Казакстан Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам берет. Премьерлердин чечими

© Фото / пресс-служба правительства КазахстанаКыргыз-казак өкмөт башчылары Акылбек Жапаров менен Аскар Маминдин Нур-Султандагы сүйлөшүүлөр учрунда
Кыргыз-казак өкмөт башчылары Акылбек Жапаров менен Аскар Маминдин Нур-Султандагы сүйлөшүүлөр учрунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021
Жазылуу
Кошуна мамлекет мындай жардамды Борбордук Азия аймагынын коопсуздугун камсыздоонун алкагында берет. Мындан сырткары, бир катар биргелешкен пландар кабыл алынды.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Казакстан Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтмөй болду. Мындай чечим кыргыз-казак өкмөт башчылары Акылбек Жапаров менен Аскар Маминдин Нур-Султандагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынганын коңшу өлкө өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчылар соода-экономикалык, инвестициялык, суу, энергетика, транзиттик-транспорттук, аскердик-техникалык чөйрөлөрдөгү, агроөнөр жай комплекси, өнөр жай кооперациясы жана саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Борбордук Азия аймагынын коопсуздугун камсыздоо алкагында Кыргызстанга акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлду.
Жумушчу көмүрдү кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Казакстандан Шабыркүл көмүрү көп келе баштайт. Кайдан канчага сатып алса болот
Эки өлкөнүн Саламаттык сактоо министрликтери 2021-2023-жылдарга саламаттык сактоо тармагында референс-лабораторияларды өнүктүрүү боюнча чаралар планын бекитишти.
Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги менен Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги "Карасу" жана "Ак-Тилек" өткөрмө пунктуларынын аймагында, ошондой эле Кыргызстандын аймагындагы үч дүң соода борборунда өнөр жай, соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын планын кабыл алышты.
Нур-Султанга жасаган иш сапарынын алкагында Акылбек Жапаровдун Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев жана өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу пландалган. Мындан сырткары, Астана эл аралык каржы борборуна, Санариптик өкмөттүн кеңсесине жана башка объектилерге барары каралган.
Жаңылыктар түрмөгү
0