Боом капчыгайында беш күн бою таш кулатылат

© Sputnik / Табылды КадырбековБоом капчыгайында бараткан унаалар. Архив
Боом капчыгайында бараткан унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жазылуу
Мындай аракет автоунаа жолуна таш кулап кетүү кооптуулугун алдын алуу максатында жасалууда. Таш кулатуу иштери күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жасалат.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. 1-5-ноябрь күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында (Боом капчыгайы) кулоо коркунучу бар таштар атайылап түшүрүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техника тартылат.
"Таш кулатуу иштери күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жасалып, унаа жолу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери тарабынан маал-маалы менен жабылып турмакчы", — деп айтылат билдирүүдө.
Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен жүрөт. 30-40тан ашуун автотранспорт топтолуп калса иштер токтотулуп, жол убактылуу ачылат.
Мындай аракет автоунаа жолуна таш кулап кетүү кооптуулугун алдын алуу максатында жасалууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0