БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Баткен облусунда фотокапкан ак илбирс жана башка бир нече жаныбарды тартып алган. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы жаратылышты коргоо союзунун (NABU) маалымат катчысы Зарина Эсенбаева билдирди.
Анын айтымына караганда, Лейлек районундагы "Сүрмө-Таш" жана Кадамжайдагы "Саркент" жаратылыш коруктарына 40тан ашык фотокапкан орнотулган.
![Баткен облусунда фотокапкан ак илбирс жана башка бир нече жаныбарды тартып алган. Баткен облусунда фотокапкан ак илбирс жана башка бир нече жаныбарды тартып алган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/11/1053933131_0:199:1645:1233_600x0_80_0_0_366a1ed128a3d811c2029aa09c3fac24.png)
![Лейлек районундагы Сүрмө-Таш жана Кадамжайдагы Саркент жаратылыш коруктарына 40тан ашык фотокапкан орнотулган. Лейлек районундагы Сүрмө-Таш жана Кадамжайдагы Саркент жаратылыш коруктарына 40тан ашык фотокапкан орнотулган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/11/1053933106_0:190:1559:1169_600x0_80_0_0_0a519b13fb3d4e81fce8f52f3f9dc13d.png)
![20 фотокапкан жаратылыш коругуна, 22си коруктан сырткаркы аймактарга коюлган. 20 фотокапкан жаратылыш коругуна, 22си коруктан сырткаркы аймактарга коюлган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/11/1053933136_0:200:1651:1237_600x0_80_0_0_de0fd44c8544bd0db820d84634cd41a4.png)
![Тартуу аянты Түркстан тоо кыркаларындагы 100 миң гектар жерди түзөт. Тартуу аянты Түркстан тоо кыркаларындагы 100 миң гектар жерди түзөт. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/11/1053933169_0:188:1543:1158_600x0_80_0_0_6a06653549be0e98d7454ca8e1fd411f.png)
![Фотокапкандар деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте дээрлик тогуз ай турду Фотокапкандар деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте дээрлик тогуз ай турду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/11/1053933116_0:184:1503:1128_600x0_80_0_0_a4f7136e6310e239eeb7c726f64566a7.png)
![2021-жылдын жай айларында NABU-Кыргызстандын мониторинг боюнча адистери Сүрмө-Таш жана Саркент коруктарынын кызматкерлери менен биргеликте фотокапкандагы сүрөттөрдү чыгарышкан. 2021-жылдын жай айларында NABU-Кыргызстандын мониторинг боюнча адистери Сүрмө-Таш жана Саркент коруктарынын кызматкерлери менен биргеликте фотокапкандагы сүрөттөрдү чыгарышкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/11/1053933158_0:200:1652:1238_600x0_80_0_0_a1ab40e9ca200237dd82ed7809b8ac95.png)
![Кадрга ак илбирс, тоо теке, карышкыр, түлкү, кашкулак, каман, чүткөр, суур, коён, гималай улары, кекилик жана башка айбанаттар түшүп калган Кадрга ак илбирс, тоо теке, карышкыр, түлкү, кашкулак, каман, чүткөр, суур, коён, гималай улары, кекилик жана башка айбанаттар түшүп калган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/11/1053933180_0:192:1587:1190_600x0_80_0_0_5a4dff1d1363abdde02ed84ef6b3ed49.png)
![NABU филиалынын директору Толкунбек Асыкуловдун айтымында, адистер алдын ала маалыматтарга ээ болду. NABU филиалынын директору Толкунбек Асыкуловдун айтымында, адистер алдын ала маалыматтарга ээ болду. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/11/1053933142_0:200:1658:1243_600x0_80_0_0_166e4fd0dbcb16ce1a5ecdba00c938fc.png)
![Эми сүрөткө түшүп калган ар бир жаныбарды идентификациялоо иши турат. Эми сүрөткө түшүп калган ар бир жаныбарды идентификациялоо иши турат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/11/1053933153_0:192:1596:1196_600x0_80_0_0_36b298c1ffc5a74b64bac2ce70638692.png)
![Сүрмө-Таш мамлекеттик коругу Аңчылык союзунун базасында 2009-жылы түзүлгөн. Сүрмө-Таш мамлекеттик коругу Аңчылык союзунун базасында 2009-жылы түзүлгөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/11/1053933147_0:192:1580:1185_600x0_80_0_0_a54be3e1c55a8fed225f4f0cb0362a9d.png)
![Анын аянты — 66 194 гектар. Анын аянты — 66 194 гектар. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/11/1053933121_0:196:1613:1209_600x0_80_0_0_591316215d860fbf74c9f9e5e77168b6.png)
![Саркент мамлекеттик коругу 2009-жылы түзүлгөн. Саркент мамлекеттик коругу 2009-жылы түзүлгөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/11/1053933190_0:0:1631:1025_600x0_80_0_0_44ce7c2dbd6c8b0036e9d4171d642250.png)
![Анын аянты — 40 миң гектар. Анын аянты — 40 миң гектар. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/11/1053933185_0:143:1460:1060_600x0_80_0_0_4a25cbd7707e8719f275e6423fc65ac7.png)
![Баткен облусунда фотокапканга түшүп калган карышкыр Баткен облусунда фотокапканга түшүп калган карышкыр - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/11/1053933126_0:200:1649:1237_600x0_80_0_0_35cd33aa0e580bb31fb96ba2931b252d.png)
![Баткен облусунда фотокапканга түшүп калган кирпи Баткен облусунда фотокапканга түшүп калган кирпи - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/11/1053933163_0:192:1577:1183_600x0_80_0_0_d189afd15faa8b2801280eb0a3da38b6.png)
"20 фотокапкан жаратылыш коругуна, 22си коруктан сырткаркы аймактарга коюлган. Тартуу аянты Түркстан тоо кыркаларындагы 100 миң гектар жерди түзөт. Фотокапкандар деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте дээрлик тогуз ай турду", — деди Эсенбаева.
"Кадрга ак илбирс, тоо теке, карышкыр, түлкү, кашкулак, каман, чүткөр, суур, коён, гималай улары, кекилик жана башка айбанаттар түшүп калган", — деди Эсенбаева.
NABU филиалынын директору Толкунбек Асыкуловдун айтымында, адистер алдын ала маалыматтарга ээ болду.
"Эми сүрөткө түшүп калган ар бир жаныбарды идентификациялоо иши турат. Ак илбирс байырлаган аймак өнөктөш жаратылыш уюмдары менен биргеликте изилденип жатат. Биздин негизги максат — Кыргызстандын аймагындагы илбирстердин санын аныктоо", — деди Асыкулов.
"Сүрмө-Таш" мамлекеттик коругу Аңчылык союзунун базасында 2009-жылы түзүлгөн. Анын аянты — 66 194 гектар.
"Саркент" мамлекеттик коругу 2009-жылы түзүлгөн. Анын аянты — 40 миң гектар.