00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Садыркулов: үй-бүлөмдүн жети мүчөсү тең балет артисттери

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эмгек сиңирген артисти, Бишкек хореографиялык мектебинин, Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин мугалими, балетмейстер, доцент Досмат Садыркулов
КРдин эмгек сиңирген артисти, Бишкек хореографиялык мектебинин, Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин мугалими, балетмейстер, доцент Досмат Садыркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
КРдин эмгек сиңирген артисти, Бишкек хореографиялык мектебинин, Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин мугалими, балетмейстер, доцент Досмат Садыркулов балетке кокусунан эле келип калганын айтты.
Садыркулов: үй-бүлөмдүн жети мүчөсү тең балет артисттери
Панфилов районунун Эркин-Сай айылында төрөлгөм. Ата-энем айылдык интеллигенциянын өкүлдөрү эле. Апам айылдык ооруканада акушер, атам кыргыз тили жана адабияты мугалими, жергиликтүү мектепте башкы мугалим болгон. Бирок үйдө ар дайым чыгармачылык атмосферасы өкүм сүрүп турчу. Атам комузду мыкты черткен, апам абдан жакшы ырдачу. Мен үйдүн эң кичүү баласымын. Бул тууралуу Досмат Садыркулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Күн башат" программасынын эфиринде маек куруп жатып баяндады.
Анын айтымында, учурда үй-бүлөсүнүн жети мүчөсү, анын ичинде эки келини да балет артисттери.
"Балетке капысынан эле келип калдым. Совет мезгилинде жайкысын хореографиялык окуу жайлардын мугалимдери таланттарды издеп, айылдарды кыдырышчу эле. Байкем экөөбүз жөн эле кароого катышып көрдүк. Бир тууганым бир аз тартынчаак болуп, тандоодон өтпөй калды, ал эми мени бий мектебине чакырышты. Бирок атам каршы болгон, анткени улуу агаларымдын көбү шаарга кетип, байкем экөөбүз үйдө ата-энеме жардам беришибиз керек болчу. Тилекке каршы, ошол учурда атам катуу оорудан каза болуп калды. Андан кийин үй-бүлөлүк кеңеште мени окууга кое берүү чечими кабыл алынды. 1981-жылы Бишкек балет мектебин аяктадым. Андан кийин 1989-жылы Агриппина Ваганова атындагы Ленинград академиялык хореографиялык мектебинде Мельникова менен Ивановдун класстарында окуудан өттүм. Андан соң 1989-жылдан бери Кыргыз опера жана балет театрында иштеп, "Лебединое озеро", "Щелкунчик", "Жизель" жана башка көптөгөн спектаклдерде 20дан ашуун башкы ролдорду аткардым. Көп жаңы артисттер кордебалеттен солистке чейин узак жолду басып өтүшөт. Бирок мага чоң ишеним артышып, алгачкы жылдардан тартып спектаклдерге башкы солист катары кое башташкан. Учурда менин уникалдуу үй-бүлөм бар. Жубайым да балерина, жаш кезинде бийлечү, азыр сабак берет. Эки уулум жана келиндерим балет бийчилери. Кичүү кызым да жашоосун балет менен байланыштырууну чечти", — деди Садыркулов.
Артист Кыргыз улуттук опера жана балет театры согуш учурунда, эл ачка кезде курулганын эскерип, азыркы учурда аталган искусствого болгон мамиле кейитерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0