Кыргыз фильмдерин СССР алтынга саткан. Режиссер Төлөгөн Сыдыков менен маек
18:16 21.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Sputnik / Эмиль СадыровРежиссер Тологон Сыдыков
Жазылуу
Кинорежиссер Төлөгөн Сыдыков эмгек жолун 18 жашында оператордун жардамчысы болуп баштап, көптөгөн тасмалардын экинчи режиссеру болгон.
Ал "кыргыз кереметин" жаратуучулары делген Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров менен узак жылдар иштешкен. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы киночу менен залкарларды, замандаштарын эскерип маек курду.
— Балалыгыңыз чет жактан Кыргызстанга киночулар жаңыдан келип кызуу иштеп жаткан жылдарга туш келет экен. Сиз деле ошол алгачкы режиссер, операторлордун ишин көрүп, бул тармакка кызыксаңыз керек?
— Мектепке бара элек кезимде айылга кино алып келип калышчу. Бир жолу кинотехниктер маданият үйүндө генераторду орнотуп кино коюшту. Биз, балдар, андан эки-үч саат эрте кирип сахна артына жашынып алчубуз. Эл чогулуп "Үч танкист" деген кино башталды. Бир маалда танкалар бизди көздөй дарылдап келе жатат, коркконуман жашынган жеримен бакырып чыгып сахнадан тоголонуп түшкөм. Эмне болуп кетти деп жарыкты күйгүзүп, элдин мени соороткону эсимен кетпейт.
Ошол учурдун балдары беш-он тыйынга билет алып, айылга келген кинону калтырбай көрүп, кинематография жөнүндө кичинеден түшүнүк алып кызыгуубуз башталган. Андан башка толгон-токой аппараттары менен келип фильм тарткандарды да көрүп калдым. Бир жолу азыркы Караколдун четинде "Салтанат" кинокартинасынын тартуу иштери башталып, аны көргөнү эл чогулуп алган. Бакен Кыдыкеева башкы каармандын ролун аткарган эле. Ал процесстер бизге аябай кызык болчу, эл алыстан суктанып карап отурчу. Кийин Болот Шамшиев болуп борбор калаада Эркиндик бульварында чогуу өстүк. Ошол маалда ал Лариса Шепитьконун "Аптап" тасмасына тартылган. Фрунзеде башка кинолор да тартылып, киночулардын ишин көргөнү балдар чогулуп алып бери жактан карап турчубуз.
© Sputnik / Александр ФедоровКинорежиссер Төлөгөн Сыдыков эмгек жолун 18 жашында оператордун жардамчысы болуп баштаган
Кинорежиссер Төлөгөн Сыдыков эмгек жолун 18 жашында оператордун жардамчысы болуп баштаган
— Кино дүйнөсүнө аралашып, "Кыргызфильмдин" босогосун аттаган күндөр эсте болсо керек?
— 1963-жылы киностудияга барсам албай коюшуп, кийинки жылы 18 жашымда үч ай сыноо мөөнөтү менен шакирт кылып алышкан. Ага чейин оператор болгум келип өз алдымча сүрөт тартканды, фотоаппарат колдонгонду үйрөнүп калгам. Биринчи командировкамда операторду ээрчип Төө-Ашууга тоннелдин казылып жатканын тартканы бардым. Ал кезде операторлордун штативинин салмагы эле 30 килограммга чейин жетчү. Андан башка касетник, пленка, батарейка да алып жүрчүбүз. Ошонун баарын көтөрүп алып эки күн Фрунзе — Ош жолунун курулушун камерага түшүрүп биринчи гонорарымды, 25 рубль алгам. Ал кезде кыргыз операторлор аз эле болчу, Кыргызстанга келген ага-ини Юз Герштейн менен Изя Герштейнден сабак алгам. Мен, Нуртай Борбиев жаңыдан аралашып жүргөнбүз. Кийин башка операторлор арабызга кошулду.
© Sputnik / Эмиль СадыровСыдыков "кыргыз кереметин" жаратуучулары делген Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров менен узак жылдар иштешкен
Сыдыков "кыргыз кереметин" жаратуучулары делген Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров менен узак жылдар иштешкен
— 18де болсоңуз жапжаш кезиңиз экен да. Толук метраждуу тасмаларды тартууга качантан баштап катыша баштадыңыз?
— 1964-жылы кышында Геннадий Базаров Москвадан келип, мага жардам берчи деп калды. Анын курстук ишин кычыраган кышта Байтик айылынын тегерегинде тарттык. Үч эле актер катышкан тасмасын Москвага алып кеткен. Көп өтпөй кайра Фрунзеге келип "дипломдук ишимди Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасынын негизинде тартам, мага ассистент болуп бер, жалгыз кыйналып калам" деди. Мен макул болдум. Аны жалаң жаштар чогулуп экрандаштырганбыз. Ал курамда Геннадий Базаров, Керим Орозалиев, Валерий Арстанов, Ира Таянова, Алмаз Кыргызбаев болгон. Мен ошол маалда тартуу иштерине даярдоонуу, смета түзгөндү, иши кылса баарын үйрөнгөм.
© Sputnik / Эмиль СадыровСыдыков: 1963-жылы киностудияга барсам албай коюшуп, кийинки жылы 18 жашымда үч ай сыноо мөөнөтү менен шакирт кылып алышкан
Сыдыков: 1963-жылы киностудияга барсам албай коюшуп, кийинки жылы 18 жашымда үч ай сыноо мөөнөтү менен шакирт кылып алышкан
— Ошол жылдары биринчилерден болуп Мелис Убукеев "Тайгак кечүүнү", Төлөмүш Океев "Бакайдын жайытын", Геннадий Базаров "Саманчынын жолун" тартып жатат. Кыргыз киносунун башында жаштардын катарында болгон экенсиз да?
— Ооба, алп дүйнөнү 22-24 жаштагы балдар түптөп көтөрдү. Төлөмүш бир-эки даректүү тасма тартып "Бакайдын жайытына" киришкен. Биз ошол маалда Геннадий менен "Саманчынын жолун" тартып жатканбыз. Советбек Жумадыловду бир эпизодго тартыш керек болуп калды. Мен Океевге барып актерго уруксат берүүсүн сурасам "эч нерсеңерди билбейм, төрт күнгө эле бере алам" деп Жумадыловду берген. Ошентип кыска убакытта аны камерага түшүргөнгө жетишкенбиз. Ал учурда Андрей Кончаловский да "Биринчи мугалимди" тартып, Наталья Аринбасарова жаңы эле кыргыздын киносуна келген. Ага чейин сырттан келген режиссерлор элдин жытын, сөздүн даамын сезе алышкан жок. Алар деле жакшы тасмаларды жаратты, бирок кичине кунарсыз эле.
© Sputnik / Александр ФедоровСыдыков: Төлөмүш бир-эки даректүү тасма тартып "Бакайдын жайытына" киришкен. Биз ошол маалда Геннадий менен "Саманчынын жолун" тартып жатканбыз
Сыдыков: Төлөмүш бир-эки даректүү тасма тартып "Бакайдын жайытына" киришкен. Биз ошол маалда Геннадий менен "Саманчынын жолун" тартып жатканбыз
— Эмгек жолуңузда бир топ режиссерлор менен иштешкен экенсиз. Аларды эскере кетсеңиз.
— Гена менен "Саманчынын жолун" Ысык-Көлдө тартып жатканда бизге Мелис Убукеев келип калыптыр. Мейманкада элек, эртең менен чыксам экөө сүйлөшүп отуруптур. Ал мени Саякбай Каралаевди алтын фондуга тартыш керек болуп жатат деп он күнгө Геннадий Базаровдон сурап кетти. Көрсө, Убукеевге мага окшогон жардамчы керек экен. Анын айтымында, Саякбай менен жакшы сүйлөшө турган мен эле экенмин. Ошентип Кескен-Белде манасчыны бир нече күн камерага түшүргөнбүз. Ал киши манас айтканда айланасында эмне болуп жатканын билбей катуу образга кирип кетчү. Бир жолу Манастын чоролорунан айрылып калган окуяны айтып жатканда буркурап ыйлады. Ошол кадр, эпизоддор азыркыга чейин колдонулуп келет.
Мелис Айткулиевич менен "Ак Мөөрдө" да иштешип, ага кыргыздын залкар артер, актрисалары тартылган. Мен аларды кечки саат ондо спектаклден чыкканда эле театрдын алдынан автоунаага салып кетип, түнү менен камерага түшүрчүбүз. Опера жана балет театрынан балериналарды да алып келип калдым. Тартуу иштери кычыраган кышта киностудияда болчу. Ал жерде жылуулук орнотулган эмес, артисттер калчылдап тоңуп калышчу. Меши бар жылуу бөлмөгө алып келип кичине жылытып, кайра тартчубуз. Бир маалда Муратбек Рыскулов "менин кан басымым көтөрүлүп кетти" деп токтотот, кээде текстин унутуп калат. Биз шашпай окуп беребиз, ал чай ичип угуп отурчу. Ал кишиге күнүнө 40 рубль төлөнчү. Айтор, ошентип иштечүбүз.
Мелис кыргыз режиссерлорунун ичинен мыкты мугалим эле. Мен анын ассистенти болуп жүргөндө зарыл болгон китептердин тизмесин берип, таап кел дечү. Үйдө болгон китептерди алып барып, калганын китепканалардан чогултчумун. Ага бергенче окуп да чыкчумун. Анан Мелис ошол китептин негизинде элдин салтын, үрп-адатын, кайсы жолду басып өткөнүнө чейин жазып чыкчу. Бир күнү Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" деген чыгармасын Алыкул Осмоновдун котормосунда окуп чыгып, "айдай" деген сөз канча жолу жазылганын санап көрчү деди. Мен 200-300дөйүн тапкам. Көрсө, акын аны которуп жатканда Айдай деген сулууну сүйүп калып, аны ысымын кошкон экен.
© Sputnik / Александр ФедоровСыдыков: Советбек Жумадыловду бир эпизодго тартыш керек болуп калды. Мен Океевге барып актерго уруксат берүүсүн сурасам "эч нерсеңерди билбейм, төрт күнгө эле бере алам" деп Жумадыловду берген
Сыдыков: Советбек Жумадыловду бир эпизодго тартыш керек болуп калды. Мен Океевге барып актерго уруксат берүүсүн сурасам "эч нерсеңерди билбейм, төрт күнгө эле бере алам" деп Жумадыловду берген
— Сиздин пикириңизде союз маалында кыргыз киносу башкалардан эмнеси менен өзгөчөлөнүп алдыга озуп чыга алды?
— Кыргыздар негизи таланттуу эл. Манасчы, төкмө акын, ырчылары эле кандай таланттар. Ата мекендик кинематографиянын жаралуусунун башында турган Убукеев, Океев, Шамшиев, Базаров, төртөө тең кыргыздын этнографиясын, жомокторун, турмушун мыкты билчү. Төлөмүш менен бир нерсени сүйлөшсөң байыркы мезгилге чейин кирип кетчү. Болот жазуучунун уулу болгондуктан чыгармачылыкка жакын, залкарлардын кебин угуп өскөн. Базаров укмуш сүрөт тартат. Көп фильмдердин кадрларын тартып, костюмдардын сүрөтчүсү болду. Болот Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" дүйнөлүк фондго кирген эмгек. Ага чейин Болот "Чабан", "Манасчы" фильмин тарткан. Төлөмүш Океевдин дипломдук иши болгон "Бакайдын жайыты" дагы шедевр. Анда Муратбек Рыскулов менен Алиман Жангорозованын жараткан образдары өзүнчө эле керемет. Геннадий Базаров "Саманчынын жолу" фильмине чейин "Молитва", "Пауза" кинокартиналарын тарткан. Көп режиссерлор менен иштештим. "Кыргыз кереметин" жараткандардын катарына режиссер Альгимантас Видугиристи да кошуш керек. Ал дагы ата мекендик кинематография үчүн көп эмгек жасады. Бул жактан кыргыз кызын сүйүп калып, Кыргызстанда орун-очок алды. Кызыктуу темаларга кайрылып далай фильмдерди тартты.
Кинодо изденсең бир нерсе чыгат, изденбесең эч нерсе жаралбайт. Ошол эле маалда ролго ылайыктуу каарманды табыш керек. Анан тиги досумду, теңтушумду тарта коеюн деген болбойт. Же "аны жаман көрөм, мамилем деле жок" деп ролго чакырбай койгон да туура эмес. Биз союз маалында актердук курамды чогултуу үчүн Борбор Азияны гана эмес, СССРдеги республикаларды кыдырып чыкчубуз.
© Sputnik / Эмиль СадыровСыдыков: Мелис Айткулиевич менен "Ак Мөөрдө" да иштешип, ага кыргыздын залкар актер, актрисалары тартылган
Сыдыков: Мелис Айткулиевич менен "Ак Мөөрдө" да иштешип, ага кыргыздын залкар актер, актрисалары тартылган
— Кезинде кыргыз режиссерлорунун кинокартиналары СССРде кассалуу болуп, башка мамлекеттерге сатылганын да билебиз. Ошол көп киреше тапкан кинофильмдердин катарына кайсы эмгектерди кошосуз?
— Кыргыздын киносу союз маалында мамлекетке бир топ киреше алып келди. Мисалы, "Буктурма", "Бөрү зындан", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кассалуу фильмдердин катарына кирген. Ал фильмдерди СССР чет мамлекеттерге алтынга сатчу же чет элдик прокаттагы кинокартиналарга алмашчу. Мисалы, Орто Азия элдери жакшы көргөн Индиянын фильмдерине алмашып Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын кинотеатрларына коюшчу.
© Sputnik / Эмиль СадыровСыдыков: Кыргыздар негизи таланттуу эл. Манасчы, төкмө акын, ырчылары эле кандай таланттар
Сыдыков: Кыргыздар негизи таланттуу эл. Манасчы, төкмө акын, ырчылары эле кандай таланттар
— Совет доорунда кыргыз киночулары, актер, актрисаларына башка республикалардан да суроо-талап жогору болгон делет.
— Ооба. Белгилүү оператор Кадыржан Кыдыралиев эки фильм тарткандан кийин аны Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) чакырышкан. Профессор наамын берип, оператордук курс өткөнгө устакана ачып беребиз дешкен. Бирок ал болбой койгон. Ушул сыяктуу сунуштар көп эле болгон. Мисалы, Талгат Нигматулин да бизден таанылып, анан башка республикаларда тартыла баштаган.