Россиянын Батышка талабы: ал кабыл алынбаса жагдай кандай болот?

© Sputnik / Алексей МайшевРоссия Кремли жана Тышыкы иштер министирлиги. Архив
Россия Кремли жана Тышыкы иштер министирлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Жазылуу
РФ Тышкы иштер министрлиги АКШ жана НАТО менен келишимдеринин долбоорун жарыялаганы Батышты кыжырдантып да, санаага да салды өңдөнөт. Өткөн жуманын аягынан тарта эксперттердин пикиринде "кызыл чийиндер", "ультиматум" өңдүү сөздөр улам жаңырууда.
Бул тегин жерден эмес. Россия мамлекети далайлар күтүп келген, ал тургай айрым саясий күчтөр бир топ жылдан тарта талап кылып келген кадамга барып отурат. Бирок бул РФтин тышкы саясий салтына таптакыр жат болгондуктан мындай аракет бөтөнчө бир окуянын белгиси экени талашсыз. Ушундай ой учугун чубаган Ирина Алкснистин макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Кеп аскердик маселелер жөнүндө жүргөндүктөн тынчсызданууга да, кыжырданууга да себептер толуп жатат. Негизи эле дээрлик сегиз жылдан бери Россия менен Батыштын алакасындагы чыңалуу жалпыга жашыруун эмес. Эки державанын мамилесиндеги курч кризистердин биринин аркасынан бирине күбө болуп келебиз. Москваны болгон терс жагдайларга айыптоо Батыштын адатына айланып калды.
Эмнеге дал ушул тапта Россия ушундай кадамга барды? Эмне үчүн бул чечим Батышта РФ Украинага карата агрессивдүү ниетте деп айыпталып, медиа-саясий долулук күч алып турган жарым жыл мурун кабыл алынган эмес? Скрипалдардын иши, Донбасстагы "Боингдин" атып түшүрүлүшү же Сириядагы химиялык чабуулдарга айыпталып жатканда эмнеге бул маселе көтөрүлгөн эмес эле? Эмне өзгөрдү? Эмнени күтүүгө болот? Мунун ар кыл аспектилери бар. Бирок бул сапар Россия менен Батыштын мамилеси да эмес, айрыкча экономикадагы дүйнөлүк жалпы кырдаал аныктоочу фактор болууда. Анткени АКШ жана анын европалык союздаштарынын глобалдык үстөмдүгүнүн маңызы экономикалык чөйрөгө топтолгон. Азыркы системанын демилгечилери да, ченемсиз пайдасын көргөндөр да ошолор.
Узап бараткан жылдын негизги окуясы планета кабылган глобалдык каатчылыктын ачык баскычына өткөнүбүз болду көрүнөт. Мунун башаты дал Батыштын өзүндө эмеспи. Кошмо Штаттар жана европалык өлкөлөрдүн каржылык жөнгө салуучу түзүмдөрү өз жарандарын жогорку инфляция утурумдук экенин жана жакында баары калыбына түшөрүн айтып жооткотууга деле ашыкпайт. Өндүрүштүк-логистикалык байланыш үзүлүп, бир катар товарлардын таңсыктыгы турмуштун кадыресе бөлүгүнө айланып барат.
Энергетика катуу каатчылыкка кабылып, кубаттуулук баалары рекорд коюп элдин капчыгын эңшерүүдө. Айыл чарбасындагы адистер жер семирткичтердин таптакыр жетишсиздигинин айынан келерки жылы дүйнөлүк азык-түлүк каатчылыгы болушу ыктымал деп үрөй учурууда. Планетанын башкы фондулук рынокторунда болуп көрбөгөндөй "көбүктөр" пайда болду. Көйгөйлөрдүн тизмесин дагы улай берсек болот.
Россия сегодня эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Киселев: эгерде Батыш "кызыл сызыктан" өтсө, Россия күч колдонууга даяр
Кээде азыркы абалда өзгөчөлүк деле жок, себеби маал-маалы менен болуп турчу рецессиялар экономикалык турмуштун ажыратылгыс бөлүгү деген пикирлер да жаңырат. Маселен, 1970-жылдар Батыш үчүн экономикалык жактан оңой мезгил болгон эмес. Инфляция ашкере күчөп, ошондой кырдаал бир топ жылга созулган. Ал эми 2008-2009-жылдардагы каатчылык бир топ машакатка салганы менен аягы аздыр-көптүр дурус чечилген.
Кадыресе кырдаалда бул аргументтер чындап эле жетиштүү болмок. Бирок кептин баары өзгөчө жагдайда жашап жатканыбызда: глобалдык экономикалык система кадимки форматта өнүгүүдөгү өз потенциалын толугу менен коротуп бүттү. Эми жыл сайын, ар айда жана ал түгүл күндө Батыш өз макамын сактап калууга катуу чараларды көрүүгө мажбур. Андай аракеттердин бири – 2008-2009-жылдардагы каатчылыкты жоюу үчүн башталган эсептик жумшартуу саясаты. Бирок экономисттер арасында ошол кадамы менен Батыш келерки каатчылыктын андан да катуу болорун кепилдеп койгон деген пикирлер бар.
Инфляция, жогоруда аталган көйгөйлөр – дүйнөлүк экономикага салынган, эч нерсе менен камсыздалбаган эбегейсиз көлөмдөгү суммалар да Европа жана АКШнын каржылык жөнгө салуучу органдарынын көзөмөлүнөн чыгып кеткенинин белгиси. Кырдаал азыр жооптуу структуралардын административдик чараларына баш ийбеген тейде өнүгүүдө. Ал эми мындайда Россиянын (Кытай жана дүйнөлүк тутумдун өзгөрүшү үчүн жан үрөгөн башка державалардын да) алдында кош милдет турат.
Бир жагынан аларга АКШнын глобалдык тактыдан оодарылышын тездетүү үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Анткени Батыштын чабалдай баштаганына бир топ болсо да, ушул таптагы кризистик абал, процесс жаңы деңгээлге чыкканын айгинелеп турат. Улуттук экономикасынын тынымсыз иштөөсү жана бөлөк өлкөлөр менен мамилесинин өрчүшү үчүн РФ өзүнүн – батыштагыларга альтернативдик стратегиялык механизм жана процедураларын иштеп чыккан маалда да мындай абал өтө орчундуу. Бул товар өндүрүүдө болсун, мейли каражаттардын кыймылы, акчалай эсептер, маалымат таркатуу, кызыкчылыктарды макулдашуу жана дагы толгон-токой нерселер болсун, мааниси кабелтең.
Экинчи тараптан, учурдагы абал тобокелдиктерди, анын ичинде аскердик да коркунучтарды кескин түрдө күчөтөт. Белгилүү болгондой, бурчка такалган жырткыч өзгөчө кооптуу эмеспи. Эгер Батыштын – көпчүлүгү жылуу-жумшак кеңсесинен чыкпай, кыйынчылык эмне экенин билбеген элитасынын деградацияга тушукканын эске алсак, алар тараптан акылга сыйбаган кадамдарды күтпөй коюуга болбойт.
Эгер Москванын демилгелерин ушул көз караштан карасак, АКШ жана НАТО менен келишимдеринин долбоорлору эки милдетти тең чечүүгө багытталган. Биринчиден, алар – маңызы жана формасы жагынан талкууга коюлган сунуш эмес, кыңк этпестен баш ийүү талабы сымал. Экинчиден, дал аскерий маселеге болушунча басым жасоо жана Москванын болуп көрбөгөндөй катуу расмий риторикасы Россия моралдык да, техникалык да, жана башка бардык мааниде окуянын бардык өнүгүшүнө даяр экенин тастыктайт.
Батыштын башкы штабдарында ушул тапта НАТОнун объектилери бекемделип, россиялык чек араларга жакын операциялары пландалып жатканын болжоого болот. Москвадагылар андай көрүнүштөрдү Россияга каршы чагымчылдык катары санап, "чара көрө турган болсо", альянсты бул аймактардан чыгып кетүүгө мажбурлай турганын алар жакшы билишет. Айтор, дал аскерий багыттагы Россиянын катуу кысымы Батышта кызуу кандуулукка алдыргандарды "салкындатууга" багытталган. РФке каршы аскерий усулдарды пайдалануу глобалдык каатчылыкты Россиянын эсебинен жеңүү ыкмасы катары анын "өнөктөштөрүнүн" оюнда экени бышык. Өткөн кылымдагы Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы да муну көрсөтпөдү беле. Бирок азыр буга жол берилбейт.
Си Цзиньпин Владимир Путин менен сүйлөшүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
АКШнын Россия менен Кытай үчүн сабагы. Ала кушту атынан атаганда
Жаңылыктар түрмөгү
0