Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак: 4 окуучу ооруканага жеткирилди

© Sputnik / Табылды КадырбековТез жардам унаасы. Архив
Тез жардам унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Окуя 23-сентябрь күнү саат 13:00дөр чамасында Көк-Таш айылынын Дахма аймагында болгон. Кол салуудан кийин кыргызстандык төрт окуучу ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргызстандык жана тажикстандык окуучулардын ортосунда мушташ чыгып, аягында чыр-чатакка чоңдор аралашты. Бул тууралуу Баткен райондук администрациясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, окуя 23-сентябрь күнү саат 13:00дөр чамасында Көк-Таш айылынын Дахма аймагында болгон.

"Мектептен кайтып келе жаткан кыргызстандык төрт окуучуну тажик айылынын 11-классынын 30га чукул окуучусу ур-токмокко алган. Натыйжада кыргызстандык балдар ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Кийин алардын туугандары тажикстандык эки баланын ата-энесине барып уруш чыгарган. Андан соң эки тараптан 40ка чукул киши чогулган", — деп айтылат билдирүүдө.

Кийин Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте Исфара районунун төрагасы Баховадин Бахадурзода башында турган делегация менен жолукту.

"Маселе жеринде каралып, жыйынтыгында эки тарап өз аймагындагы элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мындан тышкары, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартыларын билдиришкен", — деп жазылат кабарда.

Учурда чек аралаш аймактарда абал тынч экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0