Сокулукта өспүрүм кызды зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү көчүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековӨспүрүм кызды ийининен кармап жаткан адам. Архив
Өспүрүм кызды ийининен кармап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2021
Жазылуу
Айыл башчынын айтымында, аксакалдар соту эл тынчыгыча ушундай чечим кабыл алды. Шектүүнүн туугандары Бишкекке көчүп кеткен.
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Сокулук районунда 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 31 жаштагы К.Н. аттуу кишинин үй-бүлөсү аксакалдар сотунун чечими менен Кызыл-Туу айылынан көчүп кетти. Маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аталган айылдын башчысы Акылбек Жылдымышов тастыктады.
"Шектүүнүн туугандары айылдан Бишкекке көчүп кетишти. Кайтарып турган милиция кызматкерлери да тарады. Аксакалдар соту эл тынчыгыча ушундай чечим кабыл алды", — деди Кызыл-Туу айылынын башчысы.
5-декабрь күнү белгисиз кишинин 16 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктаганы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Чүй облусунун ИИББи жана Сокулук РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында К.Н. аттуу 31 жаштагы жаран кармалган.
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Ошто 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип мурдагы милиционер кармалды
Ошол эле күнү 50дөй жергиликтүү тургун Сокулук РИИБинин имаратынын алдына чогулушкан. Ал эми социалдык тармактарга тараган видеодон милиционердин формасын кийген адамды чогулган элдин ур-токмокко алганын көрүүгө болот. Жергиликтүүлөр шектүү жоопкерчиликтен качып кутулуп кетет деп тынчсызданып жаткандыгын айтышкан. Алар менен РИИБдин жетекчилиги жолугуп, кылмыш иши көзөмөлдө турганын айтып, мыйзам чегинде тергөө иши жүргүзүлөрүн билдирген соң чогулгандар тарап кетишкен.
Шектүү убактылуу кармоочу жайда камакта. Териштирүү иштери уланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0