Оору күчөгөн маалда иммунитетке кантип жардам берсе болору айтылды

© Sputnik / Владислав Воднев / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан маскачан аялдар. Архив
Көчөдө бараткан маскачан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, табияттан берилген иммунитет жугуштуу оорулардан толугу менен коргой албайт. Бирок иммунитет жакшы болсо вирусту жеңил көтөрүп же батыраак айыгууга болот.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Вирустук инфекциялык оорулардан сактанып, иммунитетти бекемдөө үчүн кандай эрежелерди эстен чыгарбоо керек экенин РИА Новостиге терапевт Дмитрий Злобин айтып берди.
"Бизге табияттан берилген иммунитет жугуштуу оорулардан толугу менен коргой албайт. Бирок иммунитет жакшы болсо вирусту жеңил көтөрүп же батыраак айыгууга болот", — деген эксперт.
Терапевт иммунитетти бекемдөө үчүн кийген кийимге, ичкен тамакка, жашоо образга көңүл бөлүү керектигин айткан.
Балык. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Диетолог: D витаминин таблеткадан башка жол менен алууга болот
"Баягы эле эрежелер: тамакты түрлөп жеп, уйку режимин сактап, сууну көп ичип, спорт менен машыгып, таза абага чыгып, зыяндуу адаттардан баш тартуу керек. Каттап кийинип, таманы калың бут кийим кийген жакшы. Ошондой эле ооругандар менен байланышты азайтып, колду самын менен таза жууп, антисептик колдонуп, бет кап тагынуу керек", — деген терапевт.
Адис сасык тумоого жана коронавируска каршы эмдөө жолу менен да иммунитетке ээ болуу мүмкүн экенин эске салган.
Жаңылыктар түрмөгү
0