Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Укташ керек. Таксисттердин иштөө убактысына чек коюу пландалууда

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТакси. Архив
Такси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Жазылуу
ЖКККББ жетекчисинин орун басары ашыгы менен иштеп, аз уктап жүргөн таксисттер жол кырсыгына көп кабылып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Таксисттерге лицензия берүү эрежесин иштеп чыгууда жумуш убактысына белгилүү бир чек коюу пландалып жатат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.
© Sputnik / Жоомарт УраимовЖол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов
Замначальника ГУОБДД КР Ыманалы Саркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда "ИИМ айдоочулук күбөлүктү, таксилерге лицензияны кандай жол менен берип, автоунааны кантип каттайт" деп аталган брифингге катышты.
Саркуловдун айтымында, таксисттердин иштөө жана эс алуу убактысын иретке келтирүү маселеси жаралган, себеби ашыгы менен иштеп, аз уктап жүргөн кырсыкка кабылган таксисттер көп кездешет.
"Лицензия берүүнүн бирден-бир маанилүү учуру — бул эс алуу жана жумуш убактысын көзөмөлдөө. Менчик таксилер үчүн лицензиянын эрежесин иштеп чыгууда жумуш убактысына белгилүү бир чек коюлат. Муну менен маселе жөнгө салынат. Өзүңүздөр билгендей, азыр эч кандай көзөмөл жок. Мисалы, таксист алыскы региондон келери менен кардар чыгып калса, эс алып уктабай эле кайра кетип калат. Бул биздин негизги көйгөй. Андыктан лицензия берүү менен эс алуу жана иштөө убактысынын маселесин чечебиз", — деди Саркулов.
Ошондой эле ал белгиленген чектин аткарылышын көзөмөлдөө инспекторлордун ишин санариптештирүү аркылуу ишке ашырыларын кошумчалады.
"Жолдорго жылып жүрүүчү посттор коюлат. 2022-жылдын башында Кыргызстандагы бардык инспекторлор планшет менен камсыздалат. Анын ичинде таксисттердин маалыматтык базасы жайгаштырылат. Мындан сырткары, таксисттердин кайда жүргөнүн да каттоого алабыз. Анда канча убакыт, каякта, кайсы каттам менен жүргөнүн көрө алабыз. Маселе азыр эле чечилет деп айта албайм, бирок келечекте бул системаны электрондук форматка өткөрүп көзөмөлдөөнү пландап жатабыз", — деди ЖКККББ жетекчисинин орун басары.
ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2021
ИИМге жаңы функцияларды берүү жол кырсыгын азайтабы? Жапаровдун жарлыгына пикир
Белгилей кетсек, декабрдын башында президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Ички иштер министрлигине бир топ мекемелер өткөрүлүп, айдоочулук күбөлүк берүү, унааларды каттоо, такси кызматына лицензия берүү сыяктуу бир нече милдеттер жүктөлдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0