https://sputnik.kg/20211205/dietolog-ehki-litrden-suu-ichuu-tuuraluu-1054863679.html
Диетолог күн сайын эки литр суу ичиш керек деген көндүм пикирди четке какты
Диетолог күн сайын эки литр суу ичиш керек деген көндүм пикирди четке какты
Sputnik Кыргызстан
Адистин айтымында, көбү таза сууну эле иче бериш керек деген ойду карманат. Бирок суюктуктун бир бөлүгүн күнүмдүк тамак-аш дагы толтурат. 05.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-05T11:02+0600
2021-12-05T11:02+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
диетолог
суу
организм
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/05/1054863642_0:501:1280:1221_1920x0_80_0_0_b7b34d86d610ff2b6634f2f2a6115997.jpg
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Диетолог Юлия Чехонина күн сайын эки литрден кем эмес суу ичиш керек деген пикирди четке какканын "Известия" жазды.Чехонина мындай ойду америкалык окумуштуулар да карманарын белгилеген.Адистин айтымында, адамдын организмине чындап эле эки литр суюктук керек, бирок бул таза сууну эле иче бериш керек дегенди билдирбейт.Мындан тышкары, Чехонина бир килограмм салмакка 35-40 миллилитр суу туура келерин кошумчалаган. Ошондой эле сууну керектөө нормасы ар кимдики жекече каралып, жынысына, салмагына жана активдүүлүгүнө жараша эсептеле турганын белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/05/1054863642_91:466:1192:1292_1920x0_80_0_0_c060fccc6b10c0c1aee9ad51cd18a8e6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, диетолог, суу, организм
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, диетолог, суу, организм
Диетолог күн сайын эки литр суу ичиш керек деген көндүм пикирди четке какты
11:02 05.12.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Адистин айтымында, көбү таза сууну эле иче бериш керек деген ойду карманат. Бирок суюктуктун бир бөлүгүн күнүмдүк тамак-аш дагы толтурат.
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Диетолог Юлия Чехонина күн сайын эки литрден кем эмес суу ичиш керек деген пикирди четке какканын "
Известия" жазды.
Чехонина мындай ойду америкалык окумуштуулар да карманарын белгилеген.
Адистин айтымында, адамдын организмине чындап эле эки литр суюктук керек, бирок бул таза сууну эле иче бериш керек дегенди билдирбейт.
"Суюктук азык-түлүктүн да курамында болорун түшүнүү керек. Жеп жаткан тамагыбыздан да 800 миллилитр суюктук алабыз. Дагы 400 миллилитр биздин организмибизде пайда болот, аны эндогендик суюктук дешет. Таза суудан эки стакан ичип койсо жетиштүү", — деген ал.
Мындан тышкары, Чехонина бир килограмм салмакка 35-40 миллилитр суу туура келерин кошумчалаган. Ошондой эле сууну керектөө нормасы ар кимдики жекече каралып, жынысына, салмагына жана активдүүлүгүнө жараша эсептеле турганын белгиледи.