Имам Сарахси ушул шаарда жашап, атактуу эмгектерин ушул жерде зынданда жазып, ушул шаарда жерге берилген. Анын түп нускадан (араб тилинен) түркчөгө которулган "MEBSUT" ("Ал-Мабсут") деп аталган 31 томдук китебинин таанытымы да ушул күнү байыркы шаарда өтөрү белгиленген. Sputnik Кыргызстан окурмандарга Имам Сарахси туурасындагы 11 фактыны сунуштайт.
Өз ысымы жана туулган жылы, туулган жери. Толук аты-жөнү – Абу Бакр бин Мухаммад бин Ахмад бин Аби Сахл Ас Сарахси. Бул жерде "бин" деген "уулу", "баласы" дегенди түшүндүрүп, үч атасынын аты жазылып турат. "Сарахси" деген туулган мекенин билдирет, тагыраагы, "сарахсийлик" деген мааниде. Сарахс шаары – Каракандар дөөлөтүнүн (Караханид мамлекетинин) Марв жана Нишапур шаарларынын аралыгында, азыр эми Иран чек арасын Түркмөнстандан ажыратып турган Теженд дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Ошол жерде 1009-жылы жарык дүйнөгө келген.
Бийликке каршы күрөшү жана алыска айдалышы. Букардан илим алып, эл-жер көрүп келген жаш, курч жигит сарахсиликтердин оор абалын көрөт: алымдар, салыктар менен адамдарды жакырлантып бүткөн; иштей турган жаштар сыртка чыгып кеткен; кишилер эрксиз; баарын бийлик өзүнө күнкор кылып каратып алып, баш көтөрбөс кылып койгон. Мындан чыгуунун жолу — калктын бийликке каршы чыгып, көтөрүлүшү керек эле. Ал муну түшүндү жана башкаларга да түшүндүрдү. Натыйжада шаар башчысы (каканы) Амир Хасан 1073-жылы аны сүргүн кылат. Сүргүн катары Каракандар дөөлөтүнүн эң четки шаары Жазы суусу менен Тар суусунун ортосундагы Өзкент (азыркы Өзгөн) тандалат. "Ал Мабсут" деген китебинде кийин жазгандай "Жарык чачкан, чындыкты айткан, ушул себептен зынданга ташталган, жалганды жок кылууну каалаган, ошол себептен камакка алынып сүргүнгө айдалган жана элден алыс куулган..." ал элдин көйгөйүн айтканы үчүн эч бир чыга алгыс зындандан жай алат.
Китептерин зынданда жатып жазган. Өзкентте зынданда 15-16 жыл жаткан деп айтылат, ошол жер астында жатып, ошончо жыл бою жылчыктан шыкаалаган шакирттерине эмгектерин оозеки айтып берип, жаздырчу экен. Ошентип "Ал Мабсут", "Усуулул Фикх", "Шархус Сиярул Кабиир", "Зиядатуз Зиядат", "Шарху Жамиис Сагиир", "Шарху Жамиил Кабиир" деген эмгектерин жараткан.
Зындандан чыккандыгы айтылат. Болжолу 1087-жылы караңгы зындандан жарык дүйнөгө чыккан болуу керек. Андан кийин туулган жерине кетпей, Өзкент, Баргана, Маргалаң шаарларында жашап, имамдык кылып, эмгектерин жазып, балдарды окутат. Кийин атактуу диниятчылар болгон Бурхануддин Абдулазиз бин Умар бин Маза, Рукнуддин Масуд бин Хасан аль-Касани, Кадыхан аль-Өзгендинин (өлгөн жылы 1196-ж.) чоң атасы Махмуд бин Абдулазиз аль-Өзгендилер таалим алгандыгы айрым булактарда жазылып калган.
Ханафий мазхабындагы үчүнчү адам. Айрым уламалар жана ислам таануучулар анын эмгектерин өтө жогору баалап, исламдагы ханафий мазхабынын негиздөөчүсү Имам Азам (699-767) жана талабасы Мухаммад Шайбаниден (749-805) кийинки үчүнчү адам деп эсептешет. Бул кишинин тегин көбү билбей араб тектүү болуш керек деп да жүргөн.
Түркия Дин башкармалыгы анын мурастарына өзгөчө мамиле кылды. Кыргыз коомчулугу Өзгөн шаарынан чыккан атактуу дин аалымы тууралуу дээрлик билген эмес. Анын куранды жана шариятты чечмелөө боюнча 31 томдон турган эмгектерин арабчадан түркчөгө профессор, доктор Мустафа Жеват Акшит 15 жылын коротуп которуп, өзүнчө китеп болуп чыкты. Өзгөн шаарында 2011-жылдын сентябрь айында Түркия мамлекетинин муфтийи Мехмет Гөрмездин колдоосу менен Имам Сарахсинин күмбөзү жаңыланды. Жакында Өзгөндө Түркия куруп берген Имам Сарахси атындагы мечит намазкөйлөргө өз эшигин ачат.
Түрк мамлекеттеринин кызматташтык Кеңешинин демилгелери жана колдоолору. Аталган уюмдун жетекчисинин орун басары, кыргыз жазуучусу Султан Раев "Өзгөн-Мунара – 2021" этнофорумун өткөрүү демилгесин көтөргөн, каржы маселелерин чечкен, аалымдын аты-жөнү Имам Сарахсиге Өзгөни дегенди кошуп атады. Имам Сарахсинин китептерин которгон атактуу окумуштуу, профессор, 83 жаштагы Мустафа Жеват Акшит менен баарлашкан. Жакында анын уулу, Имам Сарахси эл аралык фондунун президенти Мехмет Акташ менен жолуккан. Түрк киночулары Имам Сарахси тууралуу фильм тартып жатат, кыргыз киночулары этнофестиваль тууралуу ролик тартты.