Путин 90-жылдары киши ташып иштегенин айтып берди

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин провел совещание с членами правительства РФ
Президент РФ В. Путин провел совещание с членами правительства РФ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2021
Жазылуу
Ошол учурда Путин Санкт-Петербург шаарында жашачу. Кийин ага президенттин иш башкармалыгынан кызмат сунушталган.
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин 1990-жылдары айрым учурда киши ташып иштөөгө аргасыз болгон. Бул тууралуу анын "Россия 24" телеканалында айткандарына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Алып баруучу ошол учурудагы экономикалык оор абалды сүрөттөп жатып, көпчүлүк мыкты адистер дагы жумушсуз калып кайналганын эске салды.
"Мен дагы кээде киши ташып иштеп калчумун. Ал кезди көп эстегим келбейт. Бирок башыман ошондой күндөр өткөн", — деди Путин.
Как Путин и Шойгу провели отпуск в тайге — видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Токой аралап, чатырга түнөп... Путин менен Шойгу тайгада эс алган видео
Ошол учурда Путин Санкт-Петербург шаарында жашачу. Кийин ага президенттин иш башкармалыгынан кызмат сунушталып, Москва шаарына көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Өзүнүн айтымында, башка жумуш жок болгондуктан, мындай сунушту кабыл алууга туура келген.
Россия лидери буга чейин берген маектеринин биринде дагы 1990-жылдары мэриядагы кызматынан кеткен соң, Санкт-Петербургда такист болуп иштегенин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0