Ысык-Көлдө алтын, күмүш концентраттарын өлкөдөн чыгарып бараткандар аныкталды

Жазылуу
Азыркы тапта концентраттарды мыйзамсыз алып чыгууну уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылды.
УКМК Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сырт зонасында кайра иштетүүчү заводдон калай, вольфрам, алтын, күмүш жана башка химиялык элементтерди камтыган концентратты мыйзамсыз алып чыгып бараткандарды аныктады. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Аталган иш сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жазык кодексинин 211-беренесинин 2-бөлүгү ("Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
"29-октябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда УКМК кызматкерлери тарабынан үч оор жүк ташуучу унаа кармалды. Анда жалпы салмагы 50 тоннадан ашкан капка салынган химиялык элементтердин концентраты табылган. Кармалган жүктүн товардык-транспорттук документтеринин реквизиттери жасалма болуп чыккан", — деп айтылат маалыматта.
Концентраттар жүктөлгөн автоунаалар УКМКнын Ысык-Көл облусуна караштуу аймагына киргизилип, учурда аларды мыйзамсыз алып чыгууну уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0