Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Калбаев: экологиялык көйгөйлөр бир эле улуу муундун иши эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековАссистент руководителя отдела по связям с общественностью ПРООН Чынтемир Калбаев
Ассистент руководителя отдела по связям с общественностью ПРООН Чынтемир Калбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
БУУнун өнүктүрүү программасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчисинин жардамчысы Чынтемир Калбаев экологиялык көйгөйдү талкуулоого жаштар катышпай калып жатканын белгиледи.
Өлкөдө калктын санынын 30 пайыздан ашыгын жаштар түзөт. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 1,8 миллиард жаштар бар. Бирок жалпы адамзат үчүн актуалдуу болгон экологиялык маселелерди талкуулоодо алар көңүл сыртында калып жатат. Мындай пикирин Чынтемир Калбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып айтты.
Калбаев: экологиялык көйгөйлөр бир эле улуу муундун иши эмес
Анын айтымында, экологиялык көйгөйлөрдү талкуулоодо жана чечүүдө жаштарга өзүнчө жоопкерчилик артуу керек.
"Биз өлкөнү кыдырып "Студенттер жашыл экономиканы колдойт" жаштар кербенин өткөрүп жүрөбүз. Максаты — дүйнөдө орчундуу маселеге айланган экология, климат көйгөйлөрүн чечүүдө жаштарды аралаштыруу, аларды бул багыт менен азыртадан тааныштыруу. Көптөгөн өлкөлөрдө эле Жер планетасынын табиятын сактап калуу боюнча маселе көтөрүлгөндө жаш муун көз жаздымда калат экен. Биздин өлкөдө буга бир нече себеп бар. Ошол эле жаш курагы, тажрыйбасыздыгы, жумуш орундун тартыштыгынан өз кесиби менен иштебей тиешелүү тармактарга аралаша албагандыгы, анан дагы гендердик маселелер байкалат. Мындан улам жалгыз ишенимдүү булак болуп ЖОЖ калат экен. Андыктан биз студенттик кербен деп атадык. Бизге "эл кыдырбай эле интернет аркылуу жыйындарыңарды өткөрүп койбойсуңарбы" деп көп айтышты. Бирок жандуу кыймыл, баарлашуу болушу зарыл. Мындай иштерди интернет аркылуу баштап, анан эле бир канча убакыттан кийин сайттары, атайын ачылган аянтчалары каралбай, маалымат жүктөлбөй калып жаткан кыймылдарды көрүп жүрөбүз. Биздин максат келечек ээлери болгон ошол жаштарга барып "сен бүгүн желим бөтөлкөдөн баш тарта аласыңбы, электр энергиясын, сууну үнөмдөй аласыңбы" деген маселелерди талкуулап, аларга көйгөйдүн канчалык олуттуу экенин түшүндүрүшүбүз керек, — деди Калбаев.
Ал экологиялык маселелерди талкуулоодо кыздар активдүүлүгүн көрсөткөнүнө карабай, аймак тургундарынын көбү бул көйгөйлөрдү чечүүгө эркек балдар ылайыктуу деп эсептешерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0