БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Душанбе шаарында ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин, коргоо министрлер кеңешинин жана коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин биргелешкен жыйыны болду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүДушанбе шаарында ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин, коргоо министрлер кеңешинин жана коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин биргелешкен жыйыны болду
Душанбе шаарында ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин, коргоо министрлер кеңешинин жана коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин биргелешкен жыйыны болду
© Фото / Пресс-служба МИД РФ
/ Жыйынга тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов катышты.
"Жамааттык коопсуздуктун коркунуч жана чакырыктарына, анын ичинде Афганистандагы кырдаалды да эске алып, биргелешип реакция кылуу чараларын талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.
Андан сырткары, уюмдун өнүгүүсүнө жана ЖККУ алкагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлган.
2021-2022-жылы ЖККУга төрагалык кылуу Арменияга өтмөкчү.