Ачык асман келишиминин бузулушу. АКШнын кесепети кооптуу демилгеси

© AFP / FADEL SENNAАКШнын аскердик машыгуулары учурунда. Архив
АКШнын аскердик машыгуулары учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2021
Жазылуу
Россия 18-декабрда Ачык асман келишиминен расмий түрдө чыкты. Бул – Вашингтондун 2020-жылдын 22-ноябрындагы аталган макулдашуудан чыгуу кадамына жооп.
Планетадагы коңшуларын атабаганда да Кошмо Штаттардын европалык жана азиялык союздаштарынын кызыкчылыгын ойлобогон учурлары көп кездешет. Эл аралык коопсуздук үчүн кыйратуучу күчкө ээ ушул аракети да – буга көрүнүктүү мисал.
Эске салсак, андан мурун Вашингтон өз кызыкчылыгына "ыңгайсыз" Ракетага каршы коргонуу тутумдарын чектөө, Чакан жана орто аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимдеринен бир тараптуу тартипте чыгып кеткен. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко дүйнөлүк коопсуздук жаатындагы келишимдердин тегерегинде кеп салган.
Кезекте Космос боюнча келишим болушу ыктымал. Ал макулдашууга ылайык космостук мейкиндикте жапырт кыйратуучу куралды жайгаштырууга тыюу салынат (АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн X-37 шаттлынын узакка созулган космостук миссиясы дале купуя сыр бойдон). Американын жаркын келечеги үчүн күрөштө Пентагонго толук эркиндик берилиши керек, бул – глобалдуу, стратегиялык приоритет. Ал эми европалык коопсуздук тутумун капарга илбей деле коюуга болот.
1992-жылы 24-мартта Хельсинкиде кол коюлуп, 2002-жылдын 1-январында күчүнө кирген Ачык асман макулдашуусу ЕККУ (ОБСЕ) 57 мамлекеттин (анын ичинде АКШ жана Канаданын да) 34үнүн аба мейкиндигинде атайын фотоаппаратурасы бар чет өлкөлүк учактардын ченем менен учушуна уруксат берген. АКШ жана курамында Беларусь Республикасы менен Россия бар топтун аскердик ишмердигин көзөмөл квотасы жыл сайын ар кыл өлкөлөрдүн асманында 42 учушту түзгөн.
Германия, Канада, Франция, Улуу Британия, Италия, Түркия жана Украина 12 ирет уча алышчу. Учуштар тууралуу кабар катышуучулардын баарына ачык жалпы маалыматтар базасына түшүп турган. Чалгындоо инструменти катары бул келишимдин маанисин ашыра баалоонун кажети жок. Россия, Кытай, НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн аскердик багыттагы заманбап космостук аппараттары потенциалдуу душманынын аба мейкиндигинде дайым эле "асылып" турат. Башкача айтканда, ыкчам маалыматтардын алда канча чоң көлөмүн топтоого жөндөмдүү.
Россиянын МиГ-31К истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Гипер үндүү куралдар жаатындагы жарыш. АКШ Россиядан кыйла артта
Ошентсе да Россиянын активдүү катышуусу менен иштелип чыккан келишим ишеним, ачыктыктын маанилүү аскерий-саясий символу, тарыхый оптимизм үчүн кандайдыр негиз болчу. Ошондуктан Кремль 2020-жылы 22-ноябрда Вашингтондун Ачык асман келишиминен чыгып кеткенде чын дилден кейигенин билдирген. Кошмо Штаттар ошол кадамы боюнча Россия тараптын макулдашуунун кайсы бир пунктуларын аткарган жок (мисалга, көз карандысыз Абхазия жана Түштүк Осетияга жакын россиялык чек араларды бойлой америкалык учактардын учушуна тыюу салган) деп актанган.
РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков америкалык тарап болбосо келишим "жөндөмсүз" экенин белгилеген. Келишимде калган НАТОнун башка мүчөлөрү Россия жана анын жакынкы союздаштарынын аскердик ишмердиги жөнүндөгү "жалпы маалыматтарды" Пентагон менен бөлүшүшү мүмкүн. Төмөнсүткөн мындай кырдаалга Москва жол бербейт.
Вашингтон алгачкылардан болуп бири-биринин аба мейкиндигинде айланып учуу демилгесин ("ачыктык саясаты" деген амал менен чалгындоо) көтөргөн, ал эми кийин келишимди аткарууну санарипке өткөрүүнү (илимий-техникалык артыкчылыкты жүзөгө ашыруу) демилгелеген.
"Өнөктөштөрүнө" аэрофото тартууга өз территориясындагы аскердик объектилерди ачуу Россия үчүн жөнөкөй чечим болгон эмес. Ал эми РФ "ачык асман" учактарына санарип аппаратураны жасап чыкканда Кошмо Штаттар "учууга болбой турган зона" деген өңдүү жана башка бөгөттөрдү ойлоп чыгара баштаган.
АКШ мамлекеттик департаменти РФ Ачык асман келишиминин алкагындагы сүрөттөрдү "таамай куралдары менен АКШ жана Европадагы өтө маанилүү инфраструктураларга сокку уруунун агрессивдүү жаңы россиялык доктринасы үчүн колдонууда" деп айыптаган.
Ачык асман келишиминин тарыхында АКШ жана НАТО бир тараптуу артыкчылыкка ээ болуу, фактыларды эч уялбастан бурмалоо, каратып туруп калп айтуу, күнөөнү башкага оодарууга аракеттери айран таң калтырат. "Демократиялык эмес" Россия же Кытайды айыптоолордун аркасында бөлөк өлкөлөрдүн эсебинен АКШда керектөөнүн жогорку деңгээлин сактоого умтулуу жатат. Вашингтондун Ракетага каршы коргонуу тутумдарын чектөө, Чакан жана орто аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү, Ачык асман келишимдеринен чыгышы жалпы стратегияны чагылдырат.
Европалык жана тынч океандык согуштук аракеттер театрындагы "булуттуу, көп домендүү" сценарийлерди андан ары өнүктүрүү үчүн Пентагон ракеталык, анын ичинде перспективдүү гиперүндүү куралдарды жайгаштыруунун географиясы, ыраактыгы, тиби боюнча келишимдик чектөөлөрдүн жоюлушун көздөйт.
Куралчан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
"Жихад" уланууда: талибдер өзбектерди, ИМ* Өзбекстанды мээлеп турган чагы
Пентагондун оңтойсуз аракеттери АКШнын европалык жана азиялык союздаштарына залал келтирип коюшу мүмкүн, бирок кесепеттери болбогон глобалдык саясатты жүргүзүү мүмкүн эмес. Эски дүйнөдөгүлөр муну түшүнөр бекен?
Берлинде 23-ноябрда өткөн "атлантисттердин" конференциясында Ачык асман боюнча диалог курулган.
Немец атлантикалык ассоциациясынын башкаруу тобунун өкүлү Вернер Зонне:
- Чыгыш менен Батыштын ортосундагы кызматташуунун абдан маанилүү инструменттеринин бири – Ачык асман келишими, тилекке каршы, бузулду. НАТО тарабынан ага кайра кайтууга даярдык барбы? Абдан маанилүү бул инструментке кайра кайтуу үчүн Россия менен сүйлөшүүгө барууга даярсыздарбы?
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг:
- НАТО куралданууну көзөмөлдөө, анын ичинде Ачык асман келишими боюнча да иш алып барат, бирок Россия тараптан аларды аткарууда айрым көйгөйлөргө күбө болдук. Россиянын чечимине да кейип турабыз, бирок биз диалогго даярбыз. Мен үчүн куралданууну көзөмөлдөө боюнча диалог – чабалдыктын белгиси эмес… Биз өзүбүзгө ишенебиз, биз күчтүүбүз, биз бирдиктүүбүз, ошондуктан Россия менен сүйлөшүүдөн эч качан коркпойбуз.
Ошентип суроо так узатылганы менен ушундай бүдөмүк жооп берилген.
Ачык асман келишимин Кошмо Штаттар өз кызыкчылыгынан улам бузганын билип, түшүнүп туруп Столтенберг ушинтип амалданууда. Германия жана Европа биримдигинде буга каршылык көрсөтүлгөнү менен Вашингтонго демократиялык талкуу да талап кылынган эмес.
Диалогдун андан аркы өрчүшүндө же Батыштын Чыгыш менен тирешинде Түндүк атлантикалык альянс эркиндиктин чектелген даражасына ээ. Келишимдер тутуму эми чектебейт, европалыктардын пикири роль ойнобойт. Пентагондун орточо аралыктагы гиперүндүү ракеталары АКШда сыноолордон өтпөй калганы үчүн гана Европага жайгаштырыла элек деп боолголойм.
РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов жакында эле: "Европа жана Азия-Тынч океан чөлкөмүндө орто жана чакан аралыктагы ракеталардын жайгаштырылышы аймактын жана глобалдык коопсуздукка орчундуу коркунуч туудурат. Ошол себептен андай ракеталарды жайгаштырууга өз ара мораторий жөнүндөгү сунушубуз күчүндө" - деп билдирди.
Ачык асман келишими боюнча эми болору болду, бирок РФ Тышкы иштер министрлиги апта аягында коопсуздук кепилдиктери жөнүндө АКШ жана НАТО менен келишимдер долбоорлорун жарыялады.
Эгер тирешти ырбатпоо боюнча Москванын сунушу "өнөктөштөрүнө" туура келбесе, "коопсуздуктун жаңыдан теңделишине" ынандырбаса, анда дүйнөнү орус куралынын көркөмдүгү сактап калат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Севастополь после вхождения Крыма в состав Российской Федерации - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2021
"Донбасс" эмнеге Кара деңизге чыккан жок? Чагымчылдык тыйылбайбы
Жаңылыктар түрмөгү
0