдө. Мындан тышкары, мыйзамда процесс пландоодон тарта келишимдин аткарылышына чейин электрондук система аркылуу жүргүзүлөт. Ошондой эле конкурстук комиссияны түзүүдө өзгөртүүлөр бар. Дагы бир өзгөчөлүк, маселен, оорукана салыныш керек болсо, медиктер курулушту көп түшүнбөй калышы ыктымал. Анткени буга чейин профили башка болгондор мамлекеттик сатып алууга катышып, көп кемчиликтерди кетиргени аныкталган. Ошондуктан борборлоштурулган сатып алуу мекемеси түзүлүп, ошолор баалап, сынак өткөрөт. Алар толугу менен кесипкөй адистерден түзүлмөкчү", — деди Досалиев.
Ошондой эле ал электрондук каталог аркылуу даяр товарларды сатып алууга мүмкүндүк түзүлө турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0