Бишкек — Ош жолунда фуралардын жүрүшү убактылуу чектелди. Эскертүү

© Фото / пресс-служба УОБДДБишкек — Ош жолундагы жүк ташуучу унаа. Архив
Бишкек — Ош жолундагы жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
Төө-Ашуунун түштүк тарабында борошо уруп, Ала-Бел менен Көк-Белде кар тынымсыз жаап жатканын билдиришти.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолундагы оор жүк ташуучу автоунаалардын каттамына убактылуу тыюу салынды. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.
Анда саат 14:15тен тарта "Сосновка" постунда фуралардын каттоосуна Төө-Ашуу аймагында аба ырайы жакшыргыча чектөө киргизилгени айтылган.
Эске салсак, бүгүн Кыргызгидромет Кыргызстандын бир топ аймактарында, тоолуу жерлерде кар түшүп, күндүн көзү бузуларын билдирген.
Учурда Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашууда, Суусамыр өрөөнүндө кар тынбай жаап, 13:00дөн бери ары-бери каттагандарга жеңилдик болуш үчүн кар улам тазаланып, тайгакка каршы атайын каражаттар себилип жатканы кабарланды.
Бишкекке жааган киргилт кар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Бишкекке жааган киргилт кар. Кыргызгидромет эмне дейт?
Төө-Ашуунун түштүк тарабында борошо уруп, Ала-Бел менен Көк-Белде кар тынымсыз жаап жатканын билдиришти. Аталган аймактарда, Өтмөк ашуусунда, Талас — Тараз — Суусамыр трассасында да жолчулардын иштеп жатканы айтылды.
Төө-Ашуу менен Өтмөктө кардын калыңдыгы 10-15 сантиметрге чамалап барган.
Министрлик алыс жолго чыккан айдоочуларды автоунааларды тайгалануудан коргой турган чынжырларды жана башка керектүү шаймандарды өзү менен кошо алууну, эгерде жол тыгыны жаралса, каршы тилкеге чыгып кетпөөнү эскертти. Андан сырткары, ашууларда көчкүдөн, таш кулоодон сактануу максатында автокөлүктөрдүн аралыгын 500 метр сактоо керектигин баса белгилешти.
Жаңылыктар түрмөгү
0