АКШнын Россия менен Кытай үчүн сабагы. Ала кушту атынан атаганда

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүСи Цзиньпин Владимир Путин менен сүйлөшүү учурунда
Си Цзиньпин Владимир Путин менен сүйлөшүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жазылуу
Россия менен Кытайдын ортосунда коңшу ири держава катары атаандаштык да, тигил же бул багыт боюнча ача пикир да бар.
Россия менен Кытайдын алакасы союздаштык деңгээлинен өтүп бара жатат. Бул тууралуу Си Цзиньпин Владимир Путин менен сүйлөшүп жатканда айтты. Иш-чара видеоконференция форматында өтсө да аны толук кандуу сүйлөшүү деп Кытай лидери 2013-жылдан бери (Си Кытайдын башкара баштагандан тарта) эки жетекчи 37 жолу жолугушканын белгиледи.
Коронавирус болбогондо бул сан эбак 50дөн ашып калмак, акыркы жолу Путин менен Си 2019-жылдын январында көзмө-көз сүйлөшкөн. Ага чейин жыл ичинде эле бир нече ирет жолугуп турушчу. Экөөнүн кайрадан кол кысыша турчу учуруна деле аз калды: февралдын башында Путин Пекинге барып, АКШ менен англосаксондук өлкөлөр бойкот жарыялап жаткан сүйлөшүүлөргө да, Олимпиаданын ачылыш салтанатына да катышат. Дал ушул Пекин шаарында 2008-жылы өткөн Олимпиада АКШнын президенти ачылышына катышкан жападан жалгыз чек жактагы оюндар экенин көпчүлүк аңдабаса керек. Ал кезде Жорж Буш эле эмес, америкалык элитанын басымдуу бөлүгү Кытай глобализация жаатында экинчи ролго макул болот деген пикирде эле. Россия жакпаса да регионалдык держава болуп, Москва — Вашингтон — Пекин мамилеси биринчи кезекте Американын айтып-дегени менен калыпка салынат деген. 13 жыл өткөн соң дүйнө коомчулугу таптакыр башка көрүнүшкө күбө болду.
Жок, Россия менен Кытай аскердик-саясий биримдик деле түзүп алган жок, бирок батыш блогун түзгөн мамлекеттерди карап отуруп ортодогу алака чындап эле союздаштыктан жакындап бара жатканын боолголоого болот. Анткени алардын мамилеси кичүүлөрүнүн улуусунан, англосаксондук түшүнүктөн көз карандылыкка негизделсе, Россия менен Кытайдын алакасында тең укуктуулук менен жалпы кызыкчылык чоң мааниге ээ. Мында улуттук кызыкчылык (өлкөнүн өзүнүн потенциалын чыңдоо) менен бирге эле глобалдуу, башкача айтканда, атлантикалык долбоордун урандысынан жаңы дүйнө түзүлүшүн, жаңы системаны түптөө башкы орунда турат.
АКШнын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Алаңгазарлыкка алдырып... Согушту көксөгөндөр барбы?
Ошол уранды таптакыр тамырын жайып кете электе, тагыраагы, ишке ашпай калган англосаксондук гегемония глобалдык башаламандыкты алып келбеши үчүн, Кытай менен Россияга кедергиси тийбеши үчүн орус-кытай байланышы зарыл. Демек, Москва менен Пекиндин жакындашуу стратегиясы аба менен суудай керек нерсе. Бул эки өлкөнүн мамилесине эч кандай тышкы күчтөр таасир эте албайт. Эбак эле түшүнүктүү болсо да дагы бир кайталап койчу нерсе бул.
Дал ушул себептен улам Си Цзиньпин сөзүн эки өлкөнүн ортосуна чок таштоого аракет кылгандарга караманча каршы болуп келген Путиндин кадамдарына жогорку баа берүү менен баштады. Чынында эле Путин кечээ жакында эле "айрым батыштагы өнөктөштөр ачык эле Москва менен Пекинди араздаштырууга аракет кылып жатканын" эске салып, мындайга Москва менен Пекин эл аралык аренада чабын кеңейтүү менен жооп берерин билдирген. Башкача айтканда, чок салууга аракет күчөгөн сайын эки мамлекет жакындаша бермекчи. Баса, бул сөз Си менен Байдендин видеожолугушуусунан эки күн өткөн соң жаңырган, ал эми бир жума мурун Байден менен Путин жолукту. Америкалыктардын жүргүзүп жаткан оюну эч кимге жаңылык эмес: Вашингтон Москва менен Пекиндин мамилесин бузуу үчүн Россия-Кытай пикир келишпестиктерин күчөтүп, дагы деле баарын артка кайтаруудан үмүт үзө элек.
Албетте, Россия менен Кытайдын ортосунда коңшу турган ири держава катары атаандаштык да, тигил же бул багыт боюнча ача пикир да бар. Бирок Путин да, Си да америкалыктарга ушул пикир келишпестиктерден пайдаланып калуусуна эч мүмкүнчүлүк бербөө керектигин жакшы түшүнүшөт. Ушу тапта Россия менен Кытайды бириктирип турган нерсе ажыратып койчу нерседен оголе баалуу. 1960-жылдардагы катаны кайталоого Москва менен Пекиндин укугу жок.
Зимние Олимпийские игры 2022 года в Пекине - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Салт бузарлар Олимпиаданы жеңсек дейт. Пекинге жарыяланган бойкот
Ал жылдары союздаштык мамиле бузулуп, 70-жылдары эле америкалыктар анын үзүрүн көрө баштаган. Эгер ошол чыр болбогондо Кытай Эл Республикасы менен СССРдин эле тагдыры эмес, бүтүндөй дүйнө тарыхы башка нук менен кетмек.
Ооба, тарыхты артка кайтара албайбыз, бирок ал бизге өткөндөн сабак алууга мүмкүнчүлүк берет. Россия менен Кытай алакалардын жаңы тарыхы менен жакшы тааныш, андыктан антлантикалык оюнчулардын баш оорусуна көз салып карап тура алат. 10 жыл мурун эле баары түшүнүктүү болчу да: Россия глобалдуу оюнчу болуудан калган (керек болсо Путинге Кремлге кайтпай эле коюу сунушталган эле), Кытай эртеби-кечпи кичүү өнөктөш макамына макул болмок, ал эми Москва менен Пекин бири-бирине ишенбегендиктен орус-кытай альянсы олку-солку абалда эле. Анан эмне болуп кетти? Океандын ары жагындагылар азыр ушуга баш катырып жаткан чагы.
Жеңилген тарап үчүн утулганын мойнуна алуу өтө оор, ал жылдап созулуп кетсек андан бетер азап. АКШнын (атлантикалык долбоор) кыйроо процесси жылдап эмес, он жылдап созулууда, азырынча Тайвань менен Украина сыяктуу Кытай менен Россияга басым жасоого куралы бар. Бирок стратегиялык жактан алып караганда атлантисттер утулушта. Муну түшүнгөндөр Москва менен Пекин эле эмес. Бул эки мамлекет болгону ошол ирмемди активдүү жакындатып, ала кушту атынан айтып келишет.
Президент США Джо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Байден эмне себептен Россияга каршы коалиция топтой албады? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0