Келерки жуманын этеги жаан-чачындуу болот. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовПогода в Бишкеке
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Жазылуу
Синоптиктердин божомолунда алдыдагы жуманын башында кээ бир аймактарда күн ачык болот. Андан кийин айрым жерлерде жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, алдыдагы жуманын башында кээ бир аймактарда күн ачык болот. Андан кийин айрым жерлерде жамгыр, тоолуу аймактарда кар жайт.

Чүй

27-сентябрда күндүз жана 30-сентябрда кээ бир райондордо жаан, ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот.

Бишкек

30-сентябрда жана 1-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Калган убакта күн ачык.

Талас

27-сентябрда күндүз жана 30-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жамгыр, бийик тоолуу жерлерде кар жаашы ыктымал. Ал эми 1-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшөт.

Ош

1-октябрда эртең менен жана күндүз, 2-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Жалал-Абад

Облуста жуманын башында күн ачык болот. 30-сентябрда жана 1-2-октябрда айрым жерлерде жаан-чачын жаайт. Адаттагыдай тоолуу аймактарга кар түшүшү мүмкүн.

Баткен

1-2-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. 

Ысык-Көл

1-2-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

Нарын

1-октябрда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондордо кар жаай турганы айтылды. 2-октябрда түнкүсүн ушундай эле аба ырайы болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0