Бишкекте көпүрөнүн астынан эркек кишинин сөөгү табылды

© Фото / МЧС РФ / Медиабанкка өтүүПоисково-спасательные работы на Ладожском озере
Поисково-спасательные работы на Ладожском озере - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
Жерине барган куткаруучулар сөөктү чыгарып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүндө көпүрөнүн астынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган көпүрө ушул аймактан агып өткөн Ала-Арча дарыясына коюлган.  Кечээ, 3-ноябрда, саат 15:30 чамасында кабар түшүп, ал жерге ӨКМдин беш куткаруучусу барган. Алар кишинин сөөгүн чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Маркумдун ким экендиги такталууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0