Диетолог суукта, локдаунда кантип салмак кошпой жүрүүнүн жолун айтып берди

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМашыгып жаткан аял. Архив
Машыгып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
Адис салмак кошпоо үчүн биринчи иретте азыктардын ден соолукка пайдалуусун туура тандоо зарыл экенин баса белгилеген.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Адам майлуу азык жегиси келген суукта жана кыймыл аз болгон локдаунда отурганда кантип тамактанса салмак кошпой тургандыгын диетолог Антон Бердов айтып, маалыматты РИА Новости жарыялады.
Адис ал үчүн биринчи иретте азыктардын ден соолукка пайдалуусун туура тандоо зарыл экенин белгилеген.
"Тамак-аш тандоого аң-сезимдүү мамиле жасап, зыяндуу тамактарды окшош, бирок пайдалуу азыктарга алмаштырыңыз. Мисалы, нандын ордуна дандан жасалган жеңил азыктарды, шоколаддын ордуна мөмө-жемиштерди жеш керек. Ошондой эле калорияны көзөмөлдөп, күнүмдүк норманы 10-15 пайызга азайтууну унутпашыбыз зарыл. Тамактын 30 пайызы белок, 30 пайызы май жана 40 пайызы углеводдордон турганы жакшы. Бул сунуш суук мезгилде, ошондой эле локдаун учурунда бир форманы сактоого мүмкүнчүлүк берет", — деди эксперт.
Ал эми көптөр баш тарта албаган чипсыны колдон келсе хумус (нуттан жасалган пюре) кошулган кытыраган жашылча таякчаларына алмаштырса жакшы болот.
Дан азыктары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Тез сиңген углеводдор семиртпейт. Окумуштуулар себебин айтты
Суук түшкөн сайын адамдар көп баспай, активдүүлүк төмөндөп, көчөдө азыраак жүрөт. Адис өзү деле улам-улам тамак жегиси келип муздаткычтан алыс кетпестигин, бул кадыресе эле көрүнүш экендигин айткан.
"Биздин организм суук келгенин түшүнүп, ичтен жылый баштайт, ошол эле учурда зат алмашуу тездейт. Бул дененин нормалдуу температурасын кармап туруу үчүн зарыл. Бирок кишинин  дайыма тамактангысы келе бергени кадимки көрүнүш экенине карабастан, тамакты тарта жеш керек", —  деп эскерткен эксперт.
Буга чейин дагы бир дарыгер диетасы жок эле арыктоонун жөнөкөй жолун айтып берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0