Шум ажал алып тынган кайрандар. Эмгегиңер эл эсинде...
19:20 29.12.2021 (Жаңыртылды: 12:31 30.12.2021)
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев менен коштошуу зыйнаты. Архив
Жазылуу
Узап бараткан жылы өлкөнүн адабият, маданият жаатында жоготуу көбүрөөк болду.
Өтүп бараткан жылы өмүр менен кош айтышкан эл каймактарын, белгилүү адамдарды Sputnik Кыргызстан агенттиги бир эскерип, алар тууралуу материал даярдады.
Шайлообек Ниязов
2021-жыл жаңырары менен мурдагы саламаттык сактоо министри, Кыргызстанга эмгеги сиңген дарыгер Шайлообек Ниязов 75 жашында дүйнө менен кош айтышты. Дарыгер 2000-жылдын январынан тарта Улуттук госпиталдын башкы дарыгери, 2005-2007-жылдар аралыгында саламаттык сактоо министри болуп эмгектенген. Кыргыз медицинасына кошкон салымы үчүн саламаттык сактоонун отличниги болгон.
Рамис Рыскулов
© Фото / пресс-служба Бишкекского горкенеша (БГК)Кыргыз Республикасынын эл акыны Рамис Рыскулов
Кыргыз Республикасынын эл акыны Рамис Рыскулов
© Фото / пресс-служба Бишкекского горкенеша (БГК)
Өтүп бараткан жылы дүйнөдөн адабият жаатындагы бир топ үлкөндөр өттү. Алардын арасында эл акыны Рамис Рыскулов бар. Ал кыргыз адабиятында биринчилерден болуп эркин ыр формасындагы изденүү менен кыргыз поэзиясын жаңы ыргак, уйкаштык формалар, жаңыча саптар менен байытып, кыргыз совет поэзиясын ак ыры менен жаңырткан. Акын Пушкиндин, Некрасовдун, Михалковдун, Есениндин, Маяковскийдин, Вознесенскийдин жана Алимжановдун ырларын кыргызча которгон. Элге жасаган эмгеги үчүн ага Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты наамдары берилген.
Жамал Сейдакматова
© Фото / Шалтаев МуратКыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова
Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова
© Фото / Шалтаев Мурат
Бул жылы кыргыз эли Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматовадан да айрылды. Ал узакка созулган катуу оорудан кийин 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Жамал Сейдакматова театр залкарлары Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүковалардын көрөгөчтүгү менен Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынган. Актриса 1958-жылы тартылган "Алыскы тоолордо" көркөм тасмасында роль аткаруу менен кеңири таанылган. Ал театрда жана кинодо бир нече образ жаратып, алгачкы көз карандысыз "Туңгуч" театрын негиздеген. Ал Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, Кыргыз ССРинин эл артисти наамдарын алып, Токтогул атындагы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. 2003, 2019-жылдары III жана II даражадагы Манас ордени менен сыйланган.
Токтонаалы Сейталиев
© Фото / пресс-служба МКИСиМП КРСССРдин эл артисти Токтонаалы Сейталиев
СССРдин эл артисти Токтонаалы Сейталиев
© Фото / пресс-служба МКИСиМП КР
Февраль айында кыргыз маданиятынын дагы бир алпы дүйнө салды. Ал СССРдин эл артисти, республикада опера ырчыларынын арасында экинин бири аталган, алтын көмөкөйлүү ырчы Токтоналы Сейталиев эле. Ырчы 84 жаш курагында дүйнө салды. 50 жылдык ишмердүүлүгүндө Сейталиев улуттук операнын ар кыл жана жогорку чеберчиликтеги татаал жана көп кырдуу образдардын бүтүндөй галереясын камтып, дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун опералык спектаклдеринде алдыңкы тенордук партияларды аткарган. Көп жылдык чыгармачыл ишмердигинде ардактуу жана илимий наамдарга, мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктарга татыган. Ошондой эле Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.
Тенти Орокчиев
© Фото / Жылдыз Орокчиева"Кыргыз радиосунун" алтын фондун түптөгөндөрдүн бири Тенти Орокчиев
"Кыргыз радиосунун" алтын фондун түптөгөндөрдүн бири Тенти Орокчиев
© Фото / Жылдыз Орокчиева
2021-жылы "Кыргыз радиосунун" алтын фондун түптөгөндөрдүн бири Тенти Орокчиев да көз жумду. Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, котормочу жана радиожурналист 83 жаш курагында дүйнө салган. Орокчиев радио тармагында көп жылдар бою иштеп, КТРКнын Кыргыз радиосунун алтын казынасын түптөөгө салым кошкон. Учурунда көптөгөн залкар инсандар менен радиомаек уюштуруп, КТРКнын алтын казынасында 300гө чукулу сакталып турат. 2011-жылдан бери аны кагазга түшүрүп, китеп кылып, үч томдугун чыгарууга жетишкен.
Бексултан Жакиев
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев
Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев
Адабияттагы алптардын бири Бексултан Жакиев 25-апрелде дүйнө салды. Белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу 85 жашка чыккан. Ал коомчулукка "Атанын тагдыры" аттуу драмасы менен таанылып, бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.
Жакиевдин "Миң кыял", "Алтын аяк", "Өкүм", "Эртең – жаңы жыл", "Жолугушуу", "Күттүргөн жаз да келер", "Саадак какты", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", "Жаза" жана башка драмалары бар. Мындан тышкары, бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган. Бексултан Жакиевге эң даражалуу наам — Кыргыз Республикасынын Баатыры ыйгарылган. Ошондой эле ал Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы Манас ордени жана Даңк медалынын ээси болгон.
Аскар Какеев
© Фото / пресс-служба КРСУКыргызстандын мурдагы билим берүү министри Аскар Какеев
Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри Аскар Какеев
© Фото / пресс-служба КРСУ
Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри Аскар Какеев 86 жаш курагында каза болду. Ал бир катар илимий институттарда иштеп, 1992-жылдын декабрь айынан тарта президенттик аппараттын жетекчиси, мамлекеттик катчы, өлкөнүн билим берүү министри кызматтарын аркалаган. 2000-жылдан КУУнун ректору, президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген.
Ташкул Керексизов
Май айында коомдук ишмер, айтылуу "Рух-Ордо" комплексинин негиздөөчүсү Ташкул Керексизов 73 жашында көз жумду. Ал райондук акимчиликтеги кызматкерден тартып президенттин кеңешчисине чейин жеткен. Талас облусунун губернатору, Мамлекеттик мүлк фондунун, Бажы кызматынын башчысы кызматтарын аркалап, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Керексизов коомчулукка "Рух-Ордо", "Аалам-Ордо" комплекстеринин негиздөөчүсү катары таанымал.
Азат Алсеитов
© Фото / Каниет ЧоноевПрокуратура органдарынын ардагери Азат Алсеитов
Прокуратура органдарынын ардагери Азат Алсеитов
© Фото / Каниет Чоноев
Прокуратура органдарынын ардагери, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Азат Алсеитов 64 жаш курагында дүйнө салган. Ал Ат-Башы, Жумгал райондорунда, Нарын облусунда, Нарын шаарында прокурорлук кызматтарды аркалап, ардактуу эс алууга чыккан. Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктарга татыган.
Балбай Алагушев
© из личного архива Балбая АлагушеваКыргыздын тунгуч музыка таануучусу Балбай Алагушев
Кыргыздын тунгуч музыка таануучусу Балбай Алагушев
© из личного архива Балбая Алагушева
Узап бараткан жылы көзү өткөндөрдүн арасында кыргыздын тунгуч музыка таануучусу, ардактуу профессор Балбай Алагушев да бар. Ал 85 жаш курагында көз жумду. Алагушев залкар ырчылардын, комузчулардын, кыл кыякчылардын аткаруусундагы ыр-күүлөрдү өздөрүнүн аткаруусунда тасмага жаздырып, алтын корду түптөөгө салымын кошкон. Ал эл шайырлары, музыка ишмерлери тууралуу ондогон музыкалык очерктерди, маектерди, баарлашууларды, сүрөттөмөлөрдү даярдаган.
Ташманбет Кененсариев
"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын манас таануу бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев 72 жашында дүйнөдөн кайтты. Тарыхчы Кыргыз мамлекеттик университетинде, Ош педагогикалык институтунда окутуучу, аталган институттун тарых бөлүмүнүн башчысы, Ош мамлекеттик университетинин тарых жана укук таануу факультетинин деканы болуп иштеген. 1999-2003-жылдары жогоруда аталган окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору болуп, Ош мамлекеттик университеттин өнүп-өсүүсүнө чоң салым кошкон. 1998-жылы докторлук диссертациясын жактап, 1999-жылы профессорлук даражасын алган. Докторлук эмгеги Кокон хандыгынын тарыхына арналып, жаңы көз караштар менен бирге илимий жаңылыктарды киргизген.
Мукаш Базаркулов
Мурдагы билим берүү министри Кыргыз Республикасынын эл мугалими, мамлекеттик жана партиялык көрүнүктүү ишмер Мукаш Базаркулов 86 жаш курагында каза болгон. Базаркулов Кыргыз ССРинин билим берүү министрлигин 12 жыл бою жетектеген. Ошондой эле легендарлуу парламенттин депутаты болуп иштеген.
Кошой Исалиев
Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Кошой Исалиев 62 жаш курагында эки тараптуу пневмониядан каза тапты. Исалиев Биринчи улуттук эл каттоо, 2009-жылкы эл жана турак жай каттоо сыяктуу ири масштабдуу иш-чараларды жетектеп, 2002-2003-жылдары жүргүзүлгөн Биринчи айыл чарбалык каттоонун башында турган. Ага Кыргыз Республикасынын статистика тармагынын мыктысы наамы ыйгарылган.
Рахман Разыков
© Фото / предоставлено Эрнисом БорубаевымКуудул, маданияттын эмгек сиңерген ишмери Рахман Разыков
Куудул, маданияттын эмгек сиңерген ишмери Рахман Разыков
© Фото / предоставлено Эрнисом Борубаевым
Куудул, маданияттын эмгек сиңерген ишмери Рахман Разыков 66 жашында коронавирустун курмандыгы болду. Разыков "Бешилик", "Беш-Тапан" куудулдар тобун түзүп, чоң сахнага алып чыккан. Анын "Ар бир айдын алтысы, аралаштын азил-күлкү тамашасы" долбоору көпчүлүктүн колдоосуна татыган. Разыков куудулдардын сатираларын жазып, тасмаларда дагы роль жараткан.
Бакыт Жунушалиев
© Фото / сайт Агентство гражданской авиации КРЖарандык авиация агенттигинин мурдагы башчысы Бакыт Жунушалиев
Жарандык авиация агенттигинин мурдагы башчысы Бакыт Жунушалиев
Жарандык авиация агенттигинин башчысы Бакыт Жунушалиев 62 жаш курагында көз жумган. Жунушалиев диспетчерлик кызматтан тарта Жарандык авиация мекемелери ассоциациясынын президенттигине чейин жеткен. Транспорт жана коммуникация министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланып, "КРдин ардактуу авиатору" наамына татыган.
Үсөн Сыдыков
Саясатчы, мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков 78 жаш курагында каза тапты. 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарын аркалаган. 1995-жылдан 2000-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп, президенттин администрациясын да жетектеген. 2006-жылдан 2008-жылга чейин ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин мамлекеттик кеңешчиси, "Жаңы Кыргызстан" партиясынын лидери болгон.
Алексей Филатов
© Фото / Facebook/ Алексей ФилатовТеле алып баруучу Алексей Филатов
Теле алып баруучу Алексей Филатов
© Фото / Facebook/ Алексей Филатов
Белгилүү теле алып баруучу Алексей Филатов күздүн алгачкы айында күтүүсүздөн дүйнө салды. 33 жаштагы алып баруучунун коронавируска чалдыгып өтө оор абалда жатканы айтылган. Филатов КТРКдан "Хит-парад" шоу-программасын алып чыгуу менен элге таанылып, алып баруучуларды даярдаган жеке мектебин иштетип жүргөн.
Марат Саралинов
© Фото / пресс-служба МИД КРАрдагер дипломат, Кыргызстандын Кытайдагы мурдагы элчиси Марат Саралинов
Ардагер дипломат, Кыргызстандын Кытайдагы мурдагы элчиси Марат Саралинов
© Фото / пресс-служба МИД КР
Ардагер дипломат, Кыргызстандын Кытайдагы мурдагы элчиси Марат Саралинов 81 жаш курагында көз жумду. 1996-2001-жылдары Кыргызстандын Кытайдагы элчиси, 2003-жылы Кыргызстандын Дубайдагы генералдык консулу болуп эмгектенген. 2004-2005-жылдары КР президентинин администрациясында, 2005-жылдан тарта ТИМдин Дипломатия академиясында иштеген.
Мекен алдындагы эмгеги үчүн Даңк ордени, "Манас-1000" төш белгиси жана Ардак грамоталары менен сыйланган.
Майрамкан Абылкасымова
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова 84 жаш курагында дүйнө салды. Абылкасымова кыргыз поэзиясына кошкон салымы үчүн 1986-жылы Ардак белгиси ордени, 2005-жылы III даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Кыргыз эл акыны наамын, Ленин комсомолу сыйлыгын алып, 1984-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. "Ала-Тоо" журналында адабий кызматкер, поэзия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Ошондой эле "Аялзат" гезитинде башкы редактор, 1995-жылдан баштап "Курманжан датка" фондунун төрагасынын кеңешчиси катары иштеген.
1961-жылы акындын алгачкы "Кичинекей досторго" аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. "Чолпон", "Эстелик сүйлөйт", "Быйыл жаздын гүлдөрү көп" аттуу жыйнактардын автору. Анын ырлары орус, украин, казак, моңгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган.
Мар Байжиев
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев
Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев
Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев 86 жашында көз жумду. Байжиев "Кыргызфильм" студиясында, Маданият министрлигинде, "Литературная газета" басылмасында иштеген. "Манас" эпосу жөнүндө тасмага, "Алтын күз", "Ак илбирстин тукуму", "Бирөөнүн бактысы", "Нокдаун" өңдүү фильмдердин сценарийин жазган. Ошондой эле "Балдар бойго жеткенде", "Эрөөл", "Эр намысы", "Ар бир үйдө майрам", "Кыз-күйөө", "Алтынчы күнү кечинде", "Узак сапардагы поезд" пьесаларынын автору. Драматургдун пьесалары Москва, Ленинград шаарларынын, Германия, Польша, Чехословакия, Румыния, Австрия, Венгрия, Финляндия, Швеция, Канада, Монголия мамлекеттеринин театрларында коюлган. Мар Байжиев "Манас" эпосун изилдөөгө жана пропагандалоого зор салымын кошкон. Ал — "Манас" эпосу жөнүндө биринчи даректүү тасманын автору.
Гүлнара Суранчиева
© Фото / Кыргызский национальный драматический театр им. Т. АбдумомуноваГримёр Гүлнара Суранчиева
Гримёр Гүлнара Суранчиева
© Фото / Кыргызский национальный драматический театр им. Т. Абдумомунова
Белгилүү гримёр Гүлнара Суранчиева 74 жаш курагында дүйнө салды. Ал көп жыл Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында гримёр болуп эмгектенип, театрдын грим бөлүмүн жетектеп келген.
Майрамбек Тойгонбаев
2021-жылы журналист, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын эксперти Майрамбек Тойгонбаев көз жумду. Ал болгону 33 жашта эле. Тойгонбаев КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат-аналитикалык программасында кабарчы болуп эмгектенген. 2013-2014-жылдары Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында маалымат катчы болгон. 2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында сектор башчы, андан соң эксперт кызматын аркалап келген.
Алишер Мамасалиев
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБывший депутат Жогорку Кенеша Алишер Мамасалиев
Бывший депутат Жогорку Кенеша Алишер Мамасалиев
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев 49 жаш курагында көз жумду. Ал онкологиялык дарт менен алышып келген. Мамасалиев 2005-жылдагы март окуяларына активдүү катышып, эки жылдан кийин "Ак Жол" партиясы аркылуу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.