Мигранттарга жеңилдик бергиле. ЕАЭБ өлкөлөрүнө бир шарт менен сунуш айтылды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021
Жазылуу
Маалыматта ЕАЭБ өлкөлөрүнө аталган биримдикке мүчө болгон башка мамлекеттерден келген мигранттардын иш берүүчү менен келишими болсо жеңилдик берүү туурасында айтылууда.
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы ЕАЭБдин ичинде пандемия учурунда ээн-эркин жүрүүнү камсыздаган сунушту кабыл алды. Бул тууралуу аталган ЕЭКтин маалымат кызматынан кабарлады.
ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри Руслан Бекетаев ЕАЭБдин жарандарынын жумушка орношуусуна көмөк көрсөткөн ийкемдүү механизм түзүү зарылдыгын белгилеген.
Ошондой эле бирдиктүү интеграциялык аймакта эмгек миграциясы боюнча процесстерди жөнгө салуудагы иштердин жалпы ыкмаларын иштеп чыгуу сунушу боюнча кеп болду. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичине биримдикке мүчө болгон башка мамлекеттердин жарандарына иш берүүчү же компетенттүү органдар менен ишке орношуу боюнча келишими болсо, кирүүгө уруксат берүү сунушу айтылган.
Андан сырткары, саламаттык сактоо тармагындагы кооперациялык долбоорлор, баарынан мурда илимий изилдөө, профилактика боюнча жаңычыл ыкмаларды тереңдетүү, жугуштуу ооруларды аныктоо жана дарылоо боюнча сунуштарды беришти.
Бекетаевдин айтымында, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана саламаттык сактоо тармагындагы кооперациялык долбоорлор ЕАЭБ мамлекеттеринде илимди интеграциялоого шарт түзүүгө, жаңы билимдерди алууга жана илимий байланыштарды түзүүгө жардам берет.
Московска обласында мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралууда. Шарты
Жаңылыктар түрмөгү
0