https://sputnik.kg/20211115/tunduk-elektr-karyz-zharyk-ochuruu-1054599140.html
"Түндүк электр": карыз төлөнбөсө эртеңден тарта 4600 үй электр энергиясыз калат
"Түндүк электр": карыз төлөнбөсө эртеңден тарта 4600 үй электр энергиясыз калат
Sputnik Кыргызстан
Борбор калаада бүгүнкү күндө 4600дөн ашуун абоненттин ишканага болгон карызы 12,1 миллион сомго жеткени айтылды. 15.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-15T11:15+0600
2021-11-15T11:15+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
"түндүк электр" ишканасы
карыз
электр энергиясы
https://sputnik.kg/img/07e5/04/16/1052217448_0:308:3073:2036_1920x0_80_0_0_73f74c21940f6b8baa3eb3577edfff1a.jpg
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы абоненттерди пайдаланган электр кубаты үчүн төлөмдү өз убагында төгүүгө чакырып, болбосо 16-ноябрдан тарта өчүрүлө турганын эскертти. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы билдирүү таратты.Элдин ыңгайы үчүн "Түндүк электр" тиркемеси, андан сырткары, компаниянын сайтындагы "Абоненттин балансы" деп аталган бөлүм күнү-түнү иштейт. Ал жерден абоненттер эсеп-кысабын билип алса болот. Буга кошумча, аталган компаниянын телефон чалып билүү кызматы 1209 жана (0551) 00-12-09 (WhatsApp) номерлери менен маалымат берет.Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (касса-24), MegaCom, "О!", "Оңой" төлөө терминалдары, анын ичинен "О!", MegaPay, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктар аркылуу төлөсө болот. Ошондой эле "РСК банк", "Керемет банк", "ДосКредоБанк", "Бакай банк", "Кыргызстан", "Халык банк", КICВ жана "Оптима банктын" кассалары да кабыл алат. Эгер кааласаңыз "Кыргыз почтасы" аркылуу төлөй аласыз.
https://sputnik.kg/20210614/ehlektr-kubatyn-unomdoo-1052855954.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/16/1052217448_108:0:2839:2048_1920x0_80_0_0_610081d6978bcb44e819e51f8545365c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, "түндүк электр" ишканасы, карыз, электр энергиясы
жаңылыктар, коом, кыргызстан, "түндүк электр" ишканасы, карыз, электр энергиясы
"Түндүк электр": карыз төлөнбөсө эртеңден тарта 4600 үй электр энергиясыз калат
11:15 15.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Борбор калаада бүгүнкү күндө 4600дөн ашуун абоненттин ишканага болгон карызы 12,1 миллион сомго жеткени айтылды.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы абоненттерди пайдаланган электр кубаты үчүн төлөмдү өз убагында төгүүгө чакырып, болбосо 16-ноябрдан тарта өчүрүлө турганын эскертти. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы билдирүү таратты.
"Ишканага Бишкек шаарында 4600дөн ашуун абонент 12,1 миллион сом карыз, эгер алар убагында төлөбөсө автоматтык маалыматтык-өлчөөчү система аркылуу электр энергиясы өчүрүлөт", — деп кабарлады.
Элдин ыңгайы үчүн "Түндүк электр" тиркемеси, андан сырткары, компаниянын сайтындагы "
Абоненттин балансы" деп аталган бөлүм күнү-түнү иштейт. Ал жерден абоненттер эсеп-кысабын билип алса болот. Буга кошумча, аталган компаниянын телефон чалып билүү кызматы 1209 жана (0551) 00-12-09 (WhatsApp) номерлери менен маалымат берет.
Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (касса-24), MegaCom, "О!", "Оңой" төлөө терминалдары, анын ичинен "О!", MegaPay, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктар аркылуу төлөсө болот. Ошондой эле "РСК банк", "Керемет банк", "ДосКредоБанк", "Бакай банк", "Кыргызстан", "Халык банк", КICВ жана "Оптима банктын" кассалары да кабыл алат. Эгер кааласаңыз "Кыргыз почтасы" аркылуу төлөй аласыз.