https://sputnik.kg/20211220/russia-kiselev-kuch-koldonuu-rossiya-1060576679.html
Киселев: эгерде Батыш "кызыл сызыктан" өтсө, Россия күч колдонууга даяр
Киселев: эгерде Батыш "кызыл сызыктан" өтсө, Россия күч колдонууга даяр
Sputnik Кыргызстан
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Батышка кооптуулукту жаратпоого жана Украина менен байланышкан кырдаалда Кариб кризисин... 20.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-20T22:35+0600
2021-12-20T22:35+0600
2021-12-20T23:09+0600
дмитрий киселев
"россия сегодня" эма
пикир
батыш
интервью
россия
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/14/1060576159_0:140:2755:1690_1920x0_80_0_0_b84d24d7171b74f1a82880b22299f173.jpg
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Эгерде Батыш "кызыл сызыктан" өтүп кетсе, Россия 100 пайыз күч колдонууга даяр. Бул туурасында "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин (ЭМА) башкы директору, Россия-1 телеканалындагы "Вести недели" программасынын алып баруучусу Дмитрий Киселев Би-би-си телерадиокомпаниясына маек берип жатканда айтты.Бирок баары бир кызыкчылыктарды айкалаштырып жана ракета учуп жете турган аралык — төрт мүнөттүк абалга Россияны кептебеген оң деген пикирин билдирген.Анын айтымына караганда, Россия Батышка кооптуулукту түзбөөнү айтып-деп жатат, болбосо бардыгы радиоактивдүү күлгө айланат.Киселев аны менен бирге эле Батышты Украина боюнча кырдаалда Кариб кризисин кайталап алуудан алыс болууну эскертти.Америкалык же британиялык курал Москвага, Россияга Украинанын аймагынан учуп жеткендей эле, россиялык ракеталар кыска мөөнөттө касташкандардын аймагына түшөрүн айткан.Жетинчи декабрда РФ менен АКШ лидерлери Владимир Путин менен Жозеф Байден жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен Ак үй "Байден маектешип отурганда Украинанын тегерегиндеги абалга тынчсыздангандыгын билдирип, аны дипломатиялык жол менен жөнгө салууга чакырды" деген маалымат тараткан. Путин америкалык кесиптешин Украинанын Минск макулдашуусун аткарбагандыгын жана келишимдерге саботаж кылгандыгын белгилеген. Андан сырткары, НАТО Украина аймагына жайгашуу боюнча кооптуулукту жаратып, Россия чектеринде согуштук мүмкүнчүлүгүн арттырып жаткандыгын эске салган. Путин АКШ башчысына "кызыл сызыктар" – НАТОнун чыгышка андан ары жылышы жана Украинага чабуулдук курал-жарактарды жайгаштыруу болорун айткан.Россия ТИМи 17-декабрда Россиянын АКШ жана НАТО менен коопсуздук кепилдиктери боюнча келишиминин долбоорун жарыялады. Документ Вашингтон жана анын союздаштарына берилген. Андагы пунктулардын биринде НАТОнун Украинанын аймагына альянсты жайылтпоо кепилдигин берүүсү айтылган. ТИМ башчысынын орун басары Сергей Рябков РИА Новостиге эгерде НАТО менен АКШ Россиянын коопсуздук кепилдиги боюнча талабына жооп кылбаса, ал тирешүүнүн жаңы жолу жараларын айткан.
https://sputnik.kg/20211219/akshnyn-kesepeti-kooptuu-demilgesi-1060534148.html
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/14/1060576159_0:0:2479:1859_1920x0_80_0_0_8c35be2bb9a67c61c15e0fb871d4b633.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дмитрий киселев, "россия сегодня" эма, пикир, батыш, интервью, россия
дмитрий киселев, "россия сегодня" эма, пикир, батыш, интервью, россия
Киселев: эгерде Батыш "кызыл сызыктан" өтсө, Россия күч колдонууга даяр
22:35 20.12.2021 (Жаңыртылды: 23:09 20.12.2021) "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Батышка кооптуулукту жаратпоого жана Украина менен байланышкан кырдаалда Кариб кризисин кайталоодон сак болууну сунуштады.
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Эгерде Батыш "кызыл сызыктан" өтүп кетсе, Россия 100 пайыз күч колдонууга даяр. Бул туурасында "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин (ЭМА) башкы директору, Россия-1 телеканалындагы "Вести недели" программасынын алып баруучусу Дмитрий Киселев Би-би-си телерадиокомпаниясына маек берип жатканда айтты.
"Жүз пайыз дээр элем. Себеби Россия үчүн бул өмүр менен өлүмдүн ортосундагы, эң маанилүү маселе", — деди Киселев "Россия ал кызыл сызыктарды коргоо үчүн күч колдонууга даярбы?" деген суроого жооп берип жатып.
Бирок баары бир кызыкчылыктарды айкалаштырып жана ракета учуп жете турган аралык — төрт мүнөттүк абалга Россияны кептебеген оң деген пикирин билдирген.
"Россия менен жакын жайгашып калып өлкөлөргө жакшы же жаман болду, бирок тарыхый чындык ушундай, эч ким эч жакка көчүп кете албайт. Ошондой эле АКШга жакын жердеги Мексикага жакшы же жаман болгонун айтсак болот. Бирок баары бир кызыкчылыктарды айкалаштырып жана ракета учуп жете турган аралык — төрт мүнөттүк абалга Россияны кептебеген оң болот", — деген ал.
Анын айтымына караганда, Россия Батышка кооптуулукту түзбөөнү айтып-деп жатат, болбосо бардыгы радиоактивдүү күлгө айланат.
Киселев аны менен бирге эле Батышты Украина боюнча кырдаалда Кариб кризисин кайталап алуудан алыс болууну эскертти.
Америкалык же британиялык курал Москвага, Россияга Украинанын аймагынан учуп жеткендей эле, россиялык ракеталар кыска мөөнөттө касташкандардын аймагына түшөрүн айткан.
Жетинчи декабрда РФ менен АКШ лидерлери Владимир Путин менен Жозеф Байден жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен Ак үй "Байден маектешип отурганда Украинанын тегерегиндеги абалга тынчсыздангандыгын билдирип, аны дипломатиялык жол менен жөнгө салууга чакырды" деген маалымат тараткан. Путин америкалык кесиптешин Украинанын Минск макулдашуусун аткарбагандыгын жана келишимдерге саботаж кылгандыгын белгилеген. Андан сырткары, НАТО Украина аймагына жайгашуу боюнча кооптуулукту жаратып, Россия чектеринде согуштук мүмкүнчүлүгүн арттырып жаткандыгын эске салган. Путин АКШ башчысына "кызыл сызыктар" – НАТОнун чыгышка андан ары жылышы жана Украинага чабуулдук курал-жарактарды жайгаштыруу болорун айткан.
Россия ТИМи 17-декабрда Россиянын АКШ жана НАТО менен коопсуздук кепилдиктери боюнча келишиминин долбоорун жарыялады. Документ Вашингтон жана анын союздаштарына берилген. Андагы пунктулардын биринде НАТОнун Украинанын аймагына альянсты жайылтпоо кепилдигин берүүсү айтылган. ТИМ башчысынын орун басары Сергей Рябков РИА Новостиге эгерде НАТО менен АКШ Россиянын коопсуздук кепилдиги боюнча талабына жооп кылбаса, ал тирешүүнүн жаңы жолу жараларын айткан.
19 Бештин айы 2021, 18:30