Нутрициолог: вирустук эпидемия жүрүп жатканда катаал диета кармаган болбойт

© Sputnik / Табылды КадырбековДен соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация боюнча республикалык борбордун нутрициологу Марина Дүйшөнкулова
Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация боюнча республикалык борбордун нутрициологу Марина Дүйшөнкулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жазылуу
Адис вакцина алганга чейин 3-4 күн мурда тез татым, анын ичинде таттуу суусундуктардан баш тарта турууну эскерткен. Себеби алардын айрымдары иммунитетти түшүрүп жиберет.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация боюнча республикалык борбордун нутрициологу Марина Дүйшөнкулова брифинг учурунда суукта ден соолук менен иммунитетти кантип чыңдаса болорун түшүндүрдү.
Адистин айтымында, суукта адамдын тамактануусу мүмкүн болушунча ар түрдүү болушу зарыл.
"Рациондо бардык керектүү заттар, витаминдер жана минералдар болушу зарыл. Маселен, түрдүү түстөгү жашылчалар, чөптөр, жемиштер, эт, жаңгак, буурчак, дан өсүмдүктөрү. Ошондой эле балык, сүт азыктарын жана жумуртканы кошуу керек", — деген Дүйшөнкулова.
Нутрициолог вирустук эпидемия учурунда катаал диета кармоо сунушталбаганын белгилеген. Ошондой эле вакцина алганга чейин 3-4 күн мурда тез татым, анын ичинде таттуу суусундуктардан баш тарта туруу керек. Себеби алардын айрымдары иммунитетти түшүрүп жиберет.
Жаңылыктар түрмөгү
0