Nomad Stunts каскадёрлор группасы 2000-жылы негизделген. Жигиттер Кыргызстандагы "Курманжан Датка" тарыхый тасмасынан тарта Голливуддун "Мулан" өңдүү бир катар белдүү фильмдерине чейин тартылып келишет.
— Каскадёр болуу кыялы спорт тармагында жүрүп пайда болсо керек?
— Бул кесипти аркалашыма атам түрткү болгон. 1-класстан баштап каратэ менен, кийин бокста үч жыл машыктым. Атам 12 жашымда Оштон борбор калаага жөнөтүп, таякем акробатика мектебине киргизген. Ал жерде төрт жыл жүрүп, 16 жашка чыкканда трикинг менен машыга баштадым.
Башында каскадёр болуу кыялым деле жок болчу. Жадагалса ал тууралуу түшүнүк да болгон эмес. Мен үчүн бардык спорттун түрү кызык болчу. Ушу менен жарым жыл машыктым, таэквондодо эки жыл жүрдүм. Андан кийин трикингге кызыгуум башталды. Трикинг — бул салыштырмалуу жаңы спорттук кыймыл. Кыргызстанга Азамат Абдылдаевдин аркасы менен 2006-жылдары келди. Ал өзүнө мушташ искусствосун, гимнастика, ушу, каратэ, кунг-фу, тайбокс, брейкданс жана башка спорттук дисциплиналардын жыйындысын камтыйт. Жөн эле сальто жасап койбостон, секирип баратып тээп же жерге түшкөндөн кийин бийлеп кетиш керек. Беш жыл машыгуудан соң трикинг боюнча 2011-2014-жылдары Россияда өткөн чемпионаттарга катышып, жеңүүчү аталдым. Ал эми каскадёрлукту Зияш Ли (Зияш Турдубеков — ред.) менен баштагам. Сочидеги театрда үч жыл бийчи болуп иштегенден кийин башка багытка өтүүнү чечтим. Ал учурда 21 жашта элем. Каскадёрлук менен артыңда тарых калтыра аласың. Бул өмүргө жаралган соң бир нерсеге жетишүү керек деген ойдомун.
— Трикинг спорту боюнча Россиянын бир нече жолку чемпиону экенсиз. Атайын чемпионаттар көп өтүп турабы? Канча ирет катышкан соң чемпиондукка жетиштиңиз?
— Мындай чемпионаттар жылына бир-эки жолу өткөрүлөт. 2011-жылдан бери алты жыл катары менен катышкам. Россияда да эл аралык таймашка спортчуларды тандоо үчүн мелдештер болуп турат. Трикинг боюнча жеңишке жетишкендер Москвада өтүүчү америкалык чемпионатка барганбыз. Мен команданын капитаны болгом. Негизинен 2006-жылдан баштап беш жыл машыккан соң гана мелдештерге чакырылдык. Башында биз деле Москвага эл катары иштөө үчүн барып, жумуштан кийин залда таңкы алтыга же кечки 10го чейин машыкчубуз. Ал убакта организм жаш экен. Кээде жараат алып калган да учурлар болот. Негизи каскадёрлор трюк жасаганда бир жерин жабыркатып алуу тууралуу ойлонбош керек, ошол эле убакта коопсуздукту биринчи орунга коёбуз. Жаракат алган күндө да аны менен токтоп калганга болбойт.
— Nomad Stunts каскадёрлор тобуна кандайча кирип калдыңыз?
— Nomad Stunts группасы 2000-жылы эле түптөлгөн. Мен кийин келип кошулдум. Алматыда өткөн таймашта аталган топтун өкүлү келип калыстык кылган, бирок ал деле чакырган эмес. Ага чейин эле экшн мушташтарга кызыкчумун. Зияш Ли (Зияш Турдубеков) экөөбүз мушташ тартып интернетке салсак, абдан көп киши көрдү. Кийин экинчисин ишке ашырдык. Анан Зияш Ли мени 6-кичирайондогу машыгуучу чакан залга алып барды. Ал жактан Дамир Ашимов аркылуу Адилет Акматов деген кыргыздын кыйын жигити, каскадёр байкебиз менен тааныштым. 2015-жылы Акан Сатаевдин "Районы" деген фильмине тартылууга Алматыга бардык. Бул топко ошондон кийин келгем. Nomad Stunts группасында жалпы 85 адам болсо, анын 32си кыргызстандык жигиттер.
— Орто Азия менен эле чектелбей Голливуддун фильмдеринде да роль жаратып жатасыздар. Акыркысы эле "Мулан" фильми, ээ?
Алгач үч жумадай аттарды даярдадык. Бул тасмада биз көбүнчө аттар менен гана иштедик. Аттарга тик турмай, ниндзяларды жана ниндзя атканда ок тийип аттын үстүнөн жыгылган жерлерин жана жөө согушкерлерге дублёр болдук.
Бизде "канчалык кыйын болсо, ошончолук жакшы" деген ураан бар. Тасма учурунда ар кандай учурлар болот, суукта жука же аябай ысыкта калың кийинүүгө туура келет. "Тобол" фильмине тартылууда бир ай бою Сибирдин суугунда жука кийинип жүргөнбүз. Ошол тасмада көпүрөдөн ылдый кулаганыбыз эч эсимден кетпейт. Ал эми "Томиристе" аябай ысыкта кабаттап, сыртыбыздан зоот да кийип тартылып, эки күндүн ичинде 5-6 килограмм салмак таштаганбыз.
— Сиздерди Орто Азиядан Голливудга чейин чакырып жатканынын себеби эмнеде? Алар силердин мыктылыгыңарды моюндаганыбы же башкалардан азыраак каражат аласыздарбы?
— Дублёрлукка көбүнчө кандай учурда чакырышат?
— "Каскад" деген сөз өзү француз сөзүнөн алынган. Ал "жыгылуу" дегенди билдирет. Каскадёрдун милдети — актёрду дубляж кылуу. Биз бут менен тепкенди, кол менен чапканды, жыгылганды, өрттөнүү жана жарылууда иштей алганды, жасалма жардырууну билүүбүз керек. Экшн оператор кайсы жерде кандай кармаш коюла турганын даярдап, аны тасмага түшүрүп карап чыгат. Мунун баары билим. Каскадёрлук мурда кооптуу эпизоддордо кулаган же токмоктошкон менен чектелсе азыр бул тармак да кеңейген. Негизи каскадёрлор тынымсыз, күнүнө машыгып турушу керек. Кайсы тасма болбосун дайыма даярдыкта болуу шарт.
— Каскадёр болууну каалаган жаштар сиздерге кайрылса болобу?
— Азыр биздин кичинекей залыбыз бар. Каалагандар ошол жакка келип машыгып, бизден сабак ала алат. Негизи каскадёрлукту өздөштүрүү үчүн алгач спорттун бир түрү менен машыгып жүрсө бир топ жеңил болот. Жүрөгүндө жалыны барлар коркпостон бул кесипти тандап кетет. Чындыгында 20 кишинин арасынан бирөө же экөө эле калат. Абдан оор жумуш. Каскадёрлукту өздөштүрүү менен эле көлөмдүү тасмаларга тартылууга кепилдик жок. Мен "Муланга" чейин үч жыл жөн эле жүрдүм. Анан кичинекей эле эпизоддордон баштадым. Бирок кээ бирлер бир айдан кийин, айрымдар жарым же бир жылдан кийин тасмаларга чыга баштайт. Каскадёрго деле билим алып, окуп туруу абзел. Анткени дүйнөлүк кино индустрия бир жерде турбайт. Алардан калбоо үчүн дайыма алдыга чуркаш керек. Бишкекте каскадёрлордун атайын мектеби ачылса болот эле. Буга өзүбүз деле аракет кылып жатабыз, бирок мамлекеттин да колдоосу керек экен.
— Сиздин оюңузча кыргыз тасмалары мурунку калыбына келе алабы? Ал кезде кыргыз фильмдерин тартуу учурунда укмуштуудай кадрлар коюлган экен. Ошол эле Сүймөнкул Чокморов тартылган тасмаларды алсак...
— Тасмаларда аттар менен да ар кандай трюктар тартылат эмеспи. Аягында "фильмде бир да жаныбар жабыркаган жок" деп жазылат. Чынында эле ошондой болобу?
— Эми жаныбарлар жабыркаган учур өтө сейрек кездешет. Негизинен каскадёрлордун деле иш үстүндө каза болуп калышы толук мүмкүн. Бирок бул өтө чанда кездешкен учур. Ошол себептен кесипкөй каскадёр коопсуздук техникасын биринчи өздөштүрөт. Мен ушуга чейин 20 киного тартылсам, арасынан эки жерде гана ат жаракат алды. Калгандарынын баары аман-эсен. Негизи аттар да съемкага даярдалат, атайын адис бар. Аттарды жыгылтып, алар менен трюк жасоо Кыргызстан, Казакстан жана Россияда гана кездешет. Европа өлкөлөрүндө буга тыюу салынды. Жаңы Зеландия шаарында кадимкидей ат полициясы тасма талаасында көзөмөл жүргүзгөнүн көрдүм. "Ким атты тепсе же урса, дароо үйүнө айдайм" деп эскертип жатты. Алар чарчап калган аттарды да эс алдырууну талап кылышат. Кийин биз да буга келебиз деген ойдомун.
— Тасма тартууда компьютердик графика колдонуу өнүгүүдө. Бул ыкма бара-бара каскадёрлорду толук алмаштырып калбайбы?
— Графика өнүккөн күндө да тасмада каскадёр сөзсүз керек. Компьютердик графика колдонулган жерде деле ал каскадёрдун жардамы менен ишке ашырылат. Мисалы, каармандын ордуна секирген каскадёрдун артынан жип менен тарттырып койгондуктан жерге түшпөй асылып калат. Аны компьютер менен жерге түшкөндөй жасап коюшат. Бул бир аз жумушту жеңилдеткени менен баары бир жасалма экени билинип калат.