АКШ Россиядан кечирим суроого аргасыз болобу? Ой толгоо

© REUTERS / Evelyn HocksteinАКШ президенти Жо Байден
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2021
Жазылуу
Батыш Россия белгилеген "кызыл чийиндерге" кандай реакция кылууга баш катырууда. Анткени Москва тарабынан берилген АКШ жана НАТО менен макулдашууларды четке кагуу оңой-олтоң иш эмес.
Катаал стратегияны колдогондор, башкача айтканда, Россияны дүйнөгө жаманатты кылууну жана тирешти улантууга басым жасагандар ал берген сунуштарды талкууламак тургай, терс реакция жасалбаса Россияга жеңилип берүү эле эмес, "Украинага кол салууга" Путинге дем береринен чочулоодо. Петр Акопов Батыштын Москванын сунуштарына реакциясынын тегерегинде ой толгогон. Анын бул макаласы РИА Новости сайтында жарык көрдү.
The Wall Street Journal: "Путиндин талаптары АКШ менен НАТОну басынтат" жана "анын бекемделип келе жаткан ишенимин, Батыш аны токтотууга олуттуу кадам жасабайт дегенге ынанганын айгинелейт", – деп жазды.
Атлантисттерди Украинага кол салбай турганына ынандыруунун деле Россия үчүн кажети жок. Ал түгүл азыркы шарттарда – Батыш өзү ойлоп чыгарган "орус коркунучуна" өзү ынанып алган чакта тынчтыкты самаганын далилдөө деле зарыл эмес. Атлантикалык стратегдердин акыл-эстүүлөрү россиялык кызыкчылыктарды көзгө илбөө саясаты маңызсыз, Россия менен тил табышуу мүмкүн эле эмес, зарылдык экенин аңдашат.
Россиянын кызыкчылыгы постсоветтик мейкиндикте гана эмес, анткен менен ага карата "кызыл чийинди" катуу белгилейт. Дегеле РФтин дүйнөнүн дээрлик бардык чөлкөмдөрүндө кызыкчылыгы бар, географиялык абалын эске алганда алардын баары Россияга коңшу экени маалым. Чындап эле Россия Норвегия жана Монголия менен чектешкен жөн гана евразиялык гана эмес, тынч океандык держава да эмеспи. Башкача айтканда, Кытай менен Япония гана тургай, бүтүндөй Түштүк Азия — Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясына (АСЕАН) мүчө-өлкөлөр да РФке жакын саналат.
Си Цзиньпин Владимир Путин менен сүйлөшүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
АКШнын Россия менен Кытай үчүн сабагы. Ала кушту атынан атаганда
Жакынкы Чыгыш — чек ара аймагы, анткени Каспийде Россия менен Иран чектешет. Чек арасынан ыраак жалгыз Түштүк Америка (бул жак менен да Тынч океан гана бөлүп турат) жана Африка гана болсо керек. Бирок ал жакта да олуттуу кызыкчылыктары жана тарыхый байланыштары бар. Батыштын Совет маалындагыдай бүт дүйнөнү Россия менен күрөшүүчү аянтча катары көрүшү эми акылга сыйбайт. Анткени Россия альтернативалык глобалдык система түптөөнү көздөбөйт, ошол эле учурда Батыштын да глобалдык үстөмдүк кылууга күчү да, каражаты да жок. Анан калса жаңы көп полярдык дүйнөгө карай жолдо Россия кыйраткыч жана өрт койгуч эмес, тескерисинче, конструктивдүү жана жоопкерчиликтүү оюнчу катары ролду аркалайт.
Россия үчүн жалпысынан дүйнөлүк башаламандыкка да, дүйнөнүн бөлүктөрүндө да кырдаалды туруксуздашына жол бербөө чоң мааниге ээ. Куру дегенде эле бул аймактардын басымдуу бөлүгү – коңшулары, РФ коңшу көчөдө өрт жалбырттап турушун каалабайт.
Россия жаңы дүйнөлүк тартипти самайт, аны жаратууга жан үрөйт, башка держава-цивилизациялар менен биргеликте аны кура аларына ынанат. Бирок атлантикалык долбоордун чукул кыйрашынын да ага кереги жок, атлантикалык доордун жаңы дүйнөгө көзөмөлдүн чегинде өтүшү абзел. Айтмакчы, бул Батыштын өзүнүн стратегиялык кызыкчылыгы үчүн да жакшы. Үстөмдүк кылуучу позициясынан таасирдүү глобалдык оюнчу ролуна өтүшү көзөмөлдөн чыгып кетпеши керек. Кийин Афганистандагыдай жыйынтыкка кабылбаш үчүн ошол эле Жакынкы Чыгыштан да четтөө кылдат пландоону талап кылат.
The Foreign Policy басылмасындагы Анатоль Ливендин (чөлкөмдөгү англосаксондук адистердин бири) "Жакынкы Чыгышта Россиянын кадамдары туура" деген макаласы бүйүр кызытат. Автор: "Аймакта соңку жыйырма жылда абалды АКШ көбүрөөк бузду. Россия маанилүү маселелер боюнча америкалык саясатка туруштук бере алды. Алардын Москва жана чөлкөм үчүн гана эмес, АКШ менен Батыштын өзү үчүн да объективдүү түрдө туура болгонун кийин мезгил айгинеледи", – деп жазат.
Инаугурация 46-го президента США Джо Байдена - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Путинден америкалыктар эмне күтүп, кандай коркутууларга барат?
Жалпылай келсек, Россия Жакынкы Чыгышта АКШнын кызыкчылыгына доо келтирмек тургай, тескерисинче, колдоп келгени баяндалат аталган макалада. "Маанилүү маселелерде америкалык долбоор 1980-жылдардагы Советтер Союзунун далалатын эске саларын орустар туура баамдаган" деп баалаган. Анатоль Ливен Владимир Путин Американын Иракты басып киришине да, ливиялык операцияларга да каршы чыгып, мамлекеттерди талкалап жана башаламандыкка түртүүгө алып келген "демократияны экспорттоо" аракеттерин сынга алганын эске салат. Ошондой эле эксперт 2011-жылы Жо Байден менен Хиллари Клинтон Обамага египеттик президент Мубарактын отставкасын колдоо жакшы жыйынтык алып келбешин, анткени анын ордун баса турган киши жоктугун айтышканын да кошо кеткен. Алар Россия сымал эле Сириядагы Асаддын кулатылышын каалашкан эмес, себеби бул араб дүйнөсү үчүн ири мааниге ээ өлкөнү башаламандыкка кептей турганын көрө билишкен.
Негизи эле Жакынкы Чыгышта согуш оту дал Кошмо Штаттардын айынан тутанган эмес беле: америкалыктар Иракты басып кирүү менен чатактын башын баштап койгон. Ливен жазгандай, азыр Байдендин администрациясы эки өлкөнүн кызыкчылыгы шайкеш келген жерде кызматташууга ниеттенет.
Акыркы жыйырма жылдагы Жакынкы Чыгыштын тарыхы көрсөтүп тургандай, жок эле дегенде ушул багытта кызматташуу үчүн чындап эле бекем негиз бар. Бирок анын андан ары өнүгүшү үчүн америкалык саясатчылар ич ара болсо деле Россия көп учурда туура кадамга барып, ал эми Америка аша чапканын моюнга алышы шарт деген оюн ортого салат Ливен. Ал эми ошондой болушу мүмкүнбү? Буга жооп Россия үчүн эмес, эң оболу Американын өзүнө зарыл. Себеби бул Жакынкы Чыгышта өздөрүн өздөрү түрткөн туңгуюктан чыгуу үчүн сөзсүз керек. Кетирген катачылыктарын аңдап, алардан бүтүм чыгарбаса Кошмо Штаттар өз жагдайын гана начарлатат. Анан да чөлкөмдө Россиянын кызыкчылыктарын эске албастан аракет этүү эми таптакыр мүмкүн эмес.
Бул Жакынкы Чыгышка гана тиешелүү эмес, бирок бири-биринин өз ара кызыкчылыгын макулдашуу саясатына өтүүгө дал ошол чөлкөмдө реалдуу мүмкүнчүлүк бар. Дүйнөнүн жаңы тартиби эбак түптөлүүдө, аны көз жаздымда калтырган болбойт.
АКШнын аскердик машыгуулары учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2021
Ачык асман келишиминин бузулушу. АКШнын кесепети кооптуу демилгеси
Жаңылыктар түрмөгү
0