https://sputnik.kg/20211005/sadyr-zhaparovdun-kajryluusu-1054121353.html
Элге гана таянып өлкө башчы болдум. Жапаровдун кайрылуусу
Элге гана таянып өлкө башчы болдум. Жапаровдун кайрылуусу
Sputnik Кыргызстан
Президент кайрылуусунда элдик бийлик кыска мезгил ичинде өлкөдө саясий жана социалдык туруктуулукту калыбына келтиргенин белгилеген. 05.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-05T10:48+0600
2021-10-05T10:48+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
саясат
садыр жапаров
кайрылуу
төңкөрүш
https://sputnik.kg/img/07e5/03/04/1051672214_136:110:2671:1536_1920x0_80_0_0_6844be397bd1f80a0531520bdd14cdf4.jpg
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 2020-жылдагы октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.Өлкө башчы төңкөрүш учурунда көз жумган Үмүтбектин жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын туугандарына таазим эткен. Кайрылуусунда ал октябрь окуяларынан кийин абалдан чыгуу, элдин социалдык-экономикалык муктаждыктарын ыраатка салып кетүү оңойго турбаганын айтты.Жапаров элдик бийлик кыска мезгил ичинде өлкөдө саясий жана социалдык туруктуулукту калыбына келтиргенин белгилеген."Жаңы бийликти эл аралык коомчулук тааныбайт деген кептер четке кагылды. Бардык эл аралык милдеттенмелер, буга чейинки эки жана көп тараптуу келишимдер менен макулдашуулар толук аткарылууда", — деген мамлекет башчы.Президент элдин талабын аткаруу максатында убадаланган конституциялык реформалар ишке ашканына токтолгон.Өлкө башчы Кыргызстандын гүлдөгөн мамлекет болууга бардык жагынан мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтып, көп улуттуу кыргыз элине ынтымак каалап өткөн.Жапаров ушул эле кайрылуусунда октябрь окуялары эмнеден улам келип чыкканын да айткан.Эске салсак, 2020-жылдын 5-октябрында нааразы болгон эл, саясий күчтөр "Ала-Тоо" аянтына чогулган. Алар 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Кечинде эл толкуп Ак үй тарапка агылган. Күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ, кулак тундуруучу гранаталарды колдонуп, аларды таратууга аракет кылган. Бирок толкуган элди токтото алышкан эмес. Натыйжада 6-октябрга караган түнү эл Ак үйдү басып алган. Андан кийин абакта жаткан Садыр Жапаров түрмөдөн бошотулуп, өлкө башчылыкка келген.
https://sputnik.kg/20201021/kyrgyzstan-2020-october-okuyalar-1050140350.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/04/1051672214_352:0:2472:1590_1920x0_80_0_0_6ad0c764685264a0a7956cf582d4db16.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, саясат, садыр жапаров, кайрылуу, төңкөрүш
жаңылыктар, коом, кыргызстан, саясат, садыр жапаров, кайрылуу, төңкөрүш
Элге гана таянып өлкө башчы болдум. Жапаровдун кайрылуусу
10:48 05.10.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Президент кайрылуусунда элдик бийлик кыска мезгил ичинде өлкөдө саясий жана социалдык туруктуулукту калыбына келтиргенин белгилеген.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 2020-жылдагы октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасаганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы төңкөрүш учурунда көз жумган Үмүтбектин жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын туугандарына таазим эткен. Кайрылуусунда ал октябрь окуяларынан кийин абалдан чыгуу, элдин социалдык-экономикалык муктаждыктарын ыраатка салып кетүү оңойго турбаганын айтты.
"Мамлекетте тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактап калуу үчүн тез аранын ичинде тийиштүү чараларды көрүүгө туура келди. Чукул арада өлкөдөгү абалды мыйзамдуу жол менен турукташтырып, стабилдүүлүктү сактап кала алдык. Элдин талабы боюнча мурдагы бийлик отставкага кетти жана жаңы өкмөт түзүлдү. Бул жалпы Кыргызстандын элинин жеңиши болду", — деп жазылат кайрылууда.
Жапаров элдик бийлик кыска мезгил ичинде өлкөдө саясий жана социалдык туруктуулукту калыбына келтиргенин белгилеген.
"Жаңы бийликти эл аралык коомчулук тааныбайт деген кептер четке кагылды. Бардык эл аралык милдеттенмелер, буга чейинки эки жана көп тараптуу келишимдер менен макулдашуулар толук аткарылууда", — деген мамлекет башчы.
Президент элдин талабын аткаруу максатында убадаланган конституциялык реформалар ишке ашканына токтолгон.
"Октябрь окуяларынан кийин өлкө саясий, социалдык-экономикалык жактан оор абалга кептелген кез эле. Элдин колдоосу менен мамлекет башына келген адам катары мен чоң жоопкерчиликти мойнума алдым. Муну менен элге гана таянып, элге гана ишенип, элге гана кызмат кылууну негизги багытым деп кабыл алдым. Мыйзамдуулук, жоопкерчилик, ачык-айкындуулук жана эң башкысы адилеттүүлүк гана элдин ишенимин кайтарып, өлкөбүздүн ынтымагы менен өнүгүүсүн кепилдей алары айкындалды", — деген Жапаров.

21 Тогуздун айы 2020, 14:00
Өлкө башчы Кыргызстандын гүлдөгөн мамлекет болууга бардык жагынан мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтып, көп улуттуу кыргыз элине ынтымак каалап өткөн.
Жапаров ушул эле кайрылуусунда октябрь окуялары эмнеден улам келип чыкканын да айткан.
Эске салсак, 2020-жылдын 5-октябрында нааразы болгон эл, саясий күчтөр "Ала-Тоо" аянтына чогулган. Алар 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Кечинде эл толкуп Ак үй тарапка агылган. Күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ, кулак тундуруучу гранаталарды колдонуп, аларды таратууга аракет кылган. Бирок толкуган элди токтото алышкан эмес. Натыйжада 6-октябрга караган түнү эл Ак үйдү басып алган. Андан кийин абакта жаткан Садыр Жапаров түрмөдөн бошотулуп, өлкө башчылыкка келген.