Биринен бири өтүп... "Казакстан сулуусу" сынагынын жеңүүчүлөрү видеодо
Биринен бири өтүп... "Казакстан сулуусу" сынагынын жеңүүчүлөрү видеодо
Sputnik Кыргызстан
Казакстандын чүрөгү болуш үчүн 28 кыз ат салышкан. Сынактын 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарада үч кыз өлкөнүн башкы сулуусу деп аныкталып, андан сырткары... 17.11.2021, Sputnik Кыргызстан
Ошентип, Алматы калаасында "Казакстан сулуусу — 2021" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Башкы сулуунун таажысын Актөбе шаарынын тургуну Назерке Кармановага кийгизишкен.Эми ал казак элинин атынан "Дүйнө сулуусу" сынагында катышарын Sputnik Казакстан жазды.Ал кыздан сырткары финалга дагы экөө чыккан. Казакстандын атынан "Жер сулуусу" сынагына Анна Глубоковская (Караганда), ал эми "Аалам сулуусуна" Айдана Ахантаева катышары айтылды. Биринчи вице-мисс Данагүл Карабай "Мисс спорт", ал эми экинчи вице-мисс Карлыгаш Сексен кызы "Мисс Fashion" болгон."Казакстан сулуусу-2019" сынагынын жеңүүчүсү Мадина Батык жана калыстар тобунун төрагасы Марат Бисенгалиев чүрөктөргө таажы кийгизген. Беш сулуу гранд-финалга өткөндөн кийин алардын ичинен дагы биринин артыкчылыгын белгилеп, эл түз эфир аркылуу добуш берген."Казакстан сулуусу" акчалай сыйлык жана люкс бренддер менен рекламалык негизде иштешүү үчүн түзүлгөн бир нече келишимдин ээси болуп калды. Мындан сырткары, гранд-финалга чыккан кыздарды аталган сынактын 25 жылдыгына карата өзгөчө байгелер күтүп турганы айтылды.
Казакстандын чүрөгү болуш үчүн 28 кыз ат салышкан. Сынактын 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарада үч кыз өлкөнүн башкы сулуусу деп аныкталып, андан сырткары дагы эки селки тандалган.
Ошентип, Алматы калаасында "Казакстан сулуусу — 2021" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Башкы сулуунун таажысын Актөбе шаарынын тургуну Назерке Кармановага кийгизишкен.
Эми ал казак элинин атынан "Дүйнө сулуусу" сынагында катышарын Sputnik Казакстан жазды.
Мындан сырткары, гранд-финалга чыккан кыздарды аталган сынактын 25 жылдыгына карата өзгөчө байгелер күтүп турганы айтылды
Ал кыздан сырткары финалга дагы экөө чыккан. Казакстандын атынан "Жер сулуусу" сынагына Анна Глубоковская (Караганда), ал эми "Аалам сулуусуна" Айдана Ахантаева катышары айтылды. Биринчи вице-мисс Данагүл Карабай "Мисс спорт", ал эми экинчи вице-мисс Карлыгаш Сексен кызы "Мисс Fashion" болгон.
"Казакстан сулуусу-2019" сынагынын жеңүүчүсү Мадина Батык жана калыстар тобунун төрагасы Марат Бисенгалиев чүрөктөргө таажы кийгизген. Беш сулуу гранд-финалга өткөндөн кийин алардын ичинен дагы биринин артыкчылыгын белгилеп, эл түз эфир аркылуу добуш берген.
"Казакстан сулуусу" акчалай сыйлык жана люкс бренддер менен рекламалык негизде иштешүү үчүн түзүлгөн бир нече келишимдин ээси болуп калды. Мындан сырткары, гранд-финалга чыккан кыздарды аталган сынактын 25 жылдыгына карата өзгөчө байгелер күтүп турганы айтылды.