Коронавирус 56 адамдан табылып, үч киши каза тапты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Жазылуу
Илдеттен көз жумган үч адамдын бири Чүйдөн, экөө Бишкектен. Учурда 27 бейтаптын абалы өтө оор экени айтылды.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Өткөн суткада 56 кишиден коронавирус аныкталып, 72 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 27;
  • Чүй облусу – 9;
  • Ош облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Баткен облусу – 5.
Илдет илештиргендердин жалпы саны 183 460ка жетти. Анын ичинен 178 404 киши айыккан. Коронавирус кечээтен бери үч адамдын өмүрүн алды. Анын экөө Бишкек шаарында болсо, бирөө Чүйдө катталган.
Жалпысынан 2 752 адам коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы тапта 389 бейтап стационарда, ал эми 432 адам үй шартында дарыланып жатканы кошумчаланды. Ооруканадагылардын ичинен 27синин абалы өтө оор.
Жаңылыктар түрмөгү
0