Тарыхта өзгөчөлөнүп калган депутаттар. VI чакырылыштын унутулгус жоруктары

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик резиденцияда чогулган депутаттар ЖКнын жыйынында. Архивдик сүрөт
Мамлекеттик резиденцияда чогулган депутаттар ЖКнын жыйынында. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Жазылуу
Yandex newsTelegram
Бүгүн мөөнөтүнөн бир жылдан ашык отурган Жогорку Кеңештин депутаттары мандатын тапшырып, VII чакырылышка келгендер ант берет. VI чакырылыштын парламентарийлери эмнеси менен элдин эсинде калганын биздин материалдан окуңуздар.
Буга чейин 120 депутат иштесе, азыр алардын саны 90го кыскарган. Жаңы депутаттардын келиши жана эски чакырылыштын кетиши бир канча окуялар менен коштолду.

Ана кетет, мына кетет

Бул чакырылыш мыйзам боюнча беш жылга шайланган. Бирок жаңы депутаттар шайланбагандыктан мөөнөтүнөн бир жылдан ашыгыраак отурду. Негизи алардын мөөнөтү 2020-жылдын октябрында бүтмөк. Бирок элдик толкундоодон улам 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан.
Садыр Жапаров өкмөт башчылыгына келгенден кийин коомчулукта алардын легитимдүүлүгү маселе жаратты. Буга жооп кылып Жогорку Кеңеш мөөнөтүн 2021-жылдын июнь айына чейин узартып алды. Мунун себебин өлкөдөгү саясий жана экономикалык кырдаалга байланыштырган.
Антип-минткиче июнь дагы келди. Бирок 5-майда жаңы Конституция күчүнө кирип, анда алты айдын ичинде бардык мыйзамдар шайкеш келтирилсин деген норма камтылган. Ошого таянып парламенттик шайлоо ноябрга дайындалды. Ал арада депутаттар шайлоонун жаңы эрежесин кабыл алууга үлгүрдү.

Кимиси келип, кимиси кетип жатканы белгисиз

Кетерине аз калганда Жогорку Кеңештин депутаттары биринин артынан бири мандатын тапшыра баштады. Алардын ордун жаңы жүздөр ээледи. Жадагалса мындай картина шайлоонун алдында дагы байкалды.
Акыркы болуп 17-октябрда "Республика — Ата-Журттун" тизмесиндеги Пархат Түлендыбаевдин ордуна 41 жаштагы Алайбек Алымбаев мандат алды. Жаңы парламентарий депутаттын креслосуна эки айдан көбүрөөк отурду.
Кээ бир мандаттар үч адамдын колунан өттү. Мисалы, Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы болуп дайындалган Мирлан Бакировдун ордуна апрелде Мейкинбек Абдалиев келген. Ал жети ай иштеп 3-ноябрь күнү кызматын Нурбек Исмаиловго өткөрүп берген.
© Фото / пресс-служба партии "Бутун Кыргызстан"

Алайбек Алымбаев депутаттын креслосуна эки айдан көбүрөөк отурду

Алайбек Алымбаев депутаттын креслосуна эки айдан көбүрөөк отурду - Sputnik Кыргызстан
1/3

Алайбек Алымбаев депутаттын креслосуна эки айдан көбүрөөк отурду

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша

Мейкинбек Абдалиев парламентарий болуп жети ай иштеди

Мейкинбек Абдалиев парламентарий болуп жети ай иштеди - Sputnik Кыргызстан
2/3

Мейкинбек Абдалиев парламентарий болуп жети ай иштеди

© Фото / пресс-служба ЦИК КР

3-ноябрда депутат кызматын аркалаган Нурбек Исмаилов

3-ноябрда депутат кызматын аркалаган Нурбек Исмаилов - Sputnik Кыргызстан
3/3

3-ноябрда депутат кызматын аркалаган Нурбек Исмаилов

1/3

Алайбек Алымбаев депутаттын креслосуна эки айдан көбүрөөк отурду

2/3

Мейкинбек Абдалиев парламентарий болуп жети ай иштеди

3/3

3-ноябрда депутат кызматын аркалаган Нурбек Исмаилов

Эсептөөлөргө ылайык, быйыл эле парламентке 19 жаңы депутат келди, ал эми былтыр 15 ирет алмашкан.
Эгер 2015-жылы 120 депутатка мандат берилсе, 2021-жылдын декабрына чейин 175 киши парламенттин босогосун аттады. Алгачкы курам 46 пайызга (55 депутат) алмашкан.

Үч президент менен иштеп, бирөөнүн кол тийбестигин алды

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу экс-президентти кол тийбестик макамынан жана башка артыкчылыктарынан ажыратканы менен эсте калды. Мындай практика өз мөөнөтүн өтөп, кызматты жаңы шайланган талапкерге өткөрүп берген мамлекет башчыга колдонулду.
Депутаттар 2019-жылдын июнь айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алды. Буга 103 эл өкүлү макулдук берсе, алтоо каршы чыккан. Өз кезегинде Атамбаев "чимкирик депутаттар" деп атап, ал эл арасына кеңири жайылып кетти.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
1/3

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
2/3

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Президент Садыр Жапаров депутаттарга кайрылуу учурунда

Президент Садыр Жапаров депутаттарга кайрылуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
3/3

Президент Садыр Жапаров депутаттарга кайрылуу учурунда

1/3

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев

2/3

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков

3/3

Президент Садыр Жапаров депутаттарга кайрылуу учурунда

Ушул эле депутаттар президент Сооронбай Жээнбеков менен "иштешүүгө" өтүштү. Бирок октябрь окуясынын арты менен ал мөөнөтүнөн мурда отставкага кетти. Андан соң эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү Садыр Жапаровдун саясатын колдоп чыкты.

Сапар Исаковго ишеним көрсөтпөй...

2018-жылдын апрель айында Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Ага таянып президент Сооронбай Жээнбеков жарлык чыгарып, өкмөттү отставкага кетирди.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЭски премьер-министр Сапар Исаков
Заседание парламента о ситуации на ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Эски премьер-министр Сапар Исаков. Архивдик сүрөт
Ал өлкө тарыхында парламенттин ишениминен кеткен алгачкы өкмөт болуп калды. "Экс" макамынан ажыратылган Исаков кетип жатып парламентти "саясий өлүк" катары сыпаттаган.

Өз тамырына балта чаап...

Жогорку Кеңеш 2016-жылы жайында президенттин укуктарын азайтып, премьер-министрдин укуругун узарткан конституциялык өзгөртүүнү жактырып, референдумга алып чыкты. Ал демилге дагы өттү. Өз кезегинде парламенттик демократиялык өлкө болууга аракет жасалып жатканы айтылган.
Бирок Садыр Жапаров бийликке келгенде "парламенттик башкарууда башаламан болот экен, президенттик башкарууга өтөлү" деп жаңы Конституция сунуштады. Эл өкүлдөрү бул Баш мыйзамды дагы колдоп беришти. Натыйжада парламент бир канча укуктарынан ажырап, мыйзамдагы күчү алсырады.

"Ала-Арча" резиденциясында өткөн жыйындар

Өткөн жылы парламенттик шайлоодон кийин толкуган эл Ак үйдү басып алды. Имараттын ичи талкаланып, таланып-тонолуп, айрым бөлүгү күйүп кеткен. Ортодо укуктук вакуум жаралбашы үчүн ЖКнын жыйындары президент жайгашкан мамлекеттик резиденцияда өтүп жатты. Ошол жерде премьер-министр Садыр Жапаров жана өкмөт мүчөлөрү кызматка киришип жатып ант берди.
© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан ЖКнын жыйыны
Заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Мамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан ЖКнын жыйыны
Депутаттар Ак үйгө 25-ноябрда кайтып келип, салттуу жыйындарын өткөрө баштады. Демөөрчү катары курулуш компаниялары тартылып, имаратты оңдоп беришти. Эл өкүлдөрү өздөрү да чөнтөгүнөн акча чыгарышкан. Мында көбүрөөк акча бергенине чоңураак кабинет тийген.

Кыргыз парламентиндеги эң жаш спикер

Дастан Жумабеков 2017-жылдын октябрь айында парламент төрагасы болуп шайланган. Муну менен ал 41 жашында өлкөнүн экинчи адамы, ЖКнын тарыхында эң жаш спикер болуп калды. Ага чейин 43 жашында Эл өкүлдөр жыйынын башкарган Абдыганы Эркебаев эң жаш деп саналчу.
© Фото / пресс-служба ЖК/ Ашыркул ОморовЭкс-спикер Дастан Жумабеков
Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Экс-спикер Дастан Жумабеков

Төрт күндүк төрага

2015-жылдын 28-октябрында VI чакырылыш келери менен Асылбек Жээнбековду төрага кылып шайлашкан. Ал көпкө отурган жок. 2016-жылдын апрелинде Чыныбай Турсунбеков шайланып, бир жылдан ашыгыраак иштеди. Андан соң былтыркы октябрь окуясына чейин парламентти үч жыл Дастан Жумабеков жетектеди. Саясий башаламандык маалында Мыктыбек Абдылдаев төрт күн, Канат Исаев 22 күн спикер болду. Акыры 4-ноябрда Талант Мамытов шайланган. Ал быйыл 28-октябрда кызматтан четтеп, парламенттик шайлоого катышты. Бул учурда төраганын милдетин вице-спикер Аида Касымалиева аткарып жатты. Ошентип алты спикер алмашып, бирөө убактылуу иштеди.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Асылбек Жээнбеков

Асылбек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
1/7

Асылбек Жээнбеков

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша

Чыныбай Турсунбеков

Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
2/7

Чыныбай Турсунбеков

© Фото / пресс-служба ЖК

Дастан Жумабеков

Дастан Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
3/7

Дастан Жумабеков

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Мыктыбек Абдылдаев

Мыктыбек Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
4/7

Мыктыбек Абдылдаев

5/7

Канат Исаев

6/7

Талант Мамытов

7/7

Аида Касымалиева

1/7

Асылбек Жээнбеков

2/7

Чыныбай Турсунбеков

3/7

Дастан Жумабеков

4/7

Мыктыбек Абдылдаев

5/7

Канат Исаев

6/7

Талант Мамытов

7/7

Аида Касымалиева

Балп этмелер

Алты жылдын аралыгында депутаттарга эмне деген сөздөр гана айтылган жок. Өздөрү тилинен жаңылып же балп эте коюп күлкү жаратып турушту.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков Экс-төрага Дастан Жумабеков
Торага Жогорку Кенеша Дастанбек Джумабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Экс-төрага Дастан Жумабеков
Кыргызстандыктар төрага Дастан Жумабековдун Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарын "Франкфурт жана Маяне" деп үч ирет туура эмес окуганын көпкө чейин унутпаса керек. Ал эми Тазабек Икрамов "гомсексуализм", "эл аралык" деген сөздөрдү айта албай жаңы мемдерди жаратып берди.
Икрамовдун кээ бир адамдардын аты-жөнүн да окуй албаган учурлары болду. Ошол эле маалда "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисин алганы элди дагы бир ирет күлкүгө салып, таң калтырды. Аны кантип алганын сураган журналистке "эс алчы" деп жооп берип, талкууга алынды.
Баса, жогоруда аталган эки депутат тең VII чакырылышка кайра шайланды.
Ал эми Кожобек Рыспаев "чимкирик" дегенге арданып, өздөрүн "кыргыз элинин элитасына" теңеп, соцтармактын дагы бир ур-тепкисине алынганы эсибизде. Кийин ошол эле Рыспаев "профсоюздар бизди койсуңар деп жатат" деп ызаланган.
Балп эткен депутаттарга Камчыбек Жолдошбаевди кошпой коюуга болбойт. Алгач ал автоунаа жок коомдук транспорт менен келген кесиптештерин көрүп уяларын, андайда шапкесин баса кийип өтүп кетерин айткан. Бул коомчулукта кызуу талкууга жем таштап, "уялчаак депутат" атка конгон.
Андан кийин Ат-Башыдагы карышкырларды тик учак, танк менен атууну сунуштаганы да элдин эсинен кете элек.
Депутаттар кандай унаа айдайт? 120 миң долларга жеткен жиптердин видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2019
Депутаттар кандай унаа айдайт? 120 миң долларга жеткен жиптердин видеосу
Жаңы шайланган депутаттардын алгачкы жыйыны. Түз эфир - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Жаңы шайланган депутаттардын алгачкы жыйыны. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0