https://sputnik.kg/20211028/telefon-zhol-kyrsyk-ajdoochu-zhoo-adam-1054386162.html
Дарыгер: Бишкектеги унаа сүзүп кеткендердин 80%ы телефон карап бараткандар
Дарыгер: Бишкектеги унаа сүзүп кеткендердин 80%ы телефон карап бараткандар
Sputnik Кыргызстан
Дарыгер айдоочулардын да, жөө адамдардын да колунан телефон түшпөй калганын белгилеген. Өлкөдө күнүнө жол кырсыгынан эки адам көз жумары айтылды. 28.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-28T10:51+0600
2021-10-28T10:51+0600
2021-12-15T23:00+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
пресс-борбор
жол кырсык
телефон
дарыгер
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/1d/1050239690_0:308:3078:2048_1920x0_80_0_0_387e5a8d96bc3c97e32b0e971e09d4a4.jpg
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекте автоунаа сүзүп кетип жабыркаган же каза болгон жөө адамдардын 80 пайызы телефон карап баратып кырсыкка кабылат. Бул тууралуу Травматологиялык жана ортопедиялык илим изилдөө борборунун Тез жардам кызматы бөлүмүнүн травматологу Бекназар Жунусов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн тегерек столдо билдирген.Дарыгер ошол эле учурда айдоочулардын көбү дагы автоунаа башкарып бара жатып телефон колдонорун белгилеген."Буга чейин инспекторлор айып салчу, азыр андай жок. Айдоочу телефонду каалагандай колдонот. Баарын өзүбүз жасап жатабыз. Бүт баарынын колунан телефон түшпөйт. Басып баратса деле, автоунаада болсо да, жолдон өтөрдө деле колдорунда смартфон", — деген ал.Тегерек столдо күнүнө Кыргызстанда эки адам жол кырсыгынан каза болору айтылган.
https://sputnik.kg/20211027/chuy-zhol-kyrsyk-eki-oldu-1054375014.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/1d/1050239690_0:114:3078:2048_1920x0_80_0_0_52975c9ad76cfdfc205efdb89550be51.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, жол кырсык, телефон, дарыгер
жаңылыктар, коом, кыргызстан, жол кырсык, телефон, дарыгер
Дарыгер: Бишкектеги унаа сүзүп кеткендердин 80%ы телефон карап бараткандар
10:51 28.10.2021 (Жаңыртылды: 23:00 15.12.2021) Дарыгер айдоочулардын да, жөө адамдардын да колунан телефон түшпөй калганын белгилеген. Өлкөдө күнүнө жол кырсыгынан эки адам көз жумары айтылды.
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекте автоунаа сүзүп кетип жабыркаган же каза болгон жөө адамдардын 80 пайызы телефон карап баратып кырсыкка кабылат. Бул тууралуу Травматологиялык жана ортопедиялык илим изилдөө борборунун Тез жардам кызматы бөлүмүнүн травматологу Бекназар Жунусов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн тегерек столдо билдирген.
"Биздин эң көйгөйлүү маселе бул — мобилдик телефон, кулакчындар. 70-80 пайызы телефон менен кулакчынга алаксып жол кырсыгына кабылууда. Бала жолдон өтүп баратканда биринчи автоунаа токтойт. Айдоочу караса баланын колунда телефон, анан кулакчын. Ошол маалда экинчи автоунаа келет дагы аны сүзүп кетет", — деди Жунусов.
27 Тогуздун айы 2021, 12:27
Дарыгер ошол эле учурда айдоочулардын көбү дагы автоунаа башкарып бара жатып телефон колдонорун белгилеген.
"Буга чейин инспекторлор айып салчу, азыр андай жок. Айдоочу телефонду каалагандай колдонот. Баарын өзүбүз жасап жатабыз. Бүт баарынын колунан телефон түшпөйт. Басып баратса деле, автоунаада болсо да, жолдон өтөрдө деле колдорунда смартфон", — деген ал.
Тегерек столдо күнүнө Кыргызстанда эки адам жол кырсыгынан каза болору айтылган.